БУТУНА ЖЕМ ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Көбүнчө таптоодо турган күлүктүн кандайдыр табынан бузулуп, аксап калышына карата айтылат. Оң бутум бутуна жем түшкөн аттын бутундай дапдырактаганын байкаган чыгарсың (КОС). 2. сүйл. Анча-мынча кырсыктан калуу, аксап калуу деген мааниде колдонулат.