КОШБОЙЛУУЛУК – бойго бүтүү жана түйүлдүктүн өсүшүнө байланышкан физиологиялык жүрүм. Укуктун айрым тармактарында К. белгилүү юридикалык натыйжаларга алып келет. Кылмыш-жаза укугунда К. айыптууну жазалоодо жеңилдетүүчү жагдайлардын бири, ошондой эле анын камалуусун кийинкиге калтырууга негиз боло алат. КР эмгек укугунда К. биркатар кошумча укуктарды, жеңилдиктерди, кепилдиктерди ж. б. берет.