ҮЙБҮЛӨ – өзара никеде, тууганчылыкта же чогуу жашоо мамилелеринде турган адамдар. Ү. мыйзамдарда кеңири жолуга турган, бирок укуктук эмес, социологиялык мүнөз күткөн аталгы. Укуктун аргандай тармагында (үйбүлө, жарандык, эмгек) ага аргандай маани жүктөлөт. Үйбүлө укугунун теориясында (юридикалык маанисинен алганда) никеден, тууганчылыктан, бала асыроодон же дагы башка баланы тарбиялоого алуудан улам келип чыгып, өзара мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укук менен милдеттерге байланган, ошондой эле үйбүлө мамилелерин бекемдөө менен аны андан ары өркүндөтүүгө чакырылган жактар алкагы катары аныкталат.
ҮЙБҮЛӨГӨ ЖАНА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРГЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, үйбүлөнүн талаптагыдай жашоосуна, жашы жете электерди адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзгөн коомдук мамилелерге кол салуучу кылмыштар. Андайларга: аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу, эки же андан көп аял алуу, ата-эненин балдарды багуудан качуусу ж. б. кирет.
ҮЙБҮЛӨ ДАБАГЕРИ – жынысына карабастан, үйбүлө мүчөлөрүнө алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүү боюнча атайын көп тармактуу даярдыктан өткөн дабагер. Ү. д-нин иш-аракет тартиби КР Өкмөтү жана тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЖЫНЫСТЫК ЗОМБУЛУК – бир үйбүлө мүчөсүнүн башка бир үйбүлө мүчөсүнүн жыныстык колтийбестиги менен жыныстык эркиндигине тийиштик кылган жосун, ошондой эле эрезеге жетелек үйбүлө мүчөсүнө карата жанкумарын кандыруу мүнөзүндөгү аракет.
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУККА СОЦИАЛДЫК ЖОЛ БЕРБӨӨ – коркунучту жоюу, ага учураган адамдын коопсуздугун зарыл кырдаалдар келип чыкканда дароо камсыз кылуу, ошондой эле зомбулук көрсөткөн адамдардын укукка сыйбаган кайталанма жана тутумдуу иш-аракеттерине жол бербөө максатында үйбүлөнүн көзкаранды мүчөсүнүн денсоолугуна жана өмүрүнө тикелей коркунуч туулганда тийиштүү кызмат тарабынан тез арада көрсөтүлүүчү социалдык колдоо.
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТАН СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК КОРГОО – үйбүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү жолу менен үйбүлөдөгү кыйынчылыктуу турмуштук жагдайды чечүү, талаптагыдай үйбүлө мамилелерин калыбына келтирүүдө үйбүлөгө жардам берүү, жүрүм-турумду оңдоо үчүн чараларды иштеп чыгуу жаатындагы тийиштүү кызматтардын иштери.
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУК (ҮЙБҮЛӨ ЗОМБУЛУГУ) – бир үйбүлө мүчөсүнүн башка үйбүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен, ага денебойлук жана психологиялык азаптартуу жана моралдык зыян алып келген, болбосо жашы жетелек үйбүлө мүчөсүнүн инсандык же денебой өсүшүнө коркунуч келтирген баардык аракеттери.
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ КҮЧ ЗОМБУЛУГУ – адамдын денеси менен психикасынын саламаттыгына зыян тийгизе турган, анын адамдык ар-намысына шек келтире турган, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денебой жана кертбашынын өнүгүүсүнө тоскоол боло турган же үйбүлө мүчөсүн өлүмгө алып келе турган бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн кыйноосу же атайылап уруп-сабоосу, денсоолугуна залал келтирүүсү, бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн эркин жүрүүсүнөн, туракжайынан, тамак-аштан, кийим-кечеден, дагы башка жашоо шартынан атайылап ажыратуусу, оор кара жумуш жасоого мажбурлоосу, ошондой эле ата-энесинин, асыроочунун, өз үйбүлөсүндө тарбыялоого алуучунун эрезеге жетелек балдарды багуудан, алардын денсоолугу менен жеке коопсуздугуна кам көрүүдөн баштартуусу.
ҮЙБҮЛӨ МЕНЧИГИ – кээбир өлкөлөрдөгү мазмуну менен субъектиси айрым мыйзам тутумдарынан кыйла айырмаланып турган өзалдынча менчик таризинин (түрүнүн) бири. КР мыйзамдарында «Ү. м.» аталгысы колдонулбайт; Ү. м. жубайлардын биргелешкен менчиги деген түшүнүктү билдирет, т. а. жубайлар никеде турган учурда тапкан мүлк.
ҮЙБҮЛӨ МҮЧӨСҮ – 1) үйбүлөлүк мамилелерге негизделген укуктарга ээ жана жоопкерчиликтерди да тартуучу адам; 2) аялы/күйөөсү, ошондой эле балдар жана жубайлардын экөөнүн тең багуусундагы, алар менен кошо жашап жүрүшкөн ата-энелери.
ҮЙБҮЛӨ МЫЙЗАМДАРЫ – нике-үйбүлө жана ага байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укук актыларынын жыйындысы. Кээде Ү. м-нын негизги башаттарына кайчы келбегендиктен, үйбүлө мамилелерине карата жарандык укук ченемдери да (анын ичинде аналогиясы боюнча) колдонулушу мүмкүн.
ҮЙБҮЛӨНҮ ПЛАНДАШТЫРУУ – бала төрөө же төрөлгөн баладан баштартуу, алардын саны, төрөттөр аралгы, тандоо ынанымын камсыз кылууга жол ача турган маалыматтар менен каражаттарды алуу жөнүндөгү жубайлар же айрым жарандар тарабынан тандап алуу менен аны жүзөгө ашырууга багытталган ишчаралар тутуму.
ҮЙБҮЛӨ УКУГУ – КР укугунун салттуу тармактарынын бири. Башкалар сындуу эле, ал өзүнө үйбүлө мыйзамдарын, Ү. у. илимин жана тийиштүү окуу сабагын камтып турат. Ал никеге туруу, никени токтотуу жана аны жараксыз деп табуу шарттары менен тартибин белгилейт, үйбүлө мүчөлөрүнүн: жубайлардын, ата-эне менен балдардын (асыроочулар менен асырандылардын), үйбүлө мыйзамдарында каралган учурда жана анын чегинде, башка туугандар менен башка жактардын ортосундагы мүлктүк эмес жеке жана мүлктүк мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле ата-энелеринин кароосунан тышкары калган балдарды үйбүлөдө жайгаштыруу тариздери менен тартибин аныктайт.