Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сабы асыл таш менен кооздолгон кылыч. Беренжисин байланып, Бектер минчү ат экен (Манас). Беренжисин байланып, Берени келет канча жан («Манас»). 2. Жибектин бир түрү. Беренжиден көйнөгүн, Белине ороп таңды эми (Эл ыры). Беренжисин салынып, Берени келет аркадан (Манас). Беренжи кийген кандарга («Семетей» С. К.). Берметти ала турган болгон соң беренжиден беш кабат, атилестен алты кабат калың төшөк салган менен таң жакында атпай турат («Эл адабияты»).