Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алгыр, кыраан бүркүттүн бир түрү. Мүнүшкөр таптан айныса, Мурунтан алгыр жаш берен, Далбага келбейт үндөсө (Бөкөнбаев). 2. Баатыр, эр, каарман. Берен Манас кылычты, Белине бекем чалыптыр («Манас»). Беш берендин ичинен Семетей баатыр кеп айтат («Сейтек»). 3. Акылман, кыраакы. Берен катын Кенжеке, Сырттанына ошондо, Берген экен аманат («Эр Төштүк»). 4. Кээде какшык түрүндө уятсыз, ар нерсеге суктук, бетсиздик менен кол суна берген кишиге карата колдонулат. Берениң кошо сойдуруп («Манас» С. К.).