бут I р.уст. пуд. бут II 1. нога (человека); аты жоктун буту жок погов. у кого нет коня, у того нет ног; бут сал- опустить ноги во что-л.; попасть ногой во что-л.; провалиться; ийинге бутун салып, мүдүрулүп кетти он попал ңогой в нору и споткнулся; бут кийим обувь; 2. задняя нога; 3. южн. ляжка (часть бараньей туши); буту-колу жерге тийбей или буту бутуна тийбей (он) проворно, торопливо (напр. бегает, суетится), (у него) одна нога здесь, другая там; буту-колун жерге тийгизбей чуркатты он заставлял их бегать - одна нога здесь, другая там; эки бутун бир өтүккө тыгамын я воткну обе его ноги в один сапог! (я ему покажу!); эки буту бир өтүгүнө кийилген находящийся в крайне стеснённых обстоятельствах; бутунун башы менен на цыпочках: өзүм бутумдун башы менен басып журөм сам я хожу на цыпочках; бутунун башы менен жүгүруп угодливо, услужливо суетясь; бут тоз- дать подножку (в борьбе); аттан буту түшө элек жатып ещё сидя на коне; ещё не успев слезть с коня; бутун кучакта- валяться в ногах (у него); бутка чапкандай быстро, без остановки; кызыл бут см.кызыл; чий бут см.чий I; бут басар см.күйөө; бут басты см.тан- VI. бут III санскр. через кит. идол, икона.
Iзат.1. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын басып жүрүүгө, конуп отурууга ж. б. ылайыкталган мүчөсү. Микола бутунун учу менен коридордо акырын басып бара жатты (Баялинов). Басса-турса малдын буту чөптү тепсей жүрөт (Убукеев).
2. Мебелдин жана башка нерселердин астынкы таяныч бөлүгү. Энекем ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең (Тоголок Молдо).
IIзат. Кудайдын сыйынууга, табынууга жасалган сүрөтү. Кол башындай алтын бут, Койнунан алып сыйынып («Семетей»). Падышасы Дүбүр кан Барган экен бутуна («Манас»).
бут (аяк) бут кийим бут салмай (балдард. үзөңгүсү) буту бутуна тийбөө бут тосуу (кыянаттык кылуу) бутуна жыгылуу (жалынуу) бутуна тургузуу бутуна туруу
БУТ — сыйынуу, табынуу үчүн ар кандай материалдан жасалган кудайдын сөлөкөтү. Б. кыргыз тилине санскриттен кытай тили аркылуу кирген. Кыргыздарда Б-ка сыйынуу көрүнүшү алгач ирет 1602-ж. жазылган араб тилиндеги «Зийа ал-кулуб» аттуу чыгармада баяндалат. Мында Чыгыш Түркстанда жашоочу кыргыздардын бир бакка илинген күмүш Б-ка жана анын тегерегине илинген таштан жана жыгачтан жасалган 2000дей Б-тарга сыйынганы тууралуу айтылат. Демек кыргыздар 16-кылымда будда дини менен тааныш болгон. Бул ойду «Манас» эпосу да ырастап турат: «Жамандык көргөн күнүңдө, Жалынып келсең чоң колдойт, Бут койдуруп бултуйтуп, Эки ууртун дулдуйтуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 178). «Манаста» Б. алтындан да жасалат деген маалыматтар бар.
1. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын, ар кандай жан-жаныбарлардын басып жүрүүгө, илгерилеп жылууга, конуп отурууга ылайыкталган мүчөсү. Майчынын аты Мааданбек Сол бутунан сылтыган (Осмонов). Басса-турса малдын буту чөптү тепсей жүрөт (Убукеев). 2. Ар кандай эмеректердин, столдун жана башка нерселердин жерге тийип, таяныч болуп турган атайын бөлүгү. Энекем, ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең (Тоголок Молдо).
Сыйынуу, табынуу үчүн жасалган кудайдын сөлөкөтү. Кол башындай алтын бут Койнунан алып сыйынып («Семетей»). Падышасы Дүбүр кан Барган экен бутуна («Манас»).
бута I ир. кустарник, куст; кара бута название кустарника. бута II мишень, цель (при стрельбе); бута коюп аттык мы стреляли в цель; бута атым 1) расстояние полёта стрелы; 2) одна из дистанций на скачках; күн бута атым көтөрүлгөн кезде когда солнце немного поднялось; сөзу бутага тиет его слова бьют в цель; бутага тийгендей сүйлөйт он говорит очень метко. бута III ир. (в эпосе) 1. название дорогой материи; буулум, бута, чучтөнү - булдан арбын алыңар фольк. возьмите больше материи буулум (см.), бута и батиста; 2. одежда из материи бута; булгун, бута кийими фольк. одежда на нём - соболь и бута. бута- IV рубить ветви, очищать (дерево) от ветвей; канап-бутап ограбив дочиста.
Iзат. Майда бадал. Боз чымчыктар тикендүү буталардын арасында бири-бирин кубалашып ойношот (Аалы).
БУТАIIзат. Атып машыгуу үчүн атайын коюлган нерсе. Бута атуу. ♦Бутаатым — бута коюлган, бутага чейинки жерчелик аралык. Бута атымдай жерге келгенде тааныды (Аалы).
БУТАIIIэтиш. Бак-дарактын бутактарын сейректетип кыркуу, кесүү, бутактарын алуу.
♦Канап-бутоо же отоп-бутоо — жоготуу, тазалоо, түгөтүп жиберүү. Чоң айыл кичи айылды канап-бутап жиберер бекен (Убукеев).
Атып машыгуу үчүн атайын коюлган нерсе. Куру дүрмөт ок менен, Бута коюп аттырып («Сейтек»). Башыңы кат душманга бута болуп бербей, – деди Коля (Жапаров).
эск. Баалуу кездеме, же ошондон тигилген кийим. Булгун, бута кийими, Көөкөрдөй эки ийини («Эл адабияты»). Буулум бута, үчтөнү – Булдан арбын алыңар («Манас»).
Бута коюлган жерге чейинки аралык, жаанын огу жетерлик аралык. Малакайын баса кийип, Ашыр бир бута атым алда бара жатты (Сасыкбаев). Бута атымдай жерге келгенде тааныдык («Ала-Тоо»). үйдөн бута атымдай алыс жерде жээгине жашаң чыккан булактуу башат («Ала-Тоо»).
Бута коюлган жерге чейинкидей аралык, жаанын огу жеткидей аралык. Бута атымдай жерге келгенде тааныдык («Ала-Тоо»). Үйдөн бута атымдай алыс жерде жээгине жашаң чыккан булактуу башат («Ала-Тоо»).
зат.1. Өсүмдүктөрдүн шагы, өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары. Алма бутактары. Бутагы көп тал. 2.өт. Таралып чыккан бир тукум, жакын тууган. Билбеймин, ким болду экен бул жаткан эр? Сынды да үй-бүлөнүн бир бутагы (Үмөталиев).
1. өсүмдүктөрдүн өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары, шагы, Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң, чынар турат (Үмөталиев). Жаш бутактын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү (макал). 2. өт. Бир өзөктөн таралып чыккан тукум, жакын тууган. Элим ошол чоң түп чынар, мен – бир бутак, Мен өлсөм, элим тирүү, атымды угат (Үмөталиев). 3. өт. Кандайдыр бир таяныч, тармак, жөлөк. Айланайын балдарым, канат-бутактарым, өмүрлүү болсоңор экен («Эркин Тоо»).
этиш. 1. Бутак чыгуу, бутагы көбөйүү. Жаз алдында бутактаган чынардай, Жарык жайнап өскөнүңө кубандым (Бөкөнбаев).
2.өт. Көбөйүү, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев). Сөздөн сөз чыгып, эрегиш бутактады («Советтик Кыргызстан»).
1. Бутак алып көбөйүү. Жаз менен кошо тал-теректер бутактап, көгөрө баштайт. 2. өт. Таралып көбөйүү, тармактануу, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев).
threaded discussion (noun)
In an online forum, such as a newsgroup, a series of messages or articles in which replies to an message are nested directly under it instead of arranged in chronological or alphabetical order.
сын. 1. Бутагы бар; бутак алган. Табылды менен Зарыл олтургузган алма жыгачы шактуу, бутактуу (Сыдыкбеков).
2. Көп сырдуу, бай, тарамдуу. Мейли эми мында турсун ата Миңбай, Биз анын сан бутактуу оюн бузбай, Көз салып карт багбандын кешпирине, Ал-жайын бир аз тыңшап угалы жай (Абдыраманов).
БУТАЛАЧ — этноним. Б. теги боюнча Алмамбетке жакындыгы бар кытай эли (уруу).
Мурунку Бээжин жер эле,
Бул олтурган кулуңдун
Белине таңуу эл эле,
Буталач журту дээр эле (Сагымбай Орозбаков, 4. 214),
— деп Алмамбет баатыр чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайлардын көптүгүн Манаска айтканда эскерет.
Target List (proper noun)
A SmartArt graphic layout used to show interrelated or overlapping information. Each of the first seven lines of Level 1 text appears in the rectangular shape. Unused text does not appear, but remains available if you switch layouts. Works well with both Level 1 and Level 2 text.
жыгылуу — баш ийүү, багынуу. Душман кечирим сурап биздин бутубузга жыгылат (Сыдыкбеков). Экибутубирөтүккөкийилүү —жаман абалда калуу, кысмакка алынуу, кысталуу. Аштын чыгымынан кутулуунун айласын таппай, эки буту бир өтүккө кийилгендер (Жантөшев). Бутубутунатийбөө — өтө ыкчам, тез жүрүү, тызылдап тез жүгүрүү.
зат. Бутка (кудайдын сүрөтүнө) сыйына турган жай. Кудайым деп кужулдап, Бутканага барыптыр («Манас»). Жүз миң адам чогулуп, Бутканага чокунду («Манас»).
БУТКАНА — будда дининдегилердин ибадатканасы. Б. «Зийа ал-кулуб» деген чыгармада айтылгандай (к. Бут) жаратылыш объектеринде, мисалы, өз алдынча өсүп турган бакка көп сандаган буттар илинсе ошол бак да Б. болот. «Манас» эпосунда да Б. жогоруда айтылган мааниде колдонулат: «Бутканага чокунуп, Булуттай кара ат токунуп,» (Сагымбай Орозбаков, 3. 239).
Буддистердин кудайына – бутка сыйына турган жайы. Кудайым деп куркулдап, Бутканага барыптыр («Манас»). Жүз миң адам чогулуп, Бутканага чокунду («Манас»). Жоокер уйсундардын мырзаларына бажыраңдай сүйлөп, шаардын көрктүү жайларын, бутканаларды, дарбазаларды, чептерди көрсөттү (Субанбеков). к. бутакана.
Аяк кийимдеринин жалпы аталышы. Булардын жердиги териден болот. Аны колдоо иштетүүнүн негизги бир түрү — малмага салуу. Бут кийимдердин негизги жердиги күдөрү. Андан сый бут кийимдер, мээлей, намиян сыяктуулар жасалган. Күдөрү ары көрктүү, абдан бышык болот, тез оңбойт, суу өтпөйт. Ултаруу — өтүк, маазы, кепич, мөкү, кете, чарык өңдүү элдик бут кийимдерине узануу-уздануу.
зат. Быткыл, тегиз эмес, ойчункуру бар жер. Будурмакты айлантып, Буткулга салып кубалап («Манас»). Бугуп жаткан колуңду, Буткулдан издеп табамын («Эр Табылды»).
1. Мүрт кетүү, тез жаны чыгуу. Бут серпкенге алы келбей жаны чыкты. 2. Эч кыймылсыз, сулк жатып калуу. Такай атка минип жүрбөгөн Суусар өлөрчө чарчаган экен, таң аткыча бут серппей уктады (Бердикеев). Кээде үйүнө келип бут серппей жыгылар эле (Ашымбаев).
1. Мүрт кетүү, тез жаны чыгуу. Бут серпкенге алы келбей жаны чыкты. 2. Эч кыймылсыз сулк жатып калуу. Такай атка минип жүрбөгөн Суусар өлөрчө чарчаган экен, таң аткыча бут серппей уктады (Бердикеев). Кээде үйүнө келип бут серппей жыгылар эле (Ашымбаев).
бутта- I взвешивать на пуды; взвешивать (вообще); буттаган алтын, кызыл зер, жеңгетайга алганда фольк. когда они за жеңгетай (см.) пудами получали и золото и червонное золото; бул сөзү буттаган алтынга саткыс сөз болду эти слова его были дороже пудов золота (букв. не продаваемые за пуды золота). бутта- II аттап-буттап легко, без затруднений (напр. перепрыгнуть, перескочить); анды-дөңдү ылгабай, аттап-буттап чуркады фольк. (конь) бежал, легко перескакивая через овраги и холмы, не разбирая их.
страд. отбутта- II; үч бутталган (о коне) стреноженный; тушалган, өрөөлөнгөн, үч бутталган аттардын ар жерде топ-топ болуп жайылышы кони, спутанные по двум передним ногам, по передней ноге с задней стреноженные.
возвр. отбутта- II уподобляться кому-чему-л. в отношении ног, ногами походить на кого-что-л.; айбаалыдай буттанган стих. с ногами, как у богомола (о дунганской и китайской женщине в старом быту).
взаимн. отбутта- II 1. запутаться ногами; 2. запропаститься; бутташып жоголду запропастилось (о чём-л., что переходило из рук в руки); 3. обменяться чем-л. (напр. по ошибке надеть чужое); алар өтүктөрүн бутташып кетишкен они перепутали свои сапоги.
Оошуп кетүү, алмашып, колдон-колго өтүү. Силер тарапка Айдарбек датка дегендин күлүгү бутташып барганын биле албадыңбы? (Жантөшев). Атымды өзгөртүп, Алай тараптан бутташып келген бир мергенчи болуп жүрөм (Жантөшев).
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу. Ичибизде душман бар, ал биздин ураанга жамынып, кыябы келген жерден бут тосуп жатат (Ашымбаев). Кандай максат менен аларга бут тосуп мүдүрүлткүсү келет? (Жантөшев). Мен сенин көңүлүңдү албай жүргөм, бут тоспоюн деп (Абылкасымова).
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу. Ал турмушта бут тосуп жүрүүчү Арзыкулга окшогон кээ бир кишилерге баш ийгендигин белгилеп кетти (Байтемиров). Ичибизде душман бар, ал биздин ураанга жамынып, кыябы келген жерден бут тосуп жатат (Ашымбаев). Кандай максат менен аларга бут тосуп мүдүрүлткүсү келет? (Жантөшев). Мен сенин көңүлүңдү албай жүргөм, бут тоспоюн деп (Абылкасымова).
Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле? (Укаев). В.: Буту жерге тийбөө. Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абдукаимов). үйдүн ээси буту жерге тийбей чуркап, инисинин жолдоштору менен келгенине аябай кубанды (Абдукаримов). Буту-колу жерге тийбөө. Айбадактын буту-колун жерге тийгизбей чакыра турган адамдарына чуркатты (Жантөшев). Башка кишилер да дем алып, тынып чыкса, мунун буту-колу жерге тийбейт (Укаев).
Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле..? (Укаев).
к. БУТУ-БУТУНА ТИЙБӨӨ
Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абдукаимов). Үйдүн ээси буту жерге тийбей чуркап, инисинин жолдоштору менен келгенине аябай кубанды (Абдукаримов).
Тызылдап тез жүрүү, ылдам жүгүрүү, жеңил да, тез да, элпек да кыймыл-аракетте болуу. Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абукаримов). Буту-бутуна тийбей аттарына карай жүгүрүштү (Жантөшев).
к. БУТУ-БУТУНА ТИЙБӨӨ
Айбадактын буту-колун жерге тийгизбей чакыра турган адамдарына чуркатты (Жантөшев). Башка кишилер да дем алып, тынып чыкса, мунун буту-колу жерге тийбейт (Укаев).
Жаман-жакшы дебестен дегеле киши аттуунун баары, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тынгандары толуп келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып, төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).
Адам аттуулардын баары, бири калбай, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тыңгандары толук келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып... төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).
1. Көбүнчө таптоодо турган күлүктүн кандайдыр табынан бузулуп, аксап калышына карата айтылат. Оң бутум бутуна жем түшкөн аттын бутундай дапдырактаганын байкаган чыгарсың (КОС). 2. өт. Жаңылышуу, жолунан адашуу. Жем түшүп кетип бутума желбей да калдым бир топ жыл (Сарногоев).
1. Көбүнчө таптоодо турган күлүктүн кандайдыр табынан бузулуп, аксап калышына карата айтылат. Оң бутум бутуна жем түшкөн аттын бутундай дапдырактаганын байкаган чыгарсың (КОС). 2. сүйл. Анча-мынча кырсыктан калуу, аксап калуу деген мааниде колдонулат.
Жалынып-жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү. Иштин акыйкатына көзү жеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Бердикеев). Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап (Осмоналиев). Ал кезде баары менин бутума жыгылып турушчу (Бердикеев).
Жалынып-жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү. Иштин акыйкатына көзүжеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Бердикеев). Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап (Осмоналиев). Ал кезде баары менин бутума жыгылып турушчу (Бердикеев).
Чоңойтуп, өстүрүп өз алдынча жашай ала тургандай абалга жеткизүү, эл катарына кошуу. Атаганат, уулумду бутуна тургузуп койсом, арманым болбос эле (Саатов).
Чоңойтуп, өстүрүп, өз алдынча жашай ала тургандай абалга жеткизүү, эл катарына кошуу. Атаганат, уулумду бутуна тургузуп койсом, арманым болбос эле (Саатов).
Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу. Менден улуу эжелерим, агаларым жогорку окуу жайларын бүтүшүп, бутуна туруп, өз орундарын таап кетишти («Ленинчил жаш»). Жаркымбайдын турмушу оңолду, бутуна турду (Бейшеналиев).
Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу. Менден улуу эжелерим, агаларым жогорку окуу жайларын бүтүшүп, бутуна туруп, өз орундарын таап, кетишти («Ленинчил жаш»). Жаркынбайдын турмушу оңолду, бутуна турду (Бейшеналиев).
1. Бөлөк-бөлөк кылып майдалоо, майда бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу. Жамгыр козунун колун кол, бутун бут, санын сан кылып бүттү (Касымбеков). 2. Катуу жазалоо, тымтыракайын чыгаруу. Эми түшсөңөр соо калбайсыңар! Бутуңарды бут, колуңарды кол кыламын! (Ш. Үмөталиев).
1. Бөлөк-бөлөк кылып майдалоо, майда бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу. Жамгыр козунун колун кол, бутун бут, санын сан кылып бүттү (Касымбеков). 2. Катуу жазалоо, тымтыракайын чыгаруу. Эми түшсөңөр соо калбайсыңар! Бутуңарды бут, колуңарды кол кыламын! (үмөталиев).
Аябай катуу жүгүрүү, өтө ыкчам, тез жүгүрүү, өлөр-тирилерине карабай чымын-куюн болуу. Эч жакты карабай буту үзүлгөнчө чуркап бара жатты («Ала-Тоо»). Солдат буту үзүлгөнчө чуркаган бойдон кетти (Жантөшев).
Аябай катуу жүгүрүү, өтө ыкчам тез жүгүрүү, өлөр-тирилерине карабай чымын-куюн болуу. Эч жакты карабай буту үзүлгөнчө чуркап бара жатты («Ала-Тоо»). Солдат буту үзүлгөнчө чуркаган бойдон кетти (Жантөшев).
(Hyperoodon) шишемурундар; киттердин бир уруусу, буларга төмөнкү түрлөр кирет: б. высоколобый (Н. ampullatus) — дөң чеке шишемурун, б. плосколобый (Н. planifrons) — жалпак чеке шишемурун ж.б.