Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу. Ал турмушта бут тосуп жүрүүчү Арзыкулга окшогон кээ бир кишилерге баш ийгендигин белгилеп кетти (Байтемиров). Ичибизде душман бар, ал биздин ураанга жамынып, кыябы келген жерден бут тосуп жатат (Ашымбаев). Кандай максат менен аларга бут тосуп мүдүрүлткүсү келет? (Жантөшев). Мен сенин көңүлүңдү албай жүргөм, бут тоспоюн деп (Абылкасымова).