БЕРМЕТ
Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева«Шуру, бермет, аралаш, Тагындың мончок чачыңа» («Эр Табылды»), Зергерчиликтин жердиги, дүр, мончок, асыл таш. Кыз-келиндердин асем буюмдарына: желбирөөч, бойтумар, чолпу, күбөк, чачкап, чачпапик өңдүүлөргө тизилүүчү, кийим-кечектерине бастырылуучу, моюнга тагылуучу жана башкаларга колдонулган. Бермет таза, нарктуу нускаларды жаратууда пайдалануучу кымбат баалуу мончок, асыл таш.