Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдар тура турган турак жай. Ак үй салган адамга, Акиташ менен бор кызык (Осмонкул). Сабыр сабакты начар өздөштүргөн балдардын үйлөрүнө кирип жүрдү (Сыдыкбеков). Кебек карыя менен коштошкондон кийин, Андрей үйүнө чейин ойлонуп барды (Байтемиров). Билем, иним, үйүң жок экендигин, Үйсүз жазган ырлардын текемдигин (Дүйшеев). 2. Имарат. Станциянын жаңы үйлөрү тоодон ашып тийген күндүн нуруна бөлөндү (Сасыкбаев). 3. Ар түрдүү коомдук керектөөлөрдү тейлөөчү жай, мекеме. Дем алуу үйү. Окуу үйү. Төрөт үйү. Маданият үйү. Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). Сонун жасалгалуу боз үй (Жантөшев). 4. диал. Килемдин ортосундагы туташ көчөттүн комплекси жана ал ээлеген аралык.