БЕРКИ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБу(л) деген шилтеме ат атоочто келген бу уңгусу мен дегендеги ме, биз дегендеги би деген уңгулар менен биригип, бир эле уңгунун ар түрдүү варианттарын түзөт. Мындагы бе деген уңгуга -ры деген багытты билдирген мүчө жалганган. Ага -ки мүчөсү уланганда и тыбышы түшүп, берики болбостон, берки деген түргө келген.