Киргизско-русский словарь Юдахина
бута I
ир.
кустарник, куст;
кара бута название кустарника.
бута II
мишень, цель (при стрельбе);
бута коюп аттык мы стреляли в цель;
бута атым
1) расстояние полёта стрелы;
2) одна из дистанций на скачках;
күн бута атым көтөрүлгөн кезде когда солнце немного поднялось;
сөзу бутага тиет его слова бьют в цель;
бутага тийгендей сүйлөйт он говорит очень метко.
бута III
ир.
(в эпосе)
1. название дорогой материи;
буулум, бута, чучтөнү - булдан арбын алыңар фольк. возьмите больше материи буулум (см.), бута и батиста;
2. одежда из материи бута;
булгун, бута кийими фольк. одежда на нём - соболь и бута.
бута- IV
рубить ветви, очищать (дерево) от ветвей;
канап-бутап ограбив дочиста.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Майда бадал. Боз чымчыктар тикендүү буталардын арасында бири-бирин кубалашып ойношот (Аалы).
БУТА II зат. Атып машыгуу үчүн атайын коюлган нерсе. Бута атуу.
Бута атым — бута коюлган, бутага чейинки жерчелик аралык. Бута атымдай жерге келгенде тааныды (Аалы).
БУТА III этиш. Бак-дарактын бутактарын сейректетип кыркуу, кесүү, бутактарын алуу.
Канап-бутоо же отоп-бутоо — жоготуу, тазалоо, түгөтүп жиберүү. Чоң айыл кичи айылды канап-бутап жиберер бекен (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бута коюлган жерге чейинки аралык, жаанын огу жетерлик аралык. Малакайын баса кийип, Ашыр бир бута атым алда бара жатты (Сасыкбаев). Бута атымдай жерге келгенде тааныдык («Ала-Тоо»). үйдөн бута атымдай алыс жерде жээгине жашаң чыккан булактуу башат («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өсүмдүктөрдүн шагы, өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары. Алма бутактары. Бутагы көп тал.
2. өт. Таралып чыккан бир тукум, жакын тууган. Билбеймин, ким болду экен бул жаткан эр? Сынды да үй-бүлөнүн бир бутагы (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. өсүмдүктөрдүн өзөгүнө жабыша чыккан тарамдары, шагы, Бутагы көк, бири сынса, бири чыгат, Былк этпей, качан көрсөң, чынар турат (Үмөталиев). Жаш бутактын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү (макал). 2. өт. Бир өзөктөн таралып чыккан тукум, жакын тууган. Элим ошол чоң түп чынар, мен – бир бутак, Мен өлсөм, элим тирүү, атымды угат (Үмөталиев). 3. өт. Кандайдыр бир таяныч, тармак, жөлөк. Айланайын балдарым, канат-бутактарым, өмүрлүү болсоңор экен («Эркин Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бутак чыгуу, бутагы көбөйүү. Жаз алдында бутактаган чынардай, Жарык жайнап өскөнүңө кубандым (Бөкөнбаев).
2. өт. Көбөйүү, улануу. Сөздөн сөз чыгып, бутактай баштады (Жантөшев). Сөздөн сөз чыгып, эрегиш бутактады («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Бутагы бар; бутак алган. Табылды менен Зарыл олтургузган алма жыгачы шактуу, бутактуу (Сыдыкбеков).
2. Көп сырдуу, бай, тарамдуу. Мейли эми мында турсун ата Миңбай, Биз анын сан бутактуу оюн бузбай, Көз салып карт багбандын кешпирине, Ал-жайын бир аз тыңшап угалы жай (Абдыраманов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУТАЛАЧ — этноним. Б. теги боюнча Алмамбетке жакындыгы бар кытай эли (уруу).
Мурунку Бээжин жер эле,
Бул олтурган кулуңдун
Белине таңуу эл эле,
Буталач журту дээр эле (Сагымбай Орозбаков, 4. 214),
— деп Алмамбет баатыр чалгынга жөнөөрдүн алдында кытайлардын көптүгүн Манаска айтканда эскерет.