Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жалынып-жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү. Иштин акыйкатына көзүжеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Бердикеев). Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап (Осмоналиев). Ал кезде баары менин бутума жыгылып турушчу (Бердикеев).