ҮЙҮ КҮЙСҮН!
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Акыры оңбосун, жакшылык көрбөсүн деген сыяктуу каргоо, тилдөө маанисинде колдонулат. Буулугуп чыдамы кеттиби, – Бузукунун үйү күйсүн! – деди (Ашымбаев). – О,-о, молдонун үйү күйсүн! – деди Чүкөбай (Баялинов). В.: Үйүң күйгүр! Үйүң күйгүр, кылган ишин кара! Балада эмне жазык, – деп жарданып турган эл соодагерди каргай башташты («Кыргызстан маданияты»).