БЕРИ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Берки тарап, белгилүү бир чектин берки жагы. Канатка салып көтөрүп, Бери карай чыгарда («Эр Төштүк»). || Берки тарапты карай, сүйлөп жаткан тарапка жакын. О, бери бас, мына муну карачы (Токомбаев). Чыгып кел, бери (Сыдыкбеков). Мамыр койлорун үйүнүн жанындагы боорго таштап, бери чү койгон (Байтемиров). 2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен атоочтуктарды жандап, белгилүү бир мезгилден кийинки учурду билдирет. Кырк жылдан бери кыраан куш Терекке уя салыптыр («Эр Төштүк»). Боорун жерден алып, эмгектей баштагандан бери нечен ирет суунун боюнда сайран курган (Байтемиров). || Мейкиндик маанидеги зат атоочтор менен айкалышып, орунду билдирет. Шаардан бери үч чакырым. // Зат атоочтор менен айкашканда мейкиндик, мезгилдик маанидеги эмес, буткүл, бүт бардыгы дегенди билдирет. Кыздын колундагы камчысынан бери жаркыраган оймо-чийме менен кооздолгон (Каимов). || Белгилүү бир чектөөнү, чекти билдирет. Арысы жети, бериси беш жигит жолдошум болсун (Сыдыкбеков).