Үйбүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ҮЙБҮЛӨГӨ ЖАНА ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕКТЕРГЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, үйбүлөнүн талаптагыдай жашоосуна, жашы жете электерди адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзгөн коомдук мамилелерге кол салуучу кылмыштар. Андайларга: аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу, эки же андан көп аял алуу, ата-эненин балдарды багуудан качуусу ж. б. кирет.