Үйбүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ҮЙБҮЛӨДӨГҮ ЗОМБУЛУКТАН СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК КОРГОО – үйбүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү жолу менен үйбүлөдөгү кыйынчылыктуу турмуштук жагдайды чечүү, талаптагыдай үйбүлө мамилелерин калыбына келтирүүдө үйбүлөгө жардам берүү, жүрүм-турумду оңдоо үчүн чараларды иштеп чыгуу жаатындагы тийиштүү кызматтардын иштери.