Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бирөөгө тапшыруу, колдон өткөрүү, бирөөнүн колуна тийгизүү. Абылбек колундагы книжкасын учётчик келинге берди (Жантөшев).
  1. 2.                  өт. Чабуу, уруу. Тагай.. Алымкулду өрмө камчы менен жонго берип калды (Абдукаримов).
  2. 3.                  Көмөкчү этиштин милдетин аткарат. ..Кайта-кайта бара берди. Күндөн-күнгө өркүндөй берди. Окуй бер. Билгенин айта берет.