1. ветвь, ветка;
бутак-сутак ветки-прутья;
2. перен. ответвление;
3. сучок (напр. в доске);
мазардын бутагы см. мазар 3.
зат. 1. Өсүмдүктөрдүн шагы, өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары. Алма бутактары. Бутагы көп тал.
2. өт. Таралып чыккан бир тукум, жакын тууган. Билбеймин, ким болду экен бул жаткан эр? Сынды да үй-бүлөнүн бир бутагы (Үмөталиев).
branch (noun)
A fork within a conversation, where more than one reply was made to a single e-mail and caused a split in the conversation.
1. өсүмдүктөрдүн өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары, шагы, Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң, чынар турат (Үмөталиев). Жаш бутактын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү (макал). 2. өт. Бир өзөктөн таралып чыккан тукум, жакын тууган. Элим ошол чоң түп чынар, мен – бир бутак, Мен өлсөм, элим тирүү, атымды угат (Үмөталиев). 3. өт. Кандайдыр бир таяныч, тармак, жөлөк. Айланайын балдарым, канат-бутактарым, өмүрлүү болсоңор экен («Эркин Тоо»).
Табына турган үй, ибадат кыла турган үй. Бутаканага чогулуп, Кытай, манжу барысы Калган экен чогулуп («Манас»).
этиш. 1. Бутак чыгуу, бутагы көбөйүү. Жаз алдында бутактаган чынардай, Жарык жайнап өскөнүңө кубандым (Бөкөнбаев).
2. өт. Көбөйүү, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев). Сөздөн сөз чыгып, эрегиш бутактады («Советтик Кыргызстан»).
1. Бутак алып көбөйүү. Жаз менен кошо тал-теректер бутактап, көгөрө баштайт. 2. өт. Таралып көбөйүү, тармактануу, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев).
1. ветвиться; ответвляться;
2. перен. разветвляться.
бутакта этишинин туюк мамилеси. Деген сөз кыргыз бүткөн айылдарда, Айтылат бутакталып эчен-эчен (Маликов).
threaded discussion (noun)
In an online forum, such as a newsgroup, a series of messages or articles in which replies to an message are nested directly under it instead of arranged in chronological or alphabetical order.
бутакта этишинин өздүк мамилеси.
бутактан-, бутактанбай,
бутактанган
бутакта этишинин өздүк мамилеси. Буту-колу төөнүкүндөй тартайган, Мүйүздөрү бутактанып аркайган (Осмонкул).
бутакта этишинин аркылуу мамилеси.
понуд. от бутакта-;
сөздөн сөз чыгарышып бутактата баштады слово за слово и повели разговор о разном.
бутакта этишинин аркылуу мамилеси. Күндүн чубагына чекелерин кактап, сөздөн сөз чыгарышып, бутактата баштады (Жантөшев).
бутакта этишинин кыймыл атоочу.
бутакта этишинин кыймыл атоочу.
1. ветвистый;
2. перен. с разветвлениями;
3. суковатый (напр. о доске).
сын. 1. Бутагы бар; бутак алган. Табылды менен Зарыл олтургузган алма жыгачы шактуу, бутактуу (Сыдыкбеков).
2. Көп сырдуу, бай, тарамдуу. Мейли эми мында турсун ата Миңбай, Биз анын сан бутактуу оюн бузбай, Көз салып карт багбандын кешпирине, Ал-жайын бир аз тыңшап угалы жай (Абдыраманов).
1. Бутагы бар, бутагы жыш, бутагы калың. Табылды менен Зарыл олтургузган алма жыгачы шактуу, бутактуу (Сыдыкбеков). 2. өт. Көп тармактуу, тарам-тарам.