БЕРЕШЕН
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Колу ачык, март» маанисиндеги берешен сөзү бер этишинен келип чыкканы оңой баамдалат, бирок анын -ешен мүчөсү этиштен сын атоочу мүчө катары башка сөздөрдө кезикпейт. Бул мүчө оорукчан, ысыкчан, суукчан деген сыяктуу учурда айтылган «өнөкөтү бар» деген маани билдирген -чан мүчөсүнүн өзгөрүп кеткен түрү болушу мүмкүн.