Киргизско-русский словарь Юдахина
үй I
юрта, дом, жилище;
үйдүн ашы үйгө сонун погов. в чужой юрте пища хороша; чужая изба засидчива;
үйдүн көркү аялда красота юрты (дома) в жене;
үйгө кайт- возвратиться домой;
боз үй юрта;
ак үй
1) белая юрта;
2) синьцз. юрта;
3) богатая, роскошная юрта;
4) белёный дом;
чоң үй
1) большая юрта;
2) ист. наследственная юрта; отцовская юрта; юрта младшего сына;
3) (южн. башкы үй) ист. главная юрта в ауле, где жили богач или глава аула и его старшая жена;
кичи үй
1) маленькая юрта;
2) ист. малая юрта, где жили бедные родичи или люди незначительные;
чоң үйдө болчу чогулуш, кичи үйгө жыйын жыйыптыр фольк. сбор, который должен быть в главной юрте, он собрал в малой юрте;
3) ист. юрта младшей жены;
кара үй
1) бедная юрта;
2) южн. уст. женская половина юрты;
3) южн. маленькая юрта, которую берут на летовку;
кыргыз үй или кара үй южн. юрта;
там үй глинобитный дом;
постоянное жилище (в отличие от юрты);
ысык үй тяньш. постоянное жилище (глинобитное, кирпичное и т.п. - в отличие от юрты);
жалгыз үй
1) юрта, стоящая одиноко, отдельно от аула;
2) перен. человек, живущий на отшибе, отдельно от аула;
үйдөгү
1) тот, кто в доме;
2) перен. муж;
3) перен. жена;
жер үй землянка;
балдар үйү детский дом, детдом;
кызыл үй красная юрта;
төрөт үйү родильный дом;
маданий үй дом культуры;
дем алыш үйү дом отдыха;
үй-жай жилище;
үй-жай кооперативи жилищный кооператив;
үй-жай шарттары жилищные условия;
үй тик- ставить юрту;
үй көтөр- ист. ставить юрту со специальной целью (напр. к приезду почётных гостей);
үй көтөрт- понуд. от үй көтөр-;
көтөртүп койгон үйү жок, көрүшүп келген бийи жок фольк. нет юрты, специально для него поставленной, нет биев (см. бий II), пришедших приветствовать (т.е. встречают его без почёта);
үй сал- или үй кур- строить дом;
үйлөр кирпичтен курулуп жатат дома строятся из кирпича;
үйгө чык- выйти замуж;
үй жаны уст. свадебный обряд: первое посещение женихом невесты в особой юрте;
үй ичи или үй-бүлө семейство, семья;
бүтүн үй-бүлөсү менен (он) со всей своей семьёй;
үй-бүлөчүлүк семейственность;
үйдүн боочусу тың
1) у него юрта в полном порядке;
2) он живёт в достатке;
үйдөй одинокий, одиноко стоящий;
үч миң киши, үйдөй мен фольк. три тысячи человек (врагов) - я (против них) одинок;
жандын үйү душка (ямочка на горле);
өлөр жериң ушу - деп, жандын үйүн туштады фольк. убойное место здесь, мол, он направил (удар) в душку;
үйүн күйгүр! бран. сгори твой дом!;
үйүң күйгүрлөр! бран. чтоб им...!;
үйүмдү таппай каламын я (если всё это съем или выпью) дома своего не найду, я до дома не дойду;
үй күчүк см. күчүк;
үй үстүнөн см. үст.
үй II
алдо-үй! баю-бай!
үй- III
складывать в кучу;
көң үй- складывать в кучу навоз;
чөп үй- складывать в копны, в стога траву, сено;
жаман бука өз башына чөп үйөт погов. дрянной бык (рогами) на свою голову траву складывает (проявляет излишнюю энергию).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров).
2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев).
3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү.
Боз үй — айрым көчмөн элдердин кийизден жасалган (адатта конус формасындагы) үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). Там үй — дубалдары топурактан согулган же кирпичтен тургузулган үй. Көшөгө ачылганда Пармандын жаңы салынган татынакай там үйүнүн ичи көрүнөт (Бөкөнбаев). Жолум үй — малчылар тигүүчү жеңил үй; түндүккө ууктар гана сайылып, кийиз жабылган кичинекей алачык. Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен («Эр Табылды»). Жолум үйдөй көбүктү, Жол четине чачтырып («Семетей»). Жер үй — жерден казып жасалган үй (кээ бир учурларда үстү жагына бир аз кошумча дубал көтөрүлүп коюлат). Кызыл үй к. кызыл. Үй-жай — турак жай, үй жана ага тиешелүү мүлк. Үй-жай куруп, бала-чакалуу болушуп өмүр сүрүшөт (Жантөшев). Үй бетин көрбөөүйүндө болбоо, көбүнчө сыртта, үйдөн сырткаары жакта болуу, сыртта жүрүү. Үй көтөрүү1) жаңы үй (боз үй) жасоо;
2) белгилүү бир максатка ылайык (мис., келген коноктор үчүн) үй тигүү.
ҮЙ II этиш. Бир жерге жыюу, жыйноо, дөбөлөп чогултуу, үймөктөө. Алты кырдын үймөгүн, Жалгыз үйөт, кыздар ай (Осмонов). Аппак-аппак пахтаны, Ар жерге үйгөн көбөйтүп (Нуркамал).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Домашний банкинг (Home-banking) —Способ удаленного банковского обслуживания "на дому" и предоставления банками розничных услуг клиентам (физическим и юридическим лицам) посредством подключения домашних или офисных терминалов (персональный компьютер, стационарный телефон) к компьютерной сети банка.  

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үйгө жолобоо. Үйүндө болбоо, көбүнчө үйдөн сырткары жакта болуу. Күн-түн үй бетин көрбөй ат үстүндө чапкылап жүрөт (Укаев). Басмачылардын артынан сая түшкөн атасы үй бетин чанда көрчү (Өмүрбаев). Ал күндүр-түндүр үй бетин көрбөйт (Саатов). Өзгөчө эгин-жыйын келгенде аптасы менен үй бетин көрбөйт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйгө жолобоо, үйүндө болбоо, көбүнчө үйдөн сырткары жакта болуу. Күн-түн үй бетин көрбөй ат үстүндө чапкылап жүрөт (Укаев). Басмачылардын артынан сая түшкөн атасы үй бетин чанда көрчү (Өмүрбаев). Ал күндүр-түндүр үй бетин көрбөйт (Саатов). В.: Үй бетине жолобоо. Үй бетине жолобой шаардан шаар кыдырып, о далай жыл өттү (Борбиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ – өзара никеде, тууганчылыкта же чогуу жашоо мамилелеринде турган адамдар. Ү. мыйзамдарда кеңири жолуга турган, бирок укуктук эмес, социологиялык мүнөз күткөн аталгы. Укуктун аргандай тармагында (үйбүлө, жарандык, эмгек) ага аргандай маани жүктөлөт. Үйбүлө укугунун теориясында (юридикалык маанисинен алганда) никеден, тууганчылыктан, бала асыроодон же дагы башка баланы тарбиялоого алуудан улам келип чыгып, өзара мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укук менен милдеттерге байланган, ошондой эле үйбүлө мамилелерин бекемдөө менен аны андан ары өркүндөтүүгө чакырылган жактар алкагы катары аныкталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨГӨ ЖАНА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРГЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, үйбүлөнүн талаптагыдай жашоосуна, жашы жете электерди адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзгөн коомдук мамилелерге кол салуучу кылмыштар. Андайларга: аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу, эки же андан көп аял алуу, ата-эненин балдарды багуудан качуусу ж. б. кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ ДАБАГЕРИ – жынысына карабастан, үйбүлө мүчөлөрүнө алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын көп тармактуу даярдыктан өткөн дабагер. Ү. д-нин иш-аракет тартиби КР Өкмөтү жана тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЖЫНЫСТЫК ЗОМБУЛУК – бир үйбүлө мүчөсүнүн башка бир үйбүлө мүчөсүнүн жыныстык колтийбестиги менен жыныстык эркиндигине тийиштик кылган жосун, ошондой эле эрезеге жетелек үйбүлө мүчөсүнө карата жанкумарын кандыруу мүнөзүндөгү аракет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУККА СОЦИАЛДЫК ЖОЛ БЕРБӨӨ – коркунучту жоюу, ага учураган адамдын коопсуздугун зарыл кырдаалдар келип чыкканда дароо камсыз кылуу, ошондой эле зомбулук көрсөткөн адамдардын укукка сыйбаган кайталанма жана тутумдуу иш-аракеттерине жол бербөө максатында үйбүлөнүн көзкаранды мүчөсүнүн денсоолугуна жана өмүрүнө тикелей коркунуч туулганда тийиштүү кызмат тарабынан тез арада көрсөтүлүүчү социалдык колдоо.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТАН СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК КОРГОО – үйбүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү жолу менен үйбүлөдөгү кыйынчылыктуу турмуштук жагдайды чечүү, талаптагыдай үйбүлө мамилелерин калыбына келтирүүдө үйбүлөгө жардам берүү, жүрүм-турумду оңдоо үчүн чараларды иштеп чыгуу жаатындагы тийиштүү кызматтардын иштери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУК (ҮЙБҮЛӨ ЗОМБУЛУГУ) – бир үйбүлө мүчөсүнүн башка үйбүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен, ага денебойлук жана психологиялык азаптартуу жана моралдык зыян алып келген, болбосо жашы жетелек үйбүлө мүчөсүнүн инсандык же денебой өсүшүнө коркунуч келтирген баардык аракеттери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ КҮЧ ЗОМБУЛУГУ – адамдын денеси менен психикасынын саламаттыгына зыян тийгизе турган, анын адамдык ар-намысына шек келтире турган, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денебой жана кертбашынын өнүгүүсүнө тоскоол боло турган же үйбүлө мүчөсүн өлүмгө алып келе турган бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн кыйноосу же атайылап уруп-сабоосу, денсоолугуна залал келтирүүсү, бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн эркин жүрүүсүнөн, туракжайынан, тамак-аштан, кийим-кечеден, дагы башка жашоо шартынан атайылап ажыратуусу, оор кара жумуш жасоого мажбурлоосу, ошондой эле ата-энесинин, асыроочунун, өз үйбүлөсүндө тарбыялоого алуучунун эрезеге жетелек балдарды багуудан, алардын денсоолугу менен жеке коопсуздугуна кам көрүүдөн баштартуусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ МЕНЧИГИ – кээбир өлкөлөрдөгү мазмуну менен субъектиси айрым мыйзам тутумдарынан кыйла айырмаланып турган өзалдынча менчик таризинин (түрүнүн) бири. КР мыйзамдарында «Ү. м.» аталгысы колдонулбайт; Ү. м. жубайлардын биргелешкен менчиги деген түшүнүктү билдирет, т. а. жубайлар никеде турган учурда тапкан мүлк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨСҮ – 1) үйбүлөлүк мамилелерге негизделген укуктарга ээ жана жоопкерчиликтерди да тартуучу адам; 2) аялы/күйөөсү, ошондой эле балдар жана жубайлардын экөөнүн тең багуусундагы, алар менен кошо жашап жүрүшкөн ата-энелери.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫ – нике-үйбүлө жана ага байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укук актыларынын жыйындысы. Кээде Ү. м-нын негизги башаттарына кайчы келбегендиктен, үйбүлө мамилелерине карата жарандык укук ченемдери да (анын ичинде аналогиясы боюнча) колдонулушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨНҮ ПЛАНДАШТЫРУУ – бала төрөө же төрөлгөн баладан баштартуу, алардын саны, төрөттөр аралгы, тандоо ынанымын камсыз кылууга жол ача турган маалыматтар менен каражаттарды алуу жөнүндөгү жубайлар же айрым жарандар тарабынан тандап алуу менен аны жүзөгө ашырууга багытталган ишчаралар тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨ УКУГУ – КР укугунун салттуу тармактарынын бири. Башкалар сындуу эле, ал өзүнө үйбүлө мыйзамдарын, Ү. у. илимин жана тийиштүү окуу сабагын камтып турат. Ал никеге туруу, никени токтотуу жана аны жараксыз деп табуу шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-эне менен балдардын (асыроочулар менен асырандылардын), үйбүлө мыйзамдарында каралган учурда жана анын чегинде, башка туугандар менен башка жактардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле ата-энелеринин кароосунан тышкары калган балдарды үйбүлөдө жайгаштыруу тариздери менен тартибин аныктайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛҮДӨГҮ ПСИХИКАЛЫК ЗОМБУЛУК – бир үйбүлө мүчөсүнүн экинчи бир үйбүлө мүчөсүнүн ар-намысына атайылап шек келтирүүсү же анын ден-соолугуна коркунуч туудура турган, ошондой эле эрезеге жетелек үйбүлө мүчөсүнүн акыл-эс, дене-бой, инсандык жактан жетилишине кедерги боло турган коркутуп-үркүтүү, мазактоо, басмырлоо аркылуу бир нерсеге мажбурлоосу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшы аралаша албай четтөө, өзүн ашыкча коомай сезүү, батына албагандай ыңгайсыз абалда болуу. Ошондо Сарбакеңди көрүп ал. Баатыр акеси же бир үйгө батсачы да, же бир көчөгө батсачы! (Жусупов). В.: Үйгө сыйбоо. – Жеңекебай, атакем айткандай үйгө сыйбай баратам (Бейшеналиев). Отоолотоор кыз өзү да үйгө сыйбай баратат (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙДӨН ЧЫГАРЫП САЛУУ – туракжай укугунда мамлекетке же коомдук туракжай фондуна тийешелүү үйдөгү ээлеген туракжайынан мыйзамда каралган негизде Ү. ч. с. Ал сот тартибинде жүргүзүлөт. Туракжайды суроо-сопкутсуз ээлеп алгандар же ээнбаштык менен үйгө кирип алгандар гана прокурордун санкциясы аркылуу административдик тартипте чыгарылат. Мыйзамда каралган учурлардан башка кездерде, чыгарылгандарга ошол замат бөлөк туракжай берилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үй ичинде катуу ызы-чуу түшкөн абал болуу, үнүн, дабышын өтө бийик, катуу чыгаруу. Ушул отурушту балыкчылар балык бөлүшүп жаткандай, үйдү баштарына көтөрө бакылдашып, жарыша сүйлөп, дуулдашып жатты (Укаев). Бала үйдү башына көтөрүп аңылдап коё берди («Ала-Тоо»). Карымшак жин тийгендей айкырып, үйдү башына көтөрдү (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үй ичинде катуу ызы-чуу түшкөн абал болуу, үнүн, дабышын өтө бийик, катуу чыгаруу. Ушул отурушту балыкчылар балык бөлүшүп жаткандай, үйдү баштарына көтөрө бакылдашып, жарыша сүйлөп, дуулдашып жатты (Укаев). Бала үйдү башына көтөрүп аңылдап коё берди («Ала-Тоо»). Карымшак жин тийгендей айкырып, үйдү башына көтөрдү (Мырзаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Опур-топур болуп, кайра-кайра, үстү-үстүнө келе берүү, үйгө толо кирип-чыга берүү же ызы-чуу, баш аламан, иретсиз абалда болуу. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» дегендер үйдүн ичин үч көтөрүүдө (Жантөшев). Эл Эсен менен Эшенкулдун үйүн үч көтөрүүдө (Бейшеналиев). Эртең менен эрте туруп үй ичин үч көтөрө сапырып чыктым («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйдү ополоң-тополоң кылып жиберүү, топуратуу. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» дегендер үйдүн ичин үч көтөрүүдө (Жантөшев). Эл Эсен менен Эшенкулдун үйүн үч көтөрүүдө (Бейшеналиев). Эртең менен эрте туруп үй ичин үч көтөрө сапырып чыктым. В.: Үйдү үч көтөрүү. Жентек жейбиз деген аялдар үйдү үч көтөрүп жатышты («Чалкан»). Балдар да уркурап-чуркурап үйдү үч көтөрүп жиберишти («Кыргызстан маданияты»). Ажарды бузган силерсиңер деп, өткөн түндө Итике үйүн үч көтөрүптүр (Жантөшев). В.: Үйдү түп көтөрүү. Атырылган жолборсторум, үйүн түп көтөрүүдө (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙ ЖАНДЫКТАРЫ – үйрөтүлгөн, жапайы эмес жаныбарлар. Ү. ж. ээсинин менчиги болуп эсептелет жана мыйзам тарабынан корголот. Ү. ж. жарандардын денсоолугуна келтирген зыян же мүлкүнө келтирген залал КР мыйзамдарында белгиленген тартипте калыбына келтирилет. Ү. ж-н, айрым алганда ит кармоо үчүн КР мыйзамдарында жыйым белгиленген. Жыйымдын төлөөчүлөрү жалпы пайдалануудагы үйлөрдө ит кармаган жеке жактар болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙ ЖУМУШЧУСУ – жалдоочу берген же жалдоочунун эсебинен сатылып алынган жабдууларды, жарак-жабдыктарды колдонуу менен, анын материалдарынан өз үйүндө кандайдыр бир жумушту аткаруу боюнча жалдоочу менен эмгек келишимин түзгөн адам.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(15 чарчы см) кылып, түз кылып тигет. Алар бири-бирине бой тирешип, «атаандашып» шоолдоп өсөт. Анын бутагы да аз көрүнөт. Мына ушул үй жыгачынын ойдогудай жердиги боло алат. Ал тиккен жыгач «калемче» деп аталат. Анын узундугу 15—20 см болот. Бул өзүнчө бутак, тамыр байлап өсүп чыгат. Узун-кыска, жоон-ичке болбой иштетүүгө оңой. Калемче жыгачтар үч-беш жылдын аралыгында матоого жарап калат. Үч жылдыгы алтымыш баш үйгө, беш жылдыгы сексен баш үйгө, жүз баш үйгө керектелет. Мына ушунун негизинде үй көлөмүнө жараша жыгачы аныкталат.
      Жыгачты түбүнөн такай кыюу керек. Анткени, ал матоого чыдамдуу болуп, кийин матоосу жанбайт. Жыгач катуу келет, чымыр көрүнөт. Себеби түбүнөн өнүп чыгат. Алсак, чалгынын туткасын ийиш үчүн да ушул калемче болуп тигилген жыгач керектелет.
      Үй жыгачын чеберлер көбүнчө октябрь, март айларынын аралыгында кыят. Бул учурунда тулкусунда маңызы аз болот да, жыгач борсубай, талаптагыдай кургоого ыңгайлуу келет. Кабыгы дароо аарчылат. Байкаган адамга жыгачта эки кабык көрүнөт. Мунун сырткы кабыгы көк, калың резина өңдүү болот. Ички кабыгы боз темгил өңдөнүп, жыгачтын өзүндө калат. Ал жыгачты жарылуудан сактайт. Көлөкөдө как кургагандан кийин аны иштетүүгө болот. Жыгач нымдуу чакта кармалса, матоосу кийин жанып кетет.
      Талас тарапта боз үйдүн жыгачы самби талдан тандалат. Аны өзүлөрү тигип алышат. Тигилүүчү талдын узундугу 30—40 см келип, анын өсүшүнө такай көз салбасаң чырмоок басат. Усталар айткандай, отоо чөп (зыянкеч чөп) «муунтуп», «жеп» таштайт. Тигилген чырпык төрт жылда үй жыгачына жарайт. Анын ордуна кайрадан талдар өсөт. Улам кыйган сайын бутактары көбөйүп, ал кайра үй жыгачына керектелет. Кыркылган тал көлөкөдө кургатылат. Тезге коердун алдында самби жыгачтын кабыгы аарчылат. Түрпүгө салынган уук-кереге сулуу көрүнөт да, жошону жакшы кабыл алат.
      Адатта, самби тал жерге жыш тигилет. Анын ар бирин чүпүрөк менен короолоп койгондо алты айга жетпей тал тегиз да, камчы саптай түз да өсөт. Муну үч метр болгондо кыят. Жердин шартына карата өсүмдүктөр бат, же кеч өсүшү ыктымал.
      Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар ыкталат. Шоолдоп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Демек, токойдун калың жеринин жыгачы түз жана ичкерээк келет. Мыкты жыгаччылар жердиктин мына ушундай ички бөтөнчөлүктөрүнө назар ташташат.
      Негизги жердик кара талды чеберлеп, суусунда чаап, бүтөөрдө туздуу сууга кайнатып алышат. Жыгач өтө суусунда да, кургагында да жарылат. Туз аны чыйралтат да, тарамыштай катуу кылып таштайт. Үч-төрт ай турганча тал-теректин кабыгы аарчылбайт, маңызы өзүнчө сиңип кетет. Биринчиден, жыгач жарылбайт, экинчиден, ал салмагын сактайт. Ага аталгы баштаган үч-төрт керкинин мизи тиет. Аны тегерек чөмүч, кашыктай кылып, курч металлдан усталар өзүлөрү жасап алышат. Азыр чеберлер электр араасын, түрдүү кол арааларын, өгөөлөрүн, түрпүлөрүн пайдаланышууда.
      Ат-Башы, Нарын тараптын үй жыгачтары бышык келет да, жасаган буюмуңду алган адам нап табат. Бирок, мында каратал иштетүүгө жеңил, урунууга морт келет. Себеп дегенде анын өзөгү жоон болуп, сынма.
      Кызыл тал ырас өсөт. Жумгал талы тамаркага тигишет. Жергиликтүү токой теректери бааланат. Мырза терек ал жактын климатына жараша көп чоңое албайт.
      Ат-Башы, Нарында үй жыгачына узанууда дагы бир ыкма бакты кесип келет. Бул аракет өсүмдүктүн жалбырагы түшкөндөн кийин, же өсүмдүк бүрдөгөнгө чейин башталат. Жыгаччы кесип коюп, ошол боюнча жайына таштабай арыдан-бери аарчып, ийрилерин түзөп, он-он бештен аяк-башынан таңып, дубалга жөлөп коет. Анын кайсынысы уукка, кайсынысы керегеге таандык экени билинет.
      Анда кабыктуу тал нымдуу жайда борсуйт. Анын кургак бети жарылма болуп калат.
      Кара тал бекем болуп, жылма чабылат. Муну таасын кургатуу үчүн табын билүү зарыл. Талды убагында чаап, шамал жана күндүн шооласын көрсөтпөй, көлөкөдө сактайт. Бирок, анын бутактуу жерлери өзөккө дейре кетет. Аны үрпү, ийги аркылуу кетиш керек. Минтпесе, ал кийин чордонуп, буюмдун абалын бузуп, жарака чыгарат. Кыскасы, жыгачтардын бутактуу жерлерин абайлоо тийиш. Мында он беш жылдык талдар иштетилүүдө ийкемдүү келет. Ансыз кара талдардын бутагы оюлма, кийин мең болуп калат.
      Кара талга караганда кайыңды иштетүү оңойдой сезилет. Кайың суу чагында шамалга бат жарылат. Муну чаап болуп, жымсалдоо мезгилинде эле туздуу сууга кайната коюу керек. Кайыңда бутак аз болот. Ак түскө айланып, кармалган буюмдар көрктүү көрүнөт. Мындан ашкана идиштери чабылат. Муну кургаткандан кийин да салмагы берки жыгачтардан оор болуп турат.
      Көк терек да анча чирибейт. Буюм суйкайып сыйда түшөт. Кыйып келгенде муну иштетүүбүз «чөп чапкандай» өтө жеңил. Убагында кургатылат, убагында чабылат. Кургаган чакта жиксиз кынапталып, бириктирүүгө да, кураштырууга да, желимди кармоого да жакшы келет.
      Кол башындай буюм-тайымдар үчүн липа талаптагыдай жердик боло алат. Сууга да, күнгө да, ысык суукка да чыдамдуу бул жарылып кетпейт. Бутаксыз өскөн аны жонуу жумшак, иштетүү жеңил.
      Кара жыгач жашында оңой иштетилгени менен кургаган чакта ага керки, чот өтпөй калат. Жыгачтардын устакерчиликке баш ийбеген учурлары да баамдалат. Демек, буюмдун формасын өзүндөй берүүгө жыгач анча моюн сунбай калат. Ал эми жыгачты курандылап, буюм жасоо жердиктин табиятына анча жатпайт. Ал табигый окшоштукка ээ боло албайт.
      Шамалдуу жайда дайыма термелип турган жыгачтар мыкты болот. Дайыма термелген жыгач ыкталат. Шоолдоп түз өсүп, шамал терметип тургандыктан ал копшолот. Карагайдын калың өскөн жери ичкерээк, түз келет. Жердин шартына карата өсүмдүк бат же кеч өсүшү да ыктымал. Боз үй көтөрүүдө бир нече усталардын түрдөнтүп кармаган айлакер чеберчиликтери баамдалат.
      Үй жыгачы — боз үйдүн сөөгү, үйдүн кептүү тигилиши, кээ бир чеберлер, адатта, жапайы талды кыйып, аны дароо аарчый коюп, ошол бойдон кургатып, анан кыкты «кордоо» аркылуу матоого алат. Талды мурун кыйса, анын ичи көңдөйлөнүп калат. Анда тал көөп турган мезгили
      болот да, тезге койгондо бортулдак келет. Боз үйдүн сөөгү үчүн суу жээгиндеги сайга чыккан талдар бышык көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Бул — уук, кереге жана түндүктү жасоо жолдору. Боз үйдүн жыгачын кармоодо чеберлердин бири-бирине окшобогон жекече чыгармачылык ыкмалары бар.
      Жыгачты матоодо «кызытуу» эң эски ыкма. Мында уук-керегелик жыгачтын учу чыкпагандай арыкча казылат. Ага койдун кыгын толтуруп, анын көк түтүнү көтөрүлгөнчө «кор» кылат. Ага жыгачты сойлотот. Мындай ыкманын бир жагынан опурталдуу жагдайы да сезилет. Кор калың болуп, өтө таптуу келсе жыгач чычала болуп, талдан коромжуга учурайт. Кээ бир тал какшып кетип, тезге салып басканда «кырс» этет. Чебер «тездин баскычы» сол капталына салып, кучкач ээрдин кошундусундай эки ачакей алиги тезге аштап, салмак менен басканда, алиги тал каалагандай ийилет. Мындай ыкманы колдонуу аркылуу чеберлер ууктун «тизгич сызмасы», «жабык башы» жана «кереге көзү» байлана турган тарабындагы ийгилүү жерин ойдогудай имерип алышат Тездин баскычысыз уукту, керегенин көзүн, түндүктүн чамгарактарын ийүүгө эч мүмкүн эмес.
      Айрым айылдарда үй жыгач кармоодо дагы мына мындай ыкманы колдонушат. Кыйылган тал жети күндүн ичинде аарчылат да, тезге коюлат. Мисалы, кайыңды кыйып келип, дароо аарчый коюп, анан аны какшытат. Муну матоого салаардын алдында бутактарын жонуп таштайт. Уук, кереге эки курдай маталат.
      Жыгаччылар үчүн түз тал, албетте, табылгыс. Бирок, узануу дайыма эле ойдогудай боло бербейт. Ошондуктан, ийри-сүйрү жыгачты да кадиксиз матоонун, аны октой түз кылуунун сырларын чеберлер мыкты билишет.
      Абалкы узанууну «кок» кылуудан баштаган менен анын ич ара айырмалуу жагы бар. «Кок» — койдун кыгын «түтөтүү» дегенди түшүндүрөт. Кыйылып келип, ак чечек болуп аарчылып коюлган жыгачтар ошол «кокко» сойлотулат. Талды коктун үстүнө салса, дүрт күйүп кетиши ыктымал. Демек, аны үйүлгөн кыктын түбүнө ыкшообуз керек. Талдарды «кокко» коюуну беш-алты минутадан ашырбоо зарыл. Мында бир саамда сегиз тал сойлотулат да, алардын кызуусун суутпай матаганча, кийинки талдар ойдогудай жибип, матоого даяр болуп калат. Анан матоодон чыккан жыгачтын ар биринин өңүн жылмалатуу үчүн бычак керек. Албетте, боз үйдүн керегесин жасоодо чеберлер адамдардын талабын эске алышат. «Жыйганда жеңдей кереге, Жайганда укмуш жашылат» (Ж. Садыков) кереге он үч көктүү, эң эле мыктысы он беш көктүү болот.
      Чебер эгер керегенин талын он беш көктүү кылгысы келсе, он төрт жолу, он үч көктүү кылса, он эки жолу үшкүлөйт.
      Үй жыгачтарына кызуу узануучуга биз үлгүнүн дагы бир катары мына бул ыкманы сунуш кылабыз: Кара талдын да жер шартына жараша ар кандай түрүн эске алып, аны кыйып, аарчып туруп, кургатсаң жеңили начар, салмактуу келсе, ошол мыкты болот. Ошентип, үй жыгачынын негизги жердигине турпан талдан өтөөрү жок. Мунун чырпыгын болушунча узун кыркуубуз керек. Аарчып туруп, түбүнөн тутам калтырып ийет. Болбосо тал жарылып кетет. Муну чеберлер көбүнчө март, апрель айларында кармашат.
      Аны ийүүнүн биринчи ыкмасы — койдун сары кыгын алып келип, кырдап төгөт да, тегиз коңур күйүп чыккандан кийин берки кыкты нымдуу кылып, үстүнө төгөт. Аркы чоктонгон отко жеткирбей, бери жагы ысыйт, ошого талдар сойлотулат. Демек, көтөрүлгөн буу сыртка чыгып кетпеси үчүн күрөктүн сырты менен кыкты улам таптап турат. Ошондо болжолдо 15—20—30 минутада жыгач ойдогудай жашыйт.
      Экинчиси, жылкы менен кой-эчкинин кыгын камдап алып, аны абдан аралаштырат, жыгач сойлогондой узун төгүп үйүп, ага суу аралаштырып, таптап койсо, бир-бир жарым күндө кык өзү эле кызыйт. Ага, сойлотулган жаш талдар бир-бир жарым саатта, кургаган талдар үч-төрт саатта матоого жарайт.
      75 баш үйдөн жогорулардын керегеси 15—17 көктөн турат. Болбосо, керегенин эриши кыска болот да, үй шоңшоюп, же жалпайып калат. Айрымдар кереге аттууларды эки түргө бөлүп узанышат. Он беш көктүүсүн «тор көз», он үч көктүүсүн «жел көз» деп атайт. Чынында, боз үйдүн ичи көркү тор көз керегени тигүүдөн бөтөнчө көрүнөт. (Төөнүн териси менен кереге көктөөдө этиеттик керек. Көк катуулук кылып, кереге элпек ачылып-бүктөлбөй коюшу да мүмкүн. Төө теринин жаңы ээр каптоодо сезилет. Бирок, бүгүн төө терисин табуунун өзү чынында кыйын.)
      Талды кыйып келип, эки учун кыркып, так ченеп, анын кабыгын аарчып туруп кургатат. Жалаң жылкынын кыгына суу сээп, үйүп койсо, ал үч күндүн ичинде өзүнөн-өзү кызып чыгат. Ошондо ортосун ачып, уук-керегелик жыгачтарды эки бөлүп жаткызат. Кызытылган кыкта күнү-түнү болот. Ушундан кийин четинен суутуп тезге коет. Анда чыканактай ийри жыгачтарды да октой түз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
      Матоодон ойдогудай чыккан жыгачты кырып-жышып, «кобулун» алып, аны сырдоого даярдайт. Сырдоодон чыккан керегенин баш-аягы өлчөнүп, темгек салынат. (Темгек салуу — көзөнөктөөчү жерин белгилөө.) Муну көзөө үчүн чеберлердин үшкүлөрү болот. Так баяндаганда жерге эки казыкты кагып, бирөө кайыш менен тартат, чёбер өзү керегени улам кыдыртып кармап турат. Көзөлгөн керегелер экиден кошоктоло жайылат да, көктөө аракети башталат.
      Боз үй тигүүнүн ата конушу Нарын аймагындагы усталардын үй жыгачка узанууларында өзүнчө бөтөнчөлүктөрү баамдалат. Үй жыгач үчүн атайын тал тигилет. Үч жылдан кийин анын бир түбүн кыйса, бутактарынан отуз кырктай майда чырпык шоолдоп өсөт. Ансыз өсүп турган талдар бат эле жапалактап куурай баштайт. Түнт болуп чыккан талды жаш талга айландырыш үчүн мезгил-мезгили менен кыйып суюлтуп турат. Кыйылган талдын жыйырма-отуздайын төрт жеринен зым аркылуу боолоп, аны көлөкө жайга он-он беш күндөй кургатат. Муну кайрадан чөөткө салып жашытат. Талды тезге коердун алдында, адаттагыдай, «корго» сойлотот. Төө терини сууга жибитип челдегенден кийин муну чебер жети-сегиз мм ден тилет. Жаткырылган кереге экиден бир, экиден бир байланыштырылат. Ошентип, үй канча баш тигилсе, кереге баштан туташ көктөлүп отурат.
      Элибизде сексен баш боз үйдүн бир канаты 16—17 баштан чыкса, аны «алты канат» дейбиз. Нарындык жыгаччылар тал аттууларды «көк тал» жана «ак тал» деп экиге бөлүшөт. Жумшак келип, бат эле матоосунан жанып кеткендиктен көк талдан боз үйдүн жыгачын кармашпайт. Жапайы талдардын ичинен сөгөт тал (кызыл тал) көп кездешет. Мунун көчөтүн өстүрүп, үй жыгачы үчүн узануубуз тийиш.
      Үй жыгачын ийиш үчүн адегенде алардын узун-кыскасын ченеп кесип алат. Даярдалган ууктук жана керегелик жыгачты түтөгөн морго салгандар бар. Кык күйүп кетпесин үчүн үстүнө суу бүркүп турат.
      Түштүк кыргыздарда үй жыгачын кызытуу бөтөнчөрөөк. Топурактан бийик меш (мор) жасайт. Анын моюн жагы ичке болот. Мордогу жыгач солкулдап жумшайт. Кадимки эле койдун саргектей жаңы кыгын бир чекесинен жайып, ага суу сээп, анын үстүнө кайрадан кык кошуп, дагы суу чачып, тизе боюндай сары кыр үйүлгөндө уук-керегелик талды ошого сойлотот. Билектей талдардын бир тобун, ошентип, катар сойлотуп жаткызгандан кийин анын үстүнө дагы кык бастырып, кайрадан чакалап сууну кол менен шапшып себет. Талды дагы үстүнө тизе баштайт. Акыры үйүлгөн кык балык жон болот. Бир жарым саат убакыттан кийин ысык буу өйдө көтөрүлүп чыгат.
      Анан жыгачтарды сууруп алганда ысыган жыгачтын илеби көпкө суубай, талаптагыдай жашып турат. Тезге дароо коюп, ийри-муйрусу жеңил түзөтүлөт.
      Айрым аймакта эчки талды «сомби тал» дейт. Кесилген карт талдардын ордуна майда талдар өсөт. Муну кыйып, нымдуу жерге атайын жыш тигип таштайт. Ал камчы саптай түз чыгып, өтө ийилгич келгендиктен, аны кыйып келип, кабыгын аарчыбай туруп кургатат. Бул да күзүндө кыркылат. Кабыгын дароо аарчыса, жыгач жарылма болот. Кыштай жаткан талды жазда сууга бир жумадай таштаса, ал аябай жибийт. Андан кийин кабыгы аарчылат да, тезге коет. Тарткычын учурунда жыгачтын кабыгы жылмаланып кетет. Талды кыйып келип, кабыгын дароо аарчып кургатып, анан тезге салууга да болот. Тал тарткыдан өткөндөн кийин матоого түшөт. Мурун үшкү аркылуу көзөлсө, алар азыр сверлону колдонуп жатышат.
      Үй жыгачтык талды январь, февраль айларында барып кыйгандар да бар. Ошол тапта өсүмдүктүн өзөгүнө суу жугузбай, жыгач Хаана бышып, катуусуна тарткан учуру болот. Калган чактары жыгачтардын кандайдыр борпоңдугу сезилет. Ошондо кыйылган жыгач майга дейре кыймылдабай бир орунда жатат. Тал эки айда талаптагыдай кургайт. Ал табы менен кургабаса жарылып кетет. Чеберлер жасап алган узундугу төрт метр бочкасына жыгачтарды толтура салат. Жел чыкпаган бууга талдарды эки саатча кармайт. Ошондо жыгач былпылдап жашыйт. Албетте, бул — жаңы ыкма, минтип буюм кармоо усталардын новатордугу болуп саналат.
      Матоодо жана тезге салууда кереге баштарын артка кайкалата, уук билериктерин имерилте ийген чеберчилик мында бөтөнчө сезилет. Натыйжада, боз үй өтө кептүү тигилет. Жоон талдарды (төрт чарчылап) тилип, аны кайнатып алып матаса, андан бетер мыкты болот. Чеберлер көркөм буюм кармоодо ар бир жыгачтын ийкемдүү жагдайларын жакшы билишет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга, Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров). Билем, иним, үйүң жок экендигин, Үйсүз жазган ырлардын текемдигин (Дүйшеев). 2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев). 3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). 4. диал. Килемдин ортосундагы туташ көчөттүн комплекси жана ал ээлеген аралык.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙКАМАК – кылмыш жүрүмүндөгү баскан-турганын чектөө, тыюу салуу түрүндө күнөөлөнүүчүгө карата көрүлгөн чара: а) белгилүү бир адамдар менен гана сүйлөшүү; б) кат-кабар алуу жана жөнөтүү; в) түнкүсүн үйүнөн чыкпоо; г) кылмыш иши өндүрүштө турган жердин тергөөчүсүнүн, соттун же органдын улуксатысыз административдик аймактын чегинен чыкпоо.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн. Атайдын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырышпады (Каимов). Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Ал үй күчүк болуп күйпүйүп жүргөн («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйдөн чыкпаган, эки жакка чыгып элге аралашпаган, үйдөн алыс кетпеген, дайыма үйдө жүргөн. Атасынын үй күчүк болушун көпчүлүк жактырышпады (Каимов). Мен үй күчүк болуп мында калышым кандай? («Ала-Тоо»). Ал үй күчүк болуп күпүйүп жүргөн.

Киргизско-русский словарь Юдахина
үйлө I
южн.
то же, что үлө;
Жунушаалынын уулун үйлөдүк, эми анын бизде үйлөсү калган жок сына Джунушалы мы женили, теперь с нас ему ничего не причитается (он свою долю получил).
үйлө- II
дуть, выдыхать;
үйлөп ич- пить, предварительно подув;
оозу күйгөн үйлөп ичет погов. у кого рот обожжён, тот пьёт подув; обжёгшись на молоке, станешь дуть и на воду;
от үйлө- раздувать огонь;
үйлөп койгон канаттай, үнгө келбей сулады фольк. он беззвучно свалился, будто пёрышко, на которое подули;
көөрүк уйлө- вздувать горн;
мен аны үйлөп жиберем стоит мне только дунуть на него (и он слетит);
көөкөр үйлө- (в народной медицине) вдувать ртом воздух в лёгкие больного.
үйлө- III
южн., сев. редко
женить;
уулуң үйлө, келин ал жени сына своего, возьми сноху;
көрөм десең урматын, уул үйлөп, кыз чыгар фольк. если хочешь быть у них в почёте (букв. видеть от них почёт), жени сына, выдай дочь.
үйлө- IV
үй үйлө- обзаводиться семьёй и домашним очагом;
жеңил үйлөп с лёгкой юртой;
жеңил үйлөп, көчө келген он прикочевал налегке (с лёгкими юртами).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ооздон аба агымын сыртка катуу күч менен чыгаруу. Уйкананын каалгасы сынып калыптыр — деди Шабыраалы үшүгөн колун үйлөй берип (Байтемиров). От үйлө.
2. Ичине толтуруу. Музоолору чандаят, Үйлөп койгон тулуптай (Үмөталиев). Үйлөгөн шардай.
ҮЙЛӨ II этиш. Турмуш курдуруу, аял алып берүү. Көрөм десең урматын, Уул үйлөп, кыз чыгар! (Токтогул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Отту үйлө деген учурдагы үйлө сөзү үй+ лө бөлүктөрүнөн турат. Анын үй уңгусу – үф! деп отту үйлөгөндө чыккан тууранды сөздүн ф тыбышы й тыбышына өткөн түрү. Түркмөн тилинде үфлө (ТРС, 674) болуп айтылган сөз кыргыз тилинде үйлө болуп айтылышы жогоркудай пикирди айтууга негиз боло алат. Көпчүлүк түрк тилдеринде үр сөзү «үйлө» маанисинде айтылат. Ал тилдерде ит үрдү деген учурда үр этиши айтылып, экөө омонимдик катарды түзөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооздон аба агымын сыртка катуу күч менен чыгаруу. Уйкананын каалгасы сынып калыптыр, – деди Шабыраалы үшүгөн колун үйлөй берип (Байтемиров). От үйлө. Үйлөбөңүз сезимимдин жарыгын, Үзгүм келбейт махабаттын тамырын (Акматалиев). 2. Ичине толтуруу. Музоолору чандаят, Үйлөп койгон тулуптай (Үмөталиев). Үйлөгөн шардай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от үйлөн-
1. женить;
2. выдать замуж;
3. поженить;
бой жетип чоңойгондо ата-энелери экөөнү үйлөнтүп коюшту когда (девушка и парень) достигли совершеннолетия, родители их поженили.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Эки жаштын баш кошуу, кызды узатуу, тосуп алуу салтына байланышкан элдик ырлар. Кыз узатуу кезинде жеңесинин ыры: Ичигим чечип кийишкен, Ичтейим ачып сүйлөшкөн. Көйнөгүм ачып кийишкен, Көңүлүм ачып сүйлөшкөн. Көйнөгүң калды иргеде, Көңүлүм жаман бирге эле... (Элдик ырдан).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий юрту, имеющий дом;
2. женатый, семейный;
үйлүү-жайлуу киши человек, имеющий свой домашний очаг;
мен үйлүү-жайлуу болом, мага да өзүм сүйгөн мейман келет я обзаведусь домашним очагом, ко мне тоже будут приходить любимые гости;
аз үйлүү (об ауле, селе) малолюдный;
азыраак үйлүү туугандар незначительное число родичей;
ак үйлүү ист. заложник (из представителей знати при дворе правителя противной стороны);
Манасты алам ак үйлүү, мага моюн сунсун деп фольк. Манаса я возьму заложником, чтобы мне он покорился;
уруу сайын бирден бий, кан алдында ак үйлүү, келсин Кокон шаарына стих. от каждого рода по одному бию (см. бий II) пусть явятся заложниками в город Коканд к хану.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Үйү бар. Жыргалбай алты канат ак үйлүү (Калык). Аппак үйлүү, зоот уйлуу, Колу иштүү, Ошо мен жеңекемди сагынам (Маликов).
2. Үйлөнгөн, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү бар. Балам үйлүү болду деп, Мамырап калды энеси (Тоголок Молдо). Мында бир үйлүү турпанчы бар экен (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үйү бар. Жыргалбай алты канат ак үйлүү (Калык). Аппак үйлүү, зоот уйлуу, Колу иштүү, Ошо мен жеңекемди сагынам (Маликов). 2. Үйлөнгөн, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү бар. Балам үйлүү болду деп, Мамырап калды энеси (Тоголок Молдо). Мында бир үйлүү турпанчы бар экен (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
собранный в кучу, в груду; куча, груда;
үймө кум груда песка, куча песка;
үймө саман куча соломы;
каймак аралашкан үймө кашык таруу полная ложка (жареного) пшена, смешанного со сливками;
үймө табак эт полное блюдо мяса;
үймө-жыйма полным-полно.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стог, скирда;
чөмөлө-үймөктөр копны и скирды (сена, соломы в поле);
үймөк үй- или чуйск. үймөк ат- скирдовать, складывать в скирды, в стога;
2. прям. , перен. груда, куча;
металл үймөгү груда металла;
жазылган кагаздардын үймөгү груда исписанной бумаги;
каталардын үймөгү уйма ошибок.

Киргизско-русский словарь Юдахина
р. ист. разг.
1. уезд;
Нарын үйөзү Нарынский уезд;
2. начальник уезда;
үйүңө үйөз конгондо стих. когда в твоей юрте останавливался начальник уезда;
3. уездное управление.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. бурный весенний горный поток;
кокту-колот жер менен үйөр агып, сел каптап фольк. ложбины и овраги заполнены бурными потоками и дождевой водой;
киргениңде агышың үйөр, көчкү кыяндай стих. в половодье твоё (река) течение подобно весеннему потоку, снежному обвалу, наводнению;
жазгы жүргөн үйөрдөй, жан-жанына урулду фольк. он метался из стороны в сторону, как весенний горный поток;
2. весенняя шуга;
ошо кезде Сыр-Дайра үстүнөн үйөр жүрүптүр фольк. в то время по Сыр-Дарье шла шуга;
күркүрөп суусу киргенде, үстүнөн үйөр жүргөндө фольк. когда там разливается река и поверх воды идёт шуга.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жазга маал суу үстүнөн калкып аккан муздар, муз агымы. Үн салып суусу киргенде, Үстүнөн үйөр жүргөндө («Семетей»).
2. Жазында кар эрип, мөңгү бузулуп көбөйгөн суу агымы. Жер жүзүн үйөр каптап келе жаткандай сезди (Жантөшев). Калкан кийген эр менен, Үйөр жүргөн сел менен («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жазга маал суу үстүнөн калкып аккан муздар, муз агымы. Үн салып суусу киргенде, Үстүнөн үйөр жүргөндө («Семетей»). 2. Жазында кар эрип, мөңгү бузулуп көбөйгөн суу агымы. Жер жүзүн үйөр каптап келе жаткандай сезди (Жантөшев). Калкан кийген эр менен, Үйөр жүргөн сел менен («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени (мис., ишти, техниканы ж. б.) билүү, өздөштүрүү, ага машыгуу, көнүгүү. Канча түрдүү техника, Үйрөнөбүз колхоздо (Барпы). Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Оку, иште, өнөр үйрөн, көптү бил, Ошону күт, эмгек менен таалай тап (Нуркамал).
2. Үйүр болуу, көнүп калуу, таанышып, аралашып кетүү. Эртерээк жетсем экен эми, Өзүмүн үйрөнгөн колхозума (Шүкүрбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
с предшеств. вин. п. научиться, обучиться;
мен трактор айдоону үйрөндүм я научился управлять трактором;
кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүн үчүн фольк. делаешь ты для других, а учишься для себя;
маселени тыкандык менен үйрөнүп тщательно изучив вопрос.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени (мис, ишти, техниканы ж.б.) билүү, өздөштүрүү, ага машыгуу, көнүгүү. Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Оку, иште, өнөр үйрөн, көптү бил, Ошону күт, эмгек менен таалай тап (Нуркамал). 2. Үйүр болуу, көнүп калуу, таанышып, аралашып кетүү. Канчалык кооз жерлерде жүрбөйүн, чоң шаарларды аралабайын, айлыма келсем өзүм үйрөнгөн жер, үйрөнгөн эл көзүнө ысык, көңүлүмө жакын көрүндү («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир ишти жаңыдан үйрөнүп, өздөштүрүп келе жаткан, үйрөнүү, өздөштүрүү аракетин жаңыдан баштаган адам. [Жүкөш] мурда шахтада үйрөнчүк болчу (Сасыкбаев). Сени биз номер биринчи цехине чогултуу иштери боюнча адистикке үйрөнчүк кылып бекители («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир ишти жаңыдан үйрөнүп, өздөштүрүп келе жаткан, үйрөнүү, өздөштүрүү аракетин жаңыдан баштаган адам. Жүкөш мурда шахтада үйрөнчүк болчу (Сасыкбаев). Сени биз номер биринчи цехине чогултуу иштери боюнча адистикке үйрөнчүк кылып бекители («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени билүүгө, өздөштүрүүгө машыктыруу, көнүктүрүү, окутуу, үйрөнгөн, билген деңгээлге жеткирүү. Үйрөтүп өнөр, билимди, Өстүрүп кадр камдаган (Осмонкул). Турмуш сырын үйрөткөн, Көркөм чечен сүйлөткөн (Аалы). Аялдарга ардак, сыйды мол кылып, Ар өнөрдөн калбагын деп үйрөткөн (Нуркамал).
2. Унаа катарында пайдаланууга, минүүгө көндүрүү. Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул). Сылап-сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
научить, обучить (кого-л. - с предшеств. дат. п., чему-л. - с предшеств. вин. п.);
мага трактор айдоону үйрөт научи меня управлять трактором;
уулуна темирчиликти үйрөттү он обучил своего сына кузнечному ремеслу;
бул сөздөрдү балдарга кимдер үйрөткөнүнө таң каласың удивляешься, кто научил детей этим словам;
колго үйрөт- приручать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени билүүгө, өздөштүрүүгө машыктыруу, көнүктүрүү, окутуу, үйрөнгөн, билген деңгээлге жеткирүү. Үйрөтүп өнөр, билимди, Өстүрүп кадр камдаган (Осмонкул). Турмуш сырын үйрөткөн, Көркөм чечен сүйлөткөн (Токомбаев). Аялдарга ардак, сыйды мол кылып, Ар өнөрдөн калбагын деп үйрөткөн (Нуркамал). 2. Унаа катарында пайдаланууга, минүүгө көндүрүү. Укуругун сүйрөткөн, Азоолорун үйрөткөн (Осмонкул). Сылап-сыйпап үйрөттү, Кайыштан чылбыр сүйрөттү (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Үйүр этишинин туюк мамилеси.
2. Чогулуу, жыйылуу. Үч каркыра боюна, Үйрүлүп жыйын салды эле («Манас»).
3. өт. Жакшы мамиле кылуу, абдан жакшы көрүү, жан-алы калбай жалынып жалбаруу. Ойготуп «албайын» деп үйрүлүп турган чоң эненин жүрөгү тыз этти (Сыдыкбеков). Үстүнө үйрүлүп түшүп, аны сооротууга кам урду (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от үйүр- II;
Үч-Каркыра боюна үйрүлүп, жыйын салды эми фольк. собравшись на берегу (речки) Уч-Каркыра, устроили сборище;
төбөсүнө камчы үйрүлдү ему угрожали плетью; его запугивали (букв. над его макушкой вращалась плеть);
бир азга тим болуп, кайра үйрүлүүчү он на некоторое время успокаивался, а потом опять начинал упрашивать;
үйрүлүп өтө жалынды она усиленно просила, умоляла;
тим эле үйрүлүп түшүп турат она просто души не чает;
үйрүлүп калат он не надышится на кого-л., от души готов сделать всё; не знает, как угодить;
үстүнө үйрүлүп түшө калат она от всего сердца готова всё сделать (напр. для любимого человека);
үйрүлүп үстүнө, айланып астына түшүүдө уж и не знает как угодить, куда посадить;
үйрүлөйүн то же, что айланайын (см. айлан-).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. үйүр этишинин туюк мамилеси. 2. Чогулуу, жыйылуу. Үч каркыра боюна, Үйрүлүп жыйын салды эми («Манас»). 3. өт. Жакшы мамиле кылуу, абдан жакшы көрүү, жан-алы калбай жалынып-жалбаруу. Ойготуп «албайын» деп үйрүлүп турган чоң эненин жүрөгү тыз этти (Сыдыкбеков). Үстүнө үйрүлүп түшүп, аны сооротууга кам урду (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кие турган эч нерсеси жок, такыр кийим-кечеси жок, жылаңач-жыртык деген мааниде. Эл жылаңач, үстүнө үйрүп салары жок, согуштун каары сөөгүнө жетти («Ала-Тоо»). Ошондо Абык деген кишинин тогуз баласы бар эле, эми анын турмушун айтпа, үстүлөрүнө үйрүп салар эч нерсеси жок, бардыгы түлөгөн кызыл гөш (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. собираться в кучу, в стаю;
2. быть в охоте (о собаках, хищных зверях); спариваться, токовать (о птицах);
бүркүт чын куранда үйүгүшөт, бугунун аягында зоого же чөлгө тууйт беркуты спариваются в месяце чын куран (см. куран II 2), а в конце месяца бугу (см.) кладут яйца на скалах или в степи;
3. (о людях) стать фактически мужем и женой.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акыры оңбосун, жакшылык көрбөсүн деген сыяктуу каргоо, тилдөө маанисинде колдонулат. Буулугуп чыдамы кеттиби, – Бузукунун үйү күйсүн! – деди (Ашымбаев). – О,-о, молдонун үйү күйсүн! – деди Чүкөбай (Баялинов). В.: Үйүң күйгүр! Үйүң күйгүр, кылган ишин кара! Балада эмне жазык, – деп жарданып турган эл соодагерди каргай башташты («Кыргызстан маданияты»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от үй- III
собираться или быть собираемым в кучу, в груду, сгрудиться;
кырманда буудай тоодой үйүлүп жаткан на току горой лежала пшеница;
Жаңыл келди-сүйүнчү, жандын баары үйүлчү стих. прибыла Джангыл - давайте подарок (см. сүйүнчү), народ весь собирайся;
жолуңа таш үйүлгүр! чтоб на твоём пути камни нагромоздились!; чтоб тебе пути не было!

Киргизско-русский словарь Юдахина
үйүлүү I
и. д. от үйүл-.
үйүлүү II
собранный в кучу, в груду;
отун үйүлүү топливо собрано в кучу;
үйүлүү турган тезектен алып келип, от жакты она взяла (немного) из собранного в кучу конского помёта и развела огонь.

Киргизско-русский словарь Юдахина
үйүлүш I
(ср. үлүш 2)
южн. этн.
компания, члены которой по очереди угощают остальных (летом на горных пастбищах).
үйүлүш- II
взаимн. от үйүл-;
калк үймөктөй үйүлүштү народ сбился в кучу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
үйүр I
1. косяк (несколько кобылиц и жеребец); стадо (коров или важенок с одним быком); стая (собак, волков);
бир айгыр үйрү косяк одного жеребца;
үйүр-үйүрү менен жүргөн жылкы кони, бродящие косяками (т.е. много коней);
айгырсыз үйүр косяк без жеребца;
айгырлуу үйүр косяк с жеребцом;
үйүр баса элек айгыр молодой жеребчик (ещё не имеющий косяка);
үйүрдөн адашкан жабагыдай элтеңдешип пугливо озираясь, как жеребёнок, отбившийся от косяка;
бугу үйрүн кайтарып калган эле это было время течки у оленей (букв. время, когда олень оберегает своих важенок);
үйүрү көп бука бык с большим стадом коров;
2. круг близких (семья в широком смысле: дети, внуки, ближайшие родственники, а также близкие друзья);
абышканын жакшысы - үйүрү көп букадай стих. лучший из стариков подобен быку с многочисленным потомством;
үйрү-тобубуз менен мы все вместе;
арык атка камчы үйүр, жыртык үйгө тамчы үйүр погов. с тощей лошадью плеть дружна, с рваной юртой капля дружна;
обу жокко кыйшаң үйүр погов. с чванливым угодливый в дружбе;
кошконго үйүр эмес, сүйгөнгө үйүр погов. в дружбе не с тем, за кого выдали, а с тем, кто полюбился; насильно мил не будешь;
үйүр бол- сдружиться;
үйүр ал- попривыкнуть, свыкнуться, войти в среду;
балдарга аз күндө үйүр алып кеттим я быстро сблизился, освоился с детьми;
мурунку үйүр алышкан жолдошторунан ажыраган он лишился прежних своих спутников, с которыми сжился;
ит үйүр болсо, жолборско үрөт погов. когда собака попривыкнет, она на тигра лает;
көз үйүр болгондон кийин когда уже глаз привык; когда уже присмотрелся;
көз үйүр алып, подвал жарык тартайын дейт глаз присмотрелся, и подвал становится светлее;
үйүр болгон жер насиженное место;
үйүргө кирип калган экенсиң ты уже жених (дорос до возраста);
үйүргө кире элексиң ты ещё (физически) не созрел;
үйүрүң менен үч тогуз! чтобы вас было три девятки! (говорит охотник, подходя к логову зверя).
үйүр- II
(деепричастие прош. вр. үйүрүп или үйрүп)
1. вращать (напр. решето с зерном при просеивании);
камчы үйүр- замахиваться плетью, вращая её над головой;
чокой үйүр- делать поршни (загибать и брать на вздёржку);
мөку - булгарыдан үйүргөн чокой тяньш. мөкү - это загнутые поршни из выделанной кожи;
жамачылуу көйнөктөн башка үстүндө үйрүп салган эчтеме жок на ней нет ничего, чем бы она была обвёрнута, кроме платья в заплатах;
2. (о жеребце) заворачивая, сгонять в кучу косяк;
түсүн үйүр- или иреңин үйүр- измениться в лице;
түсүн үйрүп бүркөлөт Байназарды көргөндө фольк. когда видит Байназара, она меняется в лице, мрачнеет;
акча дегенде үзүлүп түшүп, үйрүлүп калды на деньги он жадно набросился.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Малдын же жапайы айбандардын тобу. Үйүрүнөн бөлүнүп үйрөнбөгөн кара торпок анда-санда мөөрөп кылчактайт (Аалы). Карышкырлардын бир үйүрү тескейдин капчыгайын жойлоп кеткенин көрдүк дешип малчылар айтып келишкен (Сыдыкбеков).
2. Арасында бир эркеги бар топ мал (көбүнчө жылкы). Төш жактан үйүрүнөн адашкан айгыр азынады («Ленинчил жаш»). Үйүрү көп бука.
3. Үйрөнүшүп калган, жакын болуп кеткен, көнүшкөн. Байымбеттин ынагы Башынан үйүр бу дагы (Тоголок Молдо). Кыз балага кыз үйүр, Биздин кыз бирге жүрчү эле (Маликов).
4. Шыктуу. Сөзгө үйүр. Кепке үйүр.
ҮЙҮР II этиш. Имере экчөө (мис., эгинди калбырга элегенде), имере өкчөө (чүкөнү өкчөгөндө).
Камчысын үйүрүү — урам деп опузалоо, камчысын көтөрүп ызырынуу, тап берүү. Түсүн үйүрүү — жаалданып ачуусу келүү, кабагын чытуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. находящийся в одном с другими косяке, табуне и т. п;
2. перен. живущий с кем-л. в близком соседстве и в дружбе;
коңшулаш жүргөн коңурат, үйүрдөш жүргөн үйшүн бар фольк. есть живущий бок о бок (род) кунграт, есть в близком соседстве (род) уйшун.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(үйүрлүү)
имеющий косяк; собравшиеся в косяк, в стаю;
үйүрдүү айгыр жеребец, имеющий свой косяк;
үйүрлүү бөрү волчья стая, стая волков;
үйүрлүү бөрү турабы? Табылдыга жабылды фольк. разве волчья стая будет безучастна? она напала на Табылды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Малдын же жапайы айбандардын тобу. Үйүрүнөн бөлүнүп үйрөнбөгөн кара торпок анда-санда мөөрөп кылчактайт (Токомбаев). Карышкырлардын бир үйүрү тескейдин капчыгайын жойлоп кеткенин көрдүк дешип малчылар айтып келишкен (Сыдыкбеков). 2. Арасында бир эркеги бар малдын тобу (көбүнчө жылкы). Төш жактан үйүрүнөн адашкан айгыр азынады. 3. Үйрөнүшүп калган, жакын болуп кеткен, көнүшкөн. Байымбеттин ынагы, Башынан үйүр бу дагы (Тоголок Молдо). Кыз балага кыз үйүр, Биздин кыз бирге жүрчү эле (Маликов). 4. Шыктуу. Сөзгө үйүр. Кепке үйүр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. не отстающий от своего косяка (о лошадях); ревниво оберегающий свой косяк (о жеребце);
керкашка үйүрсөөк айгыр, жалгыз байтал үйүрүндө болбой калса, азынап издеп кетчү керкашка караковый лысый жеребец ревниво охраняет свой косяк, если одной кобылицы не окажется в косяке, он ржёт и разыскивает;
2. перен. общительный, очень привязанный к кому-чему-л.;
үйүрсөөк эмес экен он, оказывается, необщительный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнүн үйүрүнөн калбаган айгыр. Керкашка үйүрсөөк айгыр, жалгыз байтал үйүрүндө болбой калса, азынап издеп кетчү керкашка. 2. өт. Мамилечил, көпчүлүктү сүйүүчү, айбандарга бат үйүр алуучу. Үйүрсөөк адам жалгыздыкка чыдабайт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Домашнее хозяйство (Household) —Физическое лицо или группа физических лиц, которые проживают совместно, ведут совместное хозяйство, объединяют полностью или частично свои доходы и имущество и совместно потребляют определенные виды товаров и услуг (главным образом жилье и продукты питания). Домашние хозяйства могут осуществлять любую экономическую деятельность, в том числе производство.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙ ЭЭЛИКТЕРИ – жер участогунан жана ал жерге жайгашкан туракжай имаратынан же бирнече имараттан жана/же курулуштардан, ошондой эле дагы башка обьекттерден, анын ичинде көп жылдык бак-дарактар менен көлмөлөрдөн турган кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү комплекси.