Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир колдон экинчи колго өткөрүү, кол менен узатуу. Абылбек колундагы книжкасын учетчик келинге берди (Жантөшев). || Сунуу. Амансызбы баатыр деп, Акмамат колун берди дейт («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Колмо-кол сунуш кылуу, астына коюу, камсыз кылуу, алдына тартуу, ичкенге-жегенге ж. б. мүмкүндүк ачуу. Түш болсо берет кымыран (Барпы). 3. Башканын карамагына, пайдалануусуна өткөрүү, экинчи бир тарапка ыйгаруу. Убада, шертиң кыла бер, Калыңсыз берем кызымды («Олжобай менен Кишимжан»). || Пайдаланууга уруксат кылуу Буудайы жакшы келинге өзөндөн эки кулак суу берем (Осмонов). || Жиберүү, өткөрүү. Машинага газ берип, Төшүн кагып койду да (Токомбаев). Бакчага суу берейин,– деп Бурма болбой койгон (Сыдыкбеков). // Жиберүү, жөнөтүү. Эмне үчүн чыгарда Телеграмма бербедиң (Маликов). 4. Уюштуруу, өткөрүү. Сыйнатын кылып балдары Кара ашын берип көөмптүр («Мендирман»). Кыргыз, казак көп экен Анда да концерт бергемин (Шүкүрбеков). Саатка ченеп сабагын берет (Тоголок Молдо). 5. Суроо коюуга, жооп кайтарууга, бир нерсе деп айтууга, билдирүүгө кандайдыр бир аракет жасоого мүмкүнчүлүк алуу, мүмкүндүк болуу. Баштагы суроосун Зарылга берди (Сыдыкбеков). Акылыңды жыйнап шашпай, жакшылап жооп бер (Жантөшев). Өтүп кете берсин дегендей кылып, жолдошторума ишарат бердим (Жантөшев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). Эшендин элден алганын Баа берип ырдадым (Токтогул). 6. Чабуу, коюп калуу, уруп жиберүү. Тагай Алымкулду өрмө камчы менен жонго берип калды (Абдукаримов). 7. Атооч сөздөр менен айкалышып, жардамчы этиштик милдетти аткарганда ал атооч сөздүн маанисин этиштик мааниге өткөрөт. Ал багынын арасынан үн берди (Токомбаев). 8. Жардамчы этиш катарында колдонулат. Күн кыскара берди (Убукеев). Сүйлөшсөңөр, чакырып берем (Токомбаев).