Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(ср. мербет)
перламутр, жемчуг, бисер;
жүгүн чечип караса, зумурут, көөр таш экен, жубар бермет кошо экен фольк. когда развязал он вьюк и посмотрел, (там оказались) изумруды, перлы и чистый перламутр;
жасалма бермет искусственный жемчуг;
суу бермет поддельный жёмчуг;
чыныгы бермет мелкий жемчуг;
уй бермет крупный жемчуг;
төө бермет самый крупный жемчуг;
бермет сөзү чачылды фольк. рассыпался бисер слов (говорилось красиво и мудро).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Шуру, бермет, аралаш, Тагындың мончок чачыңа» («Эр Табылды»), Зергерчиликтин жердиги, дүр, мончок, асыл таш. Кыз-келиндердин асем буюмдарына: желбирөөч, бойтумар, чолпу, күбөк, чачкап, чачпапик өңдүүлөргө тизилүүчү, кийим-кечектерине бастырылуучу, моюнга тагылуучу жана башкаларга колдонулган. Бермет таза, нарктуу нускаларды жаратууда пайдалануучу кымбат баалуу мончок, асыл таш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу түбүндө, үлүлдүн кабыгынын ичинде жетилүүчү кымбат баалуу зат. Жакут, бермет аралаш («Манас» С. К.). Зумурут, бермет, көөкардан («Манас» С. О.). || Ушул заттан жасалган түрдүү кооз нерсе, жасалга. Чачына кызыл акак, шуру, ак бермет жана седеп тагынган (Жантөшев). Шуру, бермет аралаш Тагындым мончок чачыма («Эр Табылды»). 2. Аңдын жүнүндөгү жылтылдаган учку жүнү. 3. өт. Кооз, мөлтүр, тунук. Көзүңдөн тамчылата мөлтүр жашың (Барпы).