Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу түбүндө, үлүлдүн кабыгынын ичинде жетилүүчү кымбат баалуу зат. Жакут, бермет аралаш («Манас» С. К.). Зумурут, бермет, көөкардан («Манас» С. О.). || Ушул заттан жасалган түрдүү кооз нерсе, жасалга. Чачына кызыл акак, шуру, ак бермет жана седеп тагынган (Жантөшев). Шуру, бермет аралаш Тагындым мончок чачыма («Эр Табылды»). 2. Аңдын жүнүндөгү жылтылдаган учку жүнү. 3. өт. Кооз, мөлтүр, тунук. Көзүңдөн тамчылата мөлтүр жашың (Барпы).