Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Молчулук, жетиштүүлүк, кенендик, кеңчилик. Буурусун менен эккен дыйканчылыкта эмненин берекеси (Убукеев). Кең береке – адамга айран, каймак, Мал береке – тоо-тоодо жаткан жайнап (Шүкүрбеков). Чаначтын берекеси – булуңунда (Сыдыкбеков). || Жакшылык, ийгиликтүү натыйжа Бейлин салып иштесе, Берекеси мына ушу (Тоголок Молдо). Бул сыяктуу адал кызматыңдан береке табарсың (Жантөшев). 2. Таандык м. менен: берекем. Көңүл сезимин, жакшы көргөндүгүн билдирүүдө, эркелеткенде колдонулат. Берекем, медерим, каралдым! – деп Апал жалынып-жалбара берди (Убукеев). Сакадай болгон берекем, Садагаң кетсин энекең (Бөкөнбаев).