БУТУ-БУТУНА ТИЙБӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле..? (Укаев).