Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. охот. один из лучших видов беркута;
мурду берендин тумшугундай болуп, тиши жок оозуна карай имерилип турат его нос, как клюв беркута, загибается в сторону беззубого рта;
канаттарын жая алыска чабыттаган берендей подобно беркуту, который, расправив крылья, летит на дальнюю добычу;
2. сильный, могучий; богатырь, герой, молодец (служащий опорой);
тарынбагын, жигиттер, баатыр Байыш беренге фольк. не обижайтесь, джигиты, на храбреца Байыша-батыра;
берип берен болгуча, бербей сараң бол погов. чем давать и слыть молодцом (добряком), лучше не давай и слыви скупцом; скупость - не глупость;
жылкы - берен, жылкыны баккан - эрен погов. кони - (это) опора, молодец (тот), кто их разводит;
оюңа алгын, жедигер, Канчоро сенин берениң фольк. ты подумай, (род) джедигер, (ведь) Канчоро - твоя опора;
береним так часто вдова называет покойного мужа, оплакивая его (иногда говорится и о богатырше);
береним энем Каныкей фольк. моя доблестная матушка Каныкей;
берен калсын! пропади он пропадом!; стоит ли жалеть!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Баатыр, каарман, кайраттуу, күчтүү. Бул жеңиште таанылышат берендер, Жеңиштерге жетпей калсын ченемдер (Аалы). Берен Манас кылычты Белине бекем чалыптыр («Манас»).
2. Акылман, даанышман. Баатыр Ленин берендин Баштап кеткен жолунда (Калык).
Берен калсын — куруп калсын, оңбосун деген мааниде. Берен калсын Бээжиниң, Бакалчысы бу болсо, Башка адамы н.е болот («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алгыр, кыраан бүркүттүн бир түрү. Мүнүшкөр таптан айныса, Мурунтан алгыр жаш берен, Далбага келбейт үндөсө (Бөкөнбаев). 2. Баатыр, эр, каарман. Берен Манас кылычты, Белине бекем чалыптыр («Манас»). Беш берендин ичинен Семетей баатыр кеп айтат («Сейтек»). 3. Акылман, кыраакы. Берен катын Кенжеке, Сырттанына ошондо, Берген экен аманат («Эр Төштүк»). 4. Кээде какшык түрүндө уятсыз, ар нерсеге суктук, бетсиздик менен кол суна берген кишиге карата колдонулат. Берениң кошо сойдуруп («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Домбура, гитар ж. б. ушуга окшогон музыкалык аспапта күүнү, обонду мукамга келтире турган муунактар. Тилиңдин басып көрүп беренесин, Таңдайын кубулжутуп сайрап берсин (Токомбаев). 2. Өлчөмдүү баскыч. Басар жолдун жазынан күзү жакын, Буурул тартып баратат кара чачым. Беренесин өмүрдүн санай берем (Байзаков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. муз. имеющий лады, снабжённый ладами;
тогуз беренелүү с девятью ладами;
2. перен. прекрасный, чудесный;
"беренелүү Каркыра - бек жакшы жайлоо" деп угуп фольк. услыхав, что прекрасная Каркара - очень хорошее летнее пастбище.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
(в эпосе)
1. название материи;
беренжиден көйнөгүн белине ороп таңды эми фольк. своё платье из беренжи она обвила вокруг талии и завязала;
2. одеяние типа белдемчи (см.);
беренжи кийген этиме беш тырмак тагын салдырба фольк. не оставляй следов пяти ногтей на моём теле, одетом в беренжи;
беренжи салын- или беренжи байлан- повязать на себя беренжи;
беренжисин салынып, берени келет канча жан фольк. много едет (сюда) его богатырей, повязав на себя беренжи (как боевое одеяние).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сабы асыл таш менен кооздолгон кылыч. Беренжисин байланып, Бектер минчү ат экен (Манас). Беренжисин байланып, Берени келет канча жан («Манас»). 2. Жибектин бир түрү. Беренжиден көйнөгүн, Белине ороп таңды эми (Эл ыры). Беренжисин салынып, Берени келет аркадан (Манас). Беренжи кийген кандарга («Семетей» С. К.). Берметти ала турган болгон соң беренжиден беш кабат, атилестен алты кабат калың төшөк салган менен таң жакында атпай турат («Эл адабияты»).