Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Адамдардын, айбандардын, канаттуулардын басып жүрүүгө, конуп отурууга ж. б. ылайыкталган мүчөсү. Микола бутунун учу менен коридордо акырын басып бара жатты (Баялинов). Басса-турса малдын буту чөптү тепсей жүрөт (Убукеев).
2. Мебелдин жана башка нерселердин астынкы таяныч бөлүгү. Энекем ак тактанын буту элең, Ак сарай үйдүн куту элең (Тоголок Молдо).