БУТ ТОСУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тороо, тоскоолдук кылуу. Ичибизде душман бар, ал биздин ураанга жамынып, кыябы келген жерден бут тосуп жатат (Ашымбаев). Кандай максат менен аларга бут тосуп мүдүрүлткүсү келет? (Жантөшев). Мен сенин көңүлүңдү албай жүргөм, бут тоспоюн деп (Абылкасымова).