ҮЙҮР І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Малдын же жапайы айбандардын тобу. Үйүрүнөн бөлүнүп үйрөнбөгөн кара торпок анда-санда мөөрөп кылчактайт (Токомбаев). Карышкырлардын бир үйүрү тескейдин капчыгайын жойлоп кеткенин көрдүк дешип малчылар айтып келишкен (Сыдыкбеков). 2. Арасында бир эркеги бар малдын тобу (көбүнчө жылкы). Төш жактан үйүрүнөн адашкан айгыр азынады. 3. Үйрөнүшүп калган, жакын болуп кеткен, көнүшкөн. Байымбеттин ынагы, Башынан үйүр бу дагы (Тоголок Молдо). Кыз балага кыз үйүр, Биздин кыз бирге жүрчү эле (Маликов). 4. Шыктуу. Сөзгө үйүр. Кепке үйүр.