БЕРДИБАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.БЕРДИБАЙ — Эпизоддук кейипкер. Жакып Атемир менен кудалашып келгенден кийин, кудага кайра кантип баруу жөнүндө жакындарын чогултуп, кеңеш курган жыйынга келген аксакалдардын катарында аты гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 383).