Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле? (Укаев). В.: Буту жерге тийбөө. Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абдукаимов). үйдүн ээси буту жерге тийбей чуркап, инисинин жолдоштору менен келгенине аябай кубанды (Абдукаримов). Буту-колу жерге тийбөө. Айбадактын буту-колун жерге тийгизбей чакыра турган адамдарына чуркатты (Жантөшев). Башка кишилер да дем алып, тынып чыкса, мунун буту-колу жерге тийбейт (Укаев).
Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле..? (Укаев).
к. БУТУ-БУТУНА ТИЙБӨӨ
Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абдукаимов). Үйдүн ээси буту жерге тийбей чуркап, инисинин жолдоштору менен келгенине аябай кубанды (Абдукаримов).
Тызылдап тез жүрүү, ылдам жүгүрүү, жеңил да, тез да, элпек да кыймыл-аракетте болуу. Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абукаримов). Буту-бутуна тийбей аттарына карай жүгүрүштү (Жантөшев).
к. БУТУ-БУТУНА ТИЙБӨӨ
Айбадактын буту-колун жерге тийгизбей чакыра турган адамдарына чуркатты (Жантөшев). Башка кишилер да дем алып, тынып чыкса, мунун буту-колу жерге тийбейт (Укаев).
Жаман-жакшы дебестен дегеле киши аттуунун баары, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тынгандары толуп келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып, төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).
Адам аттуулардын баары, бири калбай, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тыңгандары толук келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып... төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).
1. Көбүнчө таптоодо турган күлүктүн кандайдыр табынан бузулуп, аксап калышына карата айтылат. Оң бутум бутуна жем түшкөн аттын бутундай дапдырактаганын байкаган чыгарсың (КОС). 2. өт. Жаңылышуу, жолунан адашуу. Жем түшүп кетип бутума желбей да калдым бир топ жыл (Сарногоев).
1. Көбүнчө таптоодо турган күлүктүн кандайдыр табынан бузулуп, аксап калышына карата айтылат. Оң бутум бутуна жем түшкөн аттын бутундай дапдырактаганын байкаган чыгарсың (КОС). 2. сүйл. Анча-мынча кырсыктан калуу, аксап калуу деген мааниде колдонулат.
Жалынып-жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү. Иштин акыйкатына көзүжеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Бердикеев). Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап (Осмоналиев). Ал кезде баары менин бутума жыгылып турушчу (Бердикеев).
Жалынып-жалбарып кечирим суроо, кечирип кой деп өтүнүү. Иштин акыйкатына көзү жеткен Муса Саадаттын бутуна жыгылып, кечирим сурады (Бердикеев). Эми тиги берендин бутуна жыгыл, кечке ыйлап (Осмоналиев). Ал кезде баары менин бутума жыгылып турушчу (Бердикеев).
Чоңойтуп, өстүрүп өз алдынча жашай ала тургандай абалга жеткизүү, эл катарына кошуу. Атаганат, уулумду бутуна тургузуп койсом, арманым болбос эле (Саатов).
Чоңойтуп, өстүрүп, өз алдынча жашай ала тургандай абалга жеткизүү, эл катарына кошуу. Атаганат, уулумду бутуна тургузуп койсом, арманым болбос эле (Саатов).
Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу. Менден улуу эжелерим, агаларым жогорку окуу жайларын бүтүшүп, бутуна туруп, өз орундарын таап кетишти («Ленинчил жаш»). Жаркымбайдын турмушу оңолду, бутуна турду (Бейшеналиев).
Өз алдынча оокат, тиричилик өткөрүү, өзүнчө жашоо мүмкүнчүлүгүнө жетишүү, турмуш-шарты оңолуу. Менден улуу эжелерим, агаларым жогорку окуу жайларын бүтүшүп, бутуна туруп, өз орундарын таап, кетишти («Ленинчил жаш»). Жаркынбайдын турмушу оңолду, бутуна турду (Бейшеналиев).
1. Бөлөк-бөлөк кылып майдалоо, майда бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу. Жамгыр козунун колун кол, бутун бут, санын сан кылып бүттү (Касымбеков). 2. Катуу жазалоо, тымтыракайын чыгаруу. Эми түшсөңөр соо калбайсыңар! Бутуңарды бут, колуңарды кол кыламын! (Ш. Үмөталиев).
1. Бөлөк-бөлөк кылып майдалоо, майда бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу. Жамгыр козунун колун кол, бутун бут, санын сан кылып бүттү (Касымбеков). 2. Катуу жазалоо, тымтыракайын чыгаруу. Эми түшсөңөр соо калбайсыңар! Бутуңарды бут, колуңарды кол кыламын! (үмөталиев).
Аябай катуу жүгүрүү, өтө ыкчам, тез жүгүрүү, өлөр-тирилерине карабай чымын-куюн болуу. Эч жакты карабай буту үзүлгөнчө чуркап бара жатты («Ала-Тоо»). Солдат буту үзүлгөнчө чуркаган бойдон кетти (Жантөшев).
Аябай катуу жүгүрүү, өтө ыкчам тез жүгүрүү, өлөр-тирилерине карабай чымын-куюн болуу. Эч жакты карабай буту үзүлгөнчө чуркап бара жатты («Ала-Тоо»). Солдат буту үзүлгөнчө чуркаган бойдон кетти (Жантөшев).