Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУТ — сыйынуу, табынуу үчүн ар кандай материалдан жасалган кудайдын сөлөкөтү. Б. кыргыз тилине санскриттен кытай тили аркылуу кирген. Кыргыздарда Б-ка сыйынуу көрүнүшү алгач ирет 1602-ж. жазылган араб тилиндеги «Зийа ал-кулуб» аттуу чыгармада баяндалат. Мында Чыгыш Түркстанда жашоочу кыргыздардын бир бакка илинген күмүш Б-ка жана анын тегерегине илинген таштан жана жыгачтан жасалган 2000дей Б-тарга сыйынганы тууралуу айтылат. Демек кыргыздар 16-кылымда будда дини менен тааныш болгон. Бул ойду «Манас» эпосу да ырастап турат: «Жамандык көргөн күнүңдө, Жалынып келсең чоң колдойт, Бут койдуруп бултуйтуп, Эки ууртун дулдуйтуп» (Сагымбай Орозбаков, 1. 178). «Манаста» Б. алтындан да жасалат деген маалыматтар бар.