БУТУНА ТУРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу. Менден улуу эжелерим, агаларым жогорку окуу жайларын бүтүшүп, бутуна туруп, өз орундарын таап, кетишти («Ленинчил жаш»). Жаркынбайдын турмушу оңолду, бутуна турду (Бейшеналиев).