этиш. Бутунан алып көтөрүү. Атка буттап мингизүү.
бутта- I
взвешивать на пуды; взвешивать (вообще);
буттаган алтын, кызыл зер, жеңгетайга алганда фольк. когда они за жеңгетай (см.) пудами получали и золото и червонное золото;
бул сөзү буттаган алтынга саткыс сөз болду эти слова его были дороже пудов золота (букв. не продаваемые за пуды золота).
бутта- II
аттап-буттап легко, без затруднений (напр. перепрыгнуть, перескочить);
анды-дөңдү ылгабай, аттап-буттап чуркады фольк. (конь) бежал, легко перескакивая через овраги и холмы, не разбирая их.
бутта- (атка минүүдө)
буттат
1. Унаага минүүгө буттап алып көтөрүп жардамдашуу. Атка буттап мингизүү. 2. Буттан байлоо, тушоо. үч буттап тушап, коё берүү.
страд. от бутта- II;
үч бутталган (о коне) стреноженный;
тушалган, өрөөлөнгөн, үч бутталган аттардын ар жерде топ-топ болуп жайылышы кони, спутанные по двум передним ногам, по передней ноге с задней стреноженные.
бутта I этишинин туюк мамилеси. үч бутталган аттар ар жерде топ-топ болуп жайылып жүрөт (Жантөшев).
возвр. от бутта- II
уподобляться кому-чему-л. в отношении ног, ногами походить на кого-что-л.;
айбаалыдай буттанган стих. с ногами, как у богомола (о дунганской и китайской женщине в старом быту).
этиш. Колдон-колго өтүү, алмашып, оошуп өтүп кетүү. Силер тарапка Айдарбек датка дегендин.. күлүгү бутташып барганын угуп биле албадыңбы? (Жантөшев).
взаимн. от бутта- II
1. запутаться ногами;
2. запропаститься;
бутташып жоголду запропастилось (о чём-л., что переходило из рук в руки);
3. обменяться чем-л. (напр. по ошибке надеть чужое);
алар өтүктөрүн бутташып кетишкен они перепутали свои сапоги.
Оошуп кетүү, алмашып, колдон-колго өтүү. Силер тарапка Айдарбек датка дегендин күлүгү бутташып барганын биле албадыңбы? (Жантөшев). Атымды өзгөртүп, Алай тараптан бутташып келген бир мергенчи болуп жүрөм (Жантөшев).
бутта I этишинин кош мамилеси. Атына минсин деп тезирээк бутташып жиберди.
понуд. от бутташ-;
камчымды бутташтырып жоготту он затерял мою плеть (дал её одному, а тот - другому и т.д.).
бутташ I этишинин аркылуу мамилеси.