Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бери жактагы, бери тараптагы жагы. Берки үчөө кобурашып жатып бир топтон кийин, уктап калышты (Байтемиров). Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). 2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен айкалышып, мезгилди билдирет. Бул биздин көптөн берки жашыруун сырыбыз эле (Элебаев). Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда (Элебаев).