БУТАК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. өсүмдүктөрдүн өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары, шагы, Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң, чынар турат (Үмөталиев). Жаш бутактын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү (макал). 2. өт. Бир өзөктөн таралып чыккан тукум, жакын тууган. Элим ошол чоң түп чынар, мен – бир бутак, Мен өлсөм, элим тирүү, атымды угат (Үмөталиев). 3. өт. Кандайдыр бир таяныч, тармак, жөлөк. Айланайын балдарым, канат-бутактарым, өмүрлүү болсоңор экен («Эркин Тоо»).