Киргизско-русский словарь Юдахина
бер I
см. бери I.
бер II
то же, что пери;
бер кызындай мелтиреп фольк. красуясь, как пери.
бер- III
1. в разн. знач. давать; отдавать, передавать;
маа бер дай мне;
эч кимге бербе никому не давай;
экзамен бер- сдавать экзамен;
жети жыл берди осудили на семь лет; разг. дали семь лет;
2. вспомогательный глагол с деепричастие прош. вр. основного глагола:
1) указывает, что действие совершается по поручению другого лица или для другого лица, что результат действия направлен не на действующее лицо, а на другое лицо;
тиги китепти маа алып бер подай мне ту книгу;
уулуңа тон алып бер купи для своего сына шубу;
катын алып бер- женить;
мына бу катты окуп бер прочитай-ка (для другого) вот это письмо;
кыдып бер- сделать что-л. (для другого);
утуп бер- выиграть (для другого);
сатып бер- продать что-л. по чьему-л. поручению (и деньги отдать хозяину вещи);
суроосуна түшүнө бербей всё ещё продолжая не понимать вопроса;
2) придаёт действию оттенок решительности, категоричности;
мен айткан жакка барып бер фольк. отправляйся туда, куда я сказал;
деген сөзгө көнүп бер фольк. согласись с тем, что он скажет;
качып жүрүп берди он пустился удирать;
чалдын сунушуна көнүп берди с предложением старика он полностью согласился;
мына мен да келип бердим вот и я прибыл (сам собственной персоной);
өзүң калактай саныңды араң алып жүргөн абышка болсоң, басмачы өзү келип берсе да, колуңдан эмне келер эле? что можешь сделать ты, старик, едва таскающий свои сухопарые ляжки, если бы басмачи сами пришли (и сказали бы: "вот мы, бери нас") ?
экөө биринен бири ашык же кем чыкса, мен сөзсүз жеңилип берейин если один из двух окажется больше или меньше, я признаю себя полностью побеждённым;
тушуп бер слезь, спустись вниз;
алар "өлүп бер!" дейт, - өлүп келдик, "тирилип бер!" дейт,- тирилип бердик мы безоговорочно согласились делать всё, что они прикажут (букв. говорят "умри!" - вот мы уже умерли, говорят "воскресни!" - вот мы уже воскресли);
3. вспомогательный глагол с деепричастие наст. вр. основного глагола - указывает на то, что действие совершается как бы вне зависимости от обстоятельств или повторно;
ала бер бери, не обращая внимания;
бере берет дейсиңби? ты думаешь, он без конца давать будет?
айта бер говори, говори; продолжай говорить;
айта берсе сөзү көп фольк. если говорить и говорить, то о нём слов много (можно сказать);
күндөн күнгө арыктай берди он худел с каждым днём;
кире бер входи, входи;
силер эмес, менин да акылым көп жете бербейт не только вы, но даже и мой ум не всегда постигает (это);
тигинин бул суроосуна түшүнө бербей продолжая не понимать этот его вопрос;
короону имериле бергенибизде когда мы объезжали двор (минуя его);
үй айлана бергенче пока обойдёшь вокруг дома;
4. в отриц. форме с предшеств. вин. п. заполнить, вытеснить всё остальное; сплошь заполнить; не оставить места для чего-л. другого;
жайкалат ак сакалы төшүн бербей белая борода лопатой закрыла всю его грудь;
сонун гүлдөр тим эле бетти бербей жайнайт роскошные цветы красиво покрыли весь склон горы;
бул - жердин бетин бербеген кайсы байдын малы эле фольк. какого бая этот скот, заполнивший (собою) здесь всё сплошь?
Абдылданын үйүнүн ичи-тышын бербеген эл народу полно и внутри дома Абдылды, и снаружи;
кала берсе и даже хуже; и это бы ещё ничего, но...; и даже больше, а если и этого мало...; и того более (букв. а если будет оставаться);
өз билгенин бербеген неуступчивый, упрямый, не поддающийся уговорам;
сенин колуңа өлуп беребейинби см. эл- II;
жете бербейт см. жет-;
салам бер- см. салам.
бер- IV
(ср. тат., башк. бэр) ударить; наддать, стукнуть;
айдалынын бетине, Табылды найза берди эми фольк. в его лопатку богатырь Табылды с силой вонзил копьё;
берип-берип калды он стукнул (сильно ударил) раз-два (ср. берин-).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бирөөгө тапшыруу, колдон өткөрүү, бирөөнүн колуна тийгизүү. Абылбек колундагы книжкасын учётчик келинге берди (Жантөшев).
  1. 2.                  өт. Чабуу, уруу. Тагай.. Алымкулду өрмө камчы менен жонго берип калды (Абдукаримов).
  2. 3.                  Көмөкчү этиштин милдетин аткарат. ..Кайта-кайта бара берди. Күндөн-күнгө өркүндөй берди. Окуй бер. Билгенин айта берет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир колдон экинчи колго өткөрүү, кол менен узатуу. Абылбек колундагы книжкасын учетчик келинге берди (Жантөшев). || Сунуу. Амансызбы баатыр деп, Акмамат колун берди дейт («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Колмо-кол сунуш кылуу, астына коюу, камсыз кылуу, алдына тартуу, ичкенге-жегенге ж. б. мүмкүндүк ачуу. Түш болсо берет кымыран (Барпы). 3. Башканын карамагына, пайдалануусуна өткөрүү, экинчи бир тарапка ыйгаруу. Убада, шертиң кыла бер, Калыңсыз берем кызымды («Олжобай менен Кишимжан»). || Пайдаланууга уруксат кылуу Буудайы жакшы келинге өзөндөн эки кулак суу берем (Осмонов). || Жиберүү, өткөрүү. Машинага газ берип, Төшүн кагып койду да (Токомбаев). Бакчага суу берейин,– деп Бурма болбой койгон (Сыдыкбеков). // Жиберүү, жөнөтүү. Эмне үчүн чыгарда Телеграмма бербедиң (Маликов). 4. Уюштуруу, өткөрүү. Сыйнатын кылып балдары Кара ашын берип көөмптүр («Мендирман»). Кыргыз, казак көп экен Анда да концерт бергемин (Шүкүрбеков). Саатка ченеп сабагын берет (Тоголок Молдо). 5. Суроо коюуга, жооп кайтарууга, бир нерсе деп айтууга, билдирүүгө кандайдыр бир аракет жасоого мүмкүнчүлүк алуу, мүмкүндүк болуу. Баштагы суроосун Зарылга берди (Сыдыкбеков). Акылыңды жыйнап шашпай, жакшылап жооп бер (Жантөшев). Өтүп кете берсин дегендей кылып, жолдошторума ишарат бердим (Жантөшев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). Эшендин элден алганын Баа берип ырдадым (Токтогул). 6. Чабуу, коюп калуу, уруп жиберүү. Тагай Алымкулду өрмө камчы менен жонго берип калды (Абдукаримов). 7. Атооч сөздөр менен айкалышып, жардамчы этиштик милдетти аткарганда ал атооч сөздүн маанисин этиштик мааниге өткөрөт. Ал багынын арасынан үн берди (Токомбаев). 8. Жардамчы этиш катарында колдонулат. Күн кыскара берди (Убукеев). Сүйлөшсөңөр, чакырып берем (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Берем дегенин бербей создуктурган, күттүрө берип тажатып жиберген абалга карата айтылат. Бербестин ашы бышпас кылып, сиз анча тайсалдабаңыз («Чалкан»). Мурат ичинен «Бербестин ашы бышпас» деди да оор үшкүрдү (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Берем дегенин бербей создуктурган, күттүрө берип тажатып жиберген абалга карата айтылат. Бербестин ашы бышпас кылып, сиз анча тайсалдабаңыз («Чалкан»). Мурат ичинен «Бербестин ашы бышпас» деди да оор үшкүрдү (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: алгы-берги взаимный обмен подарками;
алгы-бергиге мыкты умеющий взять у другого, но и не скупящийся на отдачу;
алгы-берги бүттү расчёт окончен, (мы) в расчёте (ни с той, ни с другой стороны претензий нет).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БЕРДИБАЕВ Рахманкул (1927, Түш. Казакстан облусунун, Түркстан району, Ихон айылы) — адабият таануучу, фольклорчу, филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү, Казакстандын илимине Эмгек сиңирген ишмер, Казакстан Улуттук Илимдер акдемиясынын М. Ошондой Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун фольклор бөлүмүнүн башчысы. Б. чыгармачылык жолунда казак жана боордош элдердин адабияттарынын ар салаасын камтыган миңден ашык макала, жыйырмадан ашык китеп жазган. Фольклорчу катарында казак эпосу, ырчылык өнөр жөнүндө бир нече эмгектери бар. Айрыкча, «Казак эпосу» деген монографиясында көөнө баатырдык, ашыктык жана нагыз тарыхый эпостордун жанрдык орток окшоштуктары менен өзгөчөлүктөрү, алардын стадиалдык өнүгүшү изилденип, казак эпостору менен түрк-моңгол калктарынын (кыргыз, башкырт, бурят жана башкалар) эпикалык чыгармалары тарыхый-типологиялык планда салыштырылган. Монографияда «Манас» менен казактардын баатырдык «Кабыланды баатыр», «Алпамыш» эпосторун тарыхый-типологиялык планда салыштырууга кыйла көңүл бөлүнгөн. «М. Ауэзов — «Манас» изилдөөчү» (1987), «Ч. Валиханов жана кыргыз фольклору» (1989) аттуу эмгектердин автору. В. 1988-ж. Фрунзеде өткөн «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук симпозиумга активдүү катышып, «Манас» жана казактын эпикалык традициясы» деген темада доклад жасаган. Б. докладында кыргыз жана казак элдеринин эпикалык салттарынын окшош, жакын белгилеринин бир катар себептерин жана шарттарын ачып көрсөтөт.
Р. Сарыпбеков

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БЕРДИБАЙ — Эпизоддук кейипкер. Жакып Атемир менен кудалашып келгенден кийин, кудага кайра кантип баруу жөнүндө жакындарын чогултуп, кеңеш курган жыйынга келген аксакалдардын катарында аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 383).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БЕРДИКЕ — кейипкер, Жакыптын айылдашы, кеңешчиси. Алтайдагы окуялардан баштап, Манас Каныкейге үйлөнгөнгө чейинки эл чогулган жыйындарга, кеңешүүлөргө катышат. Көбүнчө Акбалта менен катар айтылып («Акбалта менен Бердике, Ак сакалдар барышты», Сагымбай Орозбаков, 2. 435), керек жерде кебин эл уккан нарктуу, насааттуу кары.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бер- III
заставить дать;
жолдошу "алам" дегенин бердирбей, башкага берген элем я ему не позволил отдать то, что хотел взять его товарищ, и отдал другому;
коё бердир- заставить отпустить;
кызматына миң арды тартуусуна бердирген фольк. за услугу он велел преподнести ему тысячу одногорбых верблюдов.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бердир-;
башка уруулар эмне берсе, туугандарыңа ошону бердиртесиң ты должен заставить своих родичей дать то же, что дадут другие роды;
Кебектин карындашын калыңсыз бердирткен они заставили выдать замуж без калыма младшую сестру Кебека;
тилдеп коё бердиртти он поругал и велел отпустить;
коё бердирткеним ырас да, я велел отпустить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакын аралыктагы нерсени көрсөтүү же бир нерсеге карата шилтегендикти билдирүү үчүн колдонулат. Береги кайкы белеске Басып чыктым жай алып («Эр Табылды»). Береги үйдөн чырак бүлбүлдөйт (Байтемиров).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
абайлаган, абай кылган, этияттуу, кылдат, ыкыластуу;
бережное обращение с приборами приборлорду этияттык менен урунуу;
бережное отношение к людям кишилерге кылдаттык менен мамиле кылуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
успех, удача; благодать;
аракет кылса, береке болот погов. будешь действовать - удача будет;
аракети көп, берекеси жок погов. старания много, а успеха нет; хлопот много, толку мало;
колунун берекеси жок у него рука несчастливая;
конок бар жерде береке бар где гость, там и благодать (приглашение случайно прибывшему пожаловать в качестве гостя);
ишиңерге береке, азаматтар! успех делу, молодцы! (пожелание работающим);
береке толсун! успех вашему делу!, да будет благодать полная! (приветствие работающим);
береке силер менен толсун! да будет благодать общая с вами!; желаем и вам того же! (ответное пожелание);
берекем счастье моё, радость моя (ласковое обращение - чаще к ребёнку, но в шутку так может назвать и старик свою старуху);
кудай өмүрүңөргө береке берсин! дай бог вам всякого добра!;
берекеси менен ал- получить что-л. с лихвой, с избытком;
иштин берекесин качырды он испортил дело;
береке тап!
1) спасибо тебе!;
2) придись ко двору! (фраза, завершающая сделку при купле-продаже);
береке тапкыр! желаю тебе всякого добра!;
ошондой кылчы, береке тапкырым! сделай так, моя радость!;
береке таппагыр! чтоб тебе не видать добра!;
алдым, саттым - береке! фольк. купил, продал - пользуйся! (дело сделано, спорить не будем);
кызылга береке! см. кызыл 6.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Молчулук, көпчүлук, арбындык. Жемишти жер бетине сепкен эмгек, Гүлдөтүп берекесин төккөн эмгек (Бөкөнбаев).
Береке табуу — бактылуу болуу, бай болуу, турмушу жакшы болуу. Канчалык чыдамкай болсоң, ошончолук береке табасың (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Молчулук, жетиштүүлүк, кенендик, кеңчилик. Буурусун менен эккен дыйканчылыкта эмненин берекеси (Убукеев). Кең береке – адамга айран, каймак, Мал береке – тоо-тоодо жаткан жайнап (Шүкүрбеков). Чаначтын берекеси – булуңунда (Сыдыкбеков). || Жакшылык, ийгиликтүү натыйжа Бейлин салып иштесе, Берекеси мына ушу (Тоголок Молдо). Бул сыяктуу адал кызматыңдан береке табарсың (Жантөшев). 2. Таандык м. менен: берекем. Көңүл сезимин, жакшы көргөндүгүн билдирүүдө, эркелеткенде колдонулат. Берекем, медерим, каралдым! – деп Апал жалынып-жалбара берди (Убукеев). Сакадай болгон берекем, Садагаң кетсин энекең (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
благодатный (о том, что приносит пользу, даёт жизненные блага и т.п.);
берекелүү тамак питательная пища;
берекелүү мал выгодный скот (плодовитый и т.п.);
унаа чалдырарлык берекелүү жер место, удобное для того, чтобы попасти коней.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШБОЙЛУУЛУК – бойго бүтүү жана түйүлдүктүн өсүшүнө байланышкан физиологиялык жүрүм. Укуктун айрым тармактарында К. белгилүү юридикалык натыйжаларга алып келет. Кылмыш-жаза укугунда К. айыптууну жазалоодо жеңилдетүүчү жагдайлардын бири, ошондой эле анын камалуусун кийинкиге калтырууга негиз боло алат. КР эмгек укугунда К. биркатар кошумча укуктарды, жеңилдиктерди, кепилдиктерди ж. б. берет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. охот. один из лучших видов беркута;
мурду берендин тумшугундай болуп, тиши жок оозуна карай имерилип турат его нос, как клюв беркута, загибается в сторону беззубого рта;
канаттарын жая алыска чабыттаган берендей подобно беркуту, который, расправив крылья, летит на дальнюю добычу;
2. сильный, могучий; богатырь, герой, молодец (служащий опорой);
тарынбагын, жигиттер, баатыр Байыш беренге фольк. не обижайтесь, джигиты, на храбреца Байыша-батыра;
берип берен болгуча, бербей сараң бол погов. чем давать и слыть молодцом (добряком), лучше не давай и слыви скупцом; скупость - не глупость;
жылкы - берен, жылкыны баккан - эрен погов. кони - (это) опора, молодец (тот), кто их разводит;
оюңа алгын, жедигер, Канчоро сенин берениң фольк. ты подумай, (род) джедигер, (ведь) Канчоро - твоя опора;
береним так часто вдова называет покойного мужа, оплакивая его (иногда говорится и о богатырше);
береним энем Каныкей фольк. моя доблестная матушка Каныкей;
берен калсын! пропади он пропадом!; стоит ли жалеть!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Баатыр, каарман, кайраттуу, күчтүү. Бул жеңиште таанылышат берендер, Жеңиштерге жетпей калсын ченемдер (Аалы). Берен Манас кылычты Белине бекем чалыптыр («Манас»).
2. Акылман, даанышман. Баатыр Ленин берендин Баштап кеткен жолунда (Калык).
Берен калсын — куруп калсын, оңбосун деген мааниде. Берен калсын Бээжиниң, Бакалчысы бу болсо, Башка адамы н.е болот («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алгыр, кыраан бүркүттүн бир түрү. Мүнүшкөр таптан айныса, Мурунтан алгыр жаш берен, Далбага келбейт үндөсө (Бөкөнбаев). 2. Баатыр, эр, каарман. Берен Манас кылычты, Белине бекем чалыптыр («Манас»). Беш берендин ичинен Семетей баатыр кеп айтат («Сейтек»). 3. Акылман, кыраакы. Берен катын Кенжеке, Сырттанына ошондо, Берген экен аманат («Эр Төштүк»). 4. Кээде какшык түрүндө уятсыз, ар нерсеге суктук, бетсиздик менен кол суна берген кишиге карата колдонулат. Берениң кошо сойдуруп («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Домбура, гитар ж. б. ушуга окшогон музыкалык аспапта күүнү, обонду мукамга келтире турган муунактар. Тилиңдин басып көрүп беренесин, Таңдайын кубулжутуп сайрап берсин (Токомбаев). 2. Өлчөмдүү баскыч. Басар жолдун жазынан күзү жакын, Буурул тартып баратат кара чачым. Беренесин өмүрдүн санай берем (Байзаков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. муз. имеющий лады, снабжённый ладами;
тогуз беренелүү с девятью ладами;
2. перен. прекрасный, чудесный;
"беренелүү Каркыра - бек жакшы жайлоо" деп угуп фольк. услыхав, что прекрасная Каркара - очень хорошее летнее пастбище.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(в эпосе)
1. название материи;
беренжиден көйнөгүн белине ороп таңды эми фольк. своё платье из беренжи она обвила вокруг талии и завязала;
2. одеяние типа белдемчи (см.);
беренжи кийген этиме беш тырмак тагын салдырба фольк. не оставляй следов пяти ногтей на моём теле, одетом в беренжи;
беренжи салын- или беренжи байлан- повязать на себя беренжи;
беренжисин салынып, берени келет канча жан фольк. много едет (сюда) его богатырей, повязав на себя беренжи (как боевое одеяние).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сабы асыл таш менен кооздолгон кылыч. Беренжисин байланып, Бектер минчү ат экен (Манас). Беренжисин байланып, Берени келет канча жан («Манас»). 2. Жибектин бир түрү. Беренжиден көйнөгүн, Белине ороп таңды эми (Эл ыры). Беренжисин салынып, Берени келет аркадан (Манас). Беренжи кийген кандарга («Семетей» С. К.). Берметти ала турган болгон соң беренжиден беш кабат, атилестен алты кабат калың төшөк салган менен таң жакында атпай турат («Эл адабияты»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. что (сохранять) сактоо;
беречь народное добро элдик мүлктү сактоо;
2. что (не разглашать) сак болуу, айтпоо, жашыруу;
беречь тайну сыр сактоо, сыр алдырбоо;
3. что (экономить) үнөмдөө;
беречь каждую копейку ар бир тыйынды үнөмдөө;
4. кого-что (охранять, оберегать) коргоо, коруу, сактоо, коргоп калуу, сактап калуу;
беречь как зеницу ока көздүн карегиндей сактоо;
беречь ребёнка от простуды баланы суук тийүүдөн коргоо (сактоо);
5. кого-что (щадить) аёо, сактоо, кызгануу;
беречь здоровье ден соолукту сактоо;
беречь силы күчтү аёо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. кого-чего и с неопр.
сактануу, сак болуу, абайлоо, коргонуу, коргонуп аман калуу, сактанып аман калуу;
беречься простуды суук тийүүдөн сактануу;
берегитесь пить сырую воду кайнабаган сууну ичүүдөн сактангыла;
берегись! сак бол!, абайла!

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Колу ачык, март» маанисиндеги берешен сөзү бер этишинен келип чыкканы оңой баамдалат, бирок анын -ешен мүчөсү этиштен сын атоочу мүчө катары башка сөздөрдө кезикпейт. Бул мүчө оорукчан, ысыкчан, суукчан деген сыяктуу учурда айтылган «өнөкөтү бар» деген маани билдирген -чан мүчөсүнүн өзгөрүп кеткен түрү болушу мүмкүн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бери I
1. (в произношении часто бер) по эту сторону, сюда ближе (к говорящему);
базардан бери по эту сторону рынка, ближе рынка;
бери кел иди сюда;
бери тур стань сюда ближе;
бержакта (бер жакта, бери жакта) на этой стороне, по эту сторону;
бержактан (бер жактан, бери жактан) с этой стороны; отсюда;
бержак (к) а (бер жакка, бери жакка) сюда, в эту сторону (в сторону говорящего);
эки жылдан бержакка биле албадым бир белги фольк. вот уже два года, как я не получаю (о нём) никаких вестей (букв. ни одного признака);
качандан бери с каких пор;
көптөн бери с давних пор;
берирээк поближе сюда;
берирээк кел подойди сюда поближе;
бери бол- подвинуться, подойти сюда поближе;
бери кыл- подвинуть сюда ближе;
чооруңду бери кылчы! дай-ка (мне; сюда твою дудку);
2. с предшеств. исх. п. всё сплошь; совсем; всё, начиная с...; всё, вплоть до...;
көзүңдөн бери топуракка батырыптырсың ты весь до самых глаз в пыли;
балдардын оюнчуктарынан бери алып кетиптир он унёс всё, вплоть до детских игрушек;
же ары эмес, же бери эмес ни туда ни сюда; ни нашим ни вашим;
бери болгондо или бери алганда самое меньшее;
бери болгондо - элүү сом самое меньшее - пятьдесят рублей;
эң эле бери болгондо или эң бери алганда уж самое меньшее, уж на худой конец;
бери бак- см. бак- IV;
бери алды см. алд 1.
бери II
сев.
то же, что пери.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I такт. Берки тарапта, жакын, нары эмес. Алда кайдан Ала-Тоо Мойнун. бери созгонсуйт («Мендирман»). Бери кел. Бери бас.
БЕРИ II жанд. Белгилүү убакыттан кийин, сон. Кечетен бери күн көнөктөп жаап, бүгүн түш оой гана басылды (Баялинов). Үч жылдан бери.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Берки тарап, белгилүү бир чектин берки жагы. Канатка салып көтөрүп, Бери карай чыгарда («Эр Төштүк»). || Берки тарапты карай, сүйлөп жаткан тарапка жакын. О, бери бас, мына муну карачы (Токомбаев). Чыгып кел, бери (Сыдыкбеков). Мамыр койлорун үйүнүн жанындагы боорго таштап, бери чү койгон (Байтемиров). 2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен атоочтуктарды жандап, белгилүү бир мезгилден кийинки учурду билдирет. Кырк жылдан бери кыраан куш Терекке уя салыптыр («Эр Төштүк»). Боорун жерден алып, эмгектей баштагандан бери нечен ирет суунун боюнда сайран курган (Байтемиров). || Мейкиндик маанидеги зат атоочтор менен айкалышып, орунду билдирет. Шаардан бери үч чакырым. // Зат атоочтор менен айкашканда мейкиндик, мезгилдик маанидеги эмес, буткүл, бүт бардыгы дегенди билдирет. Кыздын колундагы камчысынан бери жаркыраган оймо-чийме менен кооздолгон (Каимов). || Белгилүү бир чектөөнү, чекти билдирет. Арысы жети, бериси беш жигит жолдошум болсун (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сакаюу, оорудан баш көтөрүү, айыгуу. Оору алсыратып, дароо көз жанары өчүп кетти, кемпир эми бери карабасын билди («Ала-Тоо»). В.: Бери багуу. Сестралар өз ара сүйлөшкөндө, ... оорусу уларып кетти, бери багар эмес, – дешет (Жусупов). Мырза-Чөлгө келгенде Кочкорбай ажынын оорусу күчөп, бери бакпай турган болду (Токомбаев).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Beryciformes) берикс түспөлдүүлөр; тикен канаттуу балыктардын бир түркүмү, буларга бериксовидные (Berycoidei) — берикс сыяктуулар түркүмчөсү, бериксовые (Berycidae) — берикс сымалдуулар тукуму, бериксы (Вегух) — берикстер уруусу жана кыйла түрлөр: берикс Альфонсо (Вегух decadactylus) — он манжалуу берикс, б. красный (Trachichthodes gerrardi) — кызыл берикс, б. обыкновенный (Вегух splendidus) — кадимки берикс ж. б. кирет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.- страд. от бер- III;
1. даваться, выдаваться;
бүгүн акча берилеби? сегодня деньги (зарплата и т.п.) будут выдаваться?
2. сдаваться, поддаваться;
3. быть преданным кому-чему-л.;
жан-дили менен берилген преданный всей душой.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бер этишинин туюк мамилеси. Сөз кезеги Сарыга берилди (Убукеев). 2. Ынтаасын, көңүлүн коюу, жан-дили менен көңүлдөнүү, жакшы көрүү. Жадабай ишке берилген Жаш күнүңдөн балбансың (Токтогул). Ким берилип сүйбөсүн, Көтөрүп баккан энени (Бөкөнбаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
берилиштер (комп.)
берилиштер базасын
башкаруу (комп.)
берилиштер базасына
жетүү (комп.)
берилиштер базасынын
түзүлүштөрү (комп.)
берилиштер сөздүгү
(комп.)
берилиштерди жазуу
(комп.)
берилиштерди кысуу
(комп.)
берилиштерди тейлөө
(комп.)
берилиштердин коопсуздугу (комп.)
берилиштердин тактыгы (комп.)

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Берилиштер илими (дата илими) - чоң берилиштер топтомдорунан билим өндүрүүгө жана андан алган билимдерин жана түшүнүктөрдү маселе чечүүгө колдонууга багытталган илимдин орток тармагы.  Кененирээк мындан окуңуз!

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
Data Execution Prevention (noun)
A security feature that monitors programs on a computer to determine if they use system memory safely. To do this, DEP software works alone or with compatible microprocessors to mark some memory locations as "non-executable." If a program tries to run code that is malicious or is not from a protected location, DEP closes the program and notifies you.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
data record (noun)
A data structure that is a collection of fields (elements), each with its own name and type. Unlike an array, whose elements all represent the same type of information and are accessed using an index, the elements of a record represent different types of information and are accessed by name. A record can be accessed as a collective unit of elements, or the elements can be accessed individually.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от берил-;
ишке берилүү отдаться делу, целиком уйти в работу;
2. радио (неправ. см. берүү 2) передача;
Москвадан берилүү передача из Москвы;
радио берилүүлөрдүн программасы программа радиопередач.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от бер- IV
(только в сочет. с урун-; ср. тат., башк. бэр):
урунуп-беринип необдуманно действуя, без разбора хватаясь за всё;
көрүнгөн жерге урунуп-берине бербе ты не хватайся за всё, что попало;
урунуп-беринбей артыңды байкап жүр ты не хватайся за всё, а думай о последствиях.

Киргизско-русский словарь Юдахина
бериш I
и. д. от бер- III
дача, отдача;
алыш-бериш см. алыш III.
бериш- II
взаимн. от бер- III
1. совместно давать, совместно отдавать;
2. поддаваться, сдаваться;
беришпеске тырыш старайся не поддаваться;
3. в роли вспомогательного глагола:
өз эркине коё беришти предоставили ему свободу действий.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. бер этишинин кош мамилеси. Эсилден калган бала деп, Сунуп колун беришип («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Бир аз берүү, бөлүп берүү, берип туруу, кайрылышуу, көмөктөшүү. Олжоңдон бериш. Акча беришип тур. Тигил кишиге ушул арадан орун беришсек кантет (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
ангел;
алтын көрсө, бериште да жолдон чыгат погов. при виде золота и ангел с пути сбивается;
бериштеси жок киши человек, не пользующийся авторитетом, уважением;
бериштеси качкан он уронил свой авторитет, он потерял уважение (окружающих).

Киргизско-русский словарь Юдахина
разг.
авторитетный, уважаемый;
бериштелүү киши человек авторитетный, влиятельный (не по своему положению, а по личным качествам);
ушул айылдын бериштелүүсү эле сен элең в этом ауле ты был самым уважаемым.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бу(л) деген шилтеме ат атоочто келген бу уңгусу мен дегендеги ме, биз дегендеги би деген уңгулар менен биригип, бир эле уңгунун ар түрдүү варианттарын түзөт. Мындагы бе деген уңгуга -ры деген багытты билдирген мүчө жалганган. Ага -ки мүчөсү уланганда и тыбышы түшүп, берики болбостон, берки деген түргө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бери жактагы, бери тараптагы жагы. Берки үчөө кобурашып жатып бир топтон кийин, уктап калышты (Байтемиров). Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). 2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен айкалышып, мезгилди билдирет. Бул биздин көптөн берки жашыруун сырыбыз эле (Элебаев). Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда (Элебаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БЕРКОВ Павел Наумович (1896, Белгород-Днестровский —1969)— орус совет адабиятчысы, СССР ИА корреспондент мүчөсү (1960). Ал 18-,19-,20-кылымдагы орус адабияты, анын чет элдер адабияттары менен байланыштары, театр, журналистика, китеп таануу, библиография, адабият таануунун техникасы менен методикасы боюнча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин адабияттарын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. «Манас» эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и «Манас»" деген макала жазып «Манас» эпосун түрк тилдүү башка элдердин эпостору, атап айтканда, Орто Азия менен Казакстанда кеңири тараган «Алпамыш» жана алтайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары менен салыштырып караган. К. Сагидова менен бирдикте «Манас» эпосу жөнүндөгү адабияттар боюнча жети жүздөн ашуун наамдан турган библиографиялык көрсөткүчтү түзүшкөн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(ср. мербет)
перламутр, жемчуг, бисер;
жүгүн чечип караса, зумурут, көөр таш экен, жубар бермет кошо экен фольк. когда развязал он вьюк и посмотрел, (там оказались) изумруды, перлы и чистый перламутр;
жасалма бермет искусственный жемчуг;
суу бермет поддельный жёмчуг;
чыныгы бермет мелкий жемчуг;
уй бермет крупный жемчуг;
төө бермет самый крупный жемчуг;
бермет сөзү чачылды фольк. рассыпался бисер слов (говорилось красиво и мудро).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Шуру, бермет, аралаш, Тагындың мончок чачыңа» («Эр Табылды»), Зергерчиликтин жердиги, дүр, мончок, асыл таш. Кыз-келиндердин асем буюмдарына: желбирөөч, бойтумар, чолпу, күбөк, чачкап, чачпапик өңдүүлөргө тизилүүчү, кийим-кечектерине бастырылуучу, моюнга тагылуучу жана башкаларга колдонулган. Бермет таза, нарктуу нускаларды жаратууда пайдалануучу кымбат баалуу мончок, асыл таш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу түбүндө, үлүлдүн кабыгынын ичинде жетилүүчү кымбат баалуу зат. Жакут, бермет аралаш («Манас» С. К.). Зумурут, бермет, көөкардан («Манас» С. О.). || Ушул заттан жасалган түрдүү кооз нерсе, жасалга. Чачына кызыл акак, шуру, ак бермет жана седеп тагынган (Жантөшев). Шуру, бермет аралаш Тагындым мончок чачыма («Эр Табылды»). 2. Аңдын жүнүндөгү жылтылдаган учку жүнү. 3. өт. Кооз, мөлтүр, тунук. Көзүңдөн тамчылата мөлтүр жашың (Барпы).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БЕРНШТАМ Александр Натанович (1910— 1956)— советтик көрүнүктүү тарыхчы, археолог жана этнограф. «Манас» эпосун тарыхый жактан изилдөөчү. Тарых илимдеринин доктору (1942), Ленинград мамлекеттик университетинин профессору (1946—52). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1945).


1940-жылдан КПССтин мүчөсү. 1931-ж. Ленинград мамлекеттик университетинин география факультетиндеги этнография бөлүмүн бүтүргөн. Мамлекеттик Ленинград материалдык маданият тарыхы академиясынын (кийинчерэзк СССР ИА материалдык маданият тарыхы институту) кенже илимий кызматкери жана аспиранты 1931—34). Андан кийин өмүрүнүн аягына чейин ошол эле институтта улук илимий кызматкер. Б. 250дөн ашык эмгектин автору. Ал «Манас» эпосуна байланыштуу 20дан ашык илимий жана илимий-популярдуу эмгектерди, макалаларды жазган. Алардын көпчүлүгү 1940— 50-ж. «Советтик Кыргызстан», «Советская Киргизия», «Вечерний Ленинград» жана башкалар газетажурналдарга жарыяланган. Атайын «Манас» эпосуна арналган илимий макалаларынын арасынан көрүнүктүүлөрү (««Манас эпосунун жаралыш доору», "«Манас» деген аттын чыгышына карата») Б. дүйнөдөн кайткандан кийин жарык көргөн. Б. илимий эмгектеринде эпостогу маалыматтарды кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы жана археологиясы менен тыгыз байланыштырып караган. Б-дын манас таанууга кошкон негизги салымы эпосто баяндалган окуялардын көпчүлүгүн, андагы жер-суу, адам аттарын жана башкалар маалыматтарды тарыхый окуялар менен байланыштырып изилдегенинде. Б. «Байыркы Кыргызстандын маданияты» (1942), «Кыргыз элинин тарыхый турмушу» (1942), «Кыргыз элинин улуу мурасы» (1945) жана башкалар эмгектеринде 9-кылымга таандык кыргыздардын таштагы жазуусундагы Яглакаркан деген сөздү кыргыздын ханынын аты, ошол «Манас» эпосундагы Манастын прототиби деп караган. Б-дын бул көз карашы С, Е. Малов, В. М. Жирмунский жана башкалар айрым окумуштуулар тарабынан сынга алынган. Ошого карабастан «Манас» эпосун тарыхый-этнографиялык жактан тереңирээк изилдеп көргөндө Б-дын кээ бир гипотезалары жана ойлору акылга сыярлык. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.
И. Молдобаев

Киргизско-русский словарь Юдахина
(в эпосе) род сумчатого животного;
берсе деген бир жан бар, курсагынан бөжөндөп чыгып турат баласы фольк. есть животное, называемое берсе, из сумки на брюхе его высовывается крохотный детёныш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. вывих;
2. этн. при знахарском способе лечения вывиха или перелома, гл. обр. позвоночника, женщина обходит сорок юрт или около этого и просит съестного, не показываясь, а только протягивая сузгу (см.), из собранного готовят больному пищу;
бертик сурап келиптир она пришла просить бертик;
бертик сурап, тамак кылып берет выпросив бертик, готовит пищу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бели мертингендик, белин кокустатып алгандык. Ошого көз арткыдай менин жаным жартык, белим бертик эмес (Касымбеков). 2. Бертинген адамга үй-үйдөн сурап келип, ырым катарында жасалып берилүүчү тамак. Бертик сурап келип тамак жасап берди.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от бер- III;
2. (чаще мн. берүүлөр) радио передача;
берүүлөрдүн программасын угуңуздар слушайте программу передач;
саат тогузда Москвадан берүүлөр в девять часов передача из Москвы;
азыр берүүбүздү баштайбыз начинаем нашу передачу;
телевизордон берүүлөр передачи по телевизору;
концерт берүүбүздү бүттүк передача концерта окончена.