ҮЙДҮН ИЧИН ҮЧ КӨТӨРҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Үйдү ополоң-тополоң кылып жиберүү, топуратуу. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» дегендер үйдүн ичин үч көтөрүүдө (Жантөшев). Эл Эсен менен Эшенкулдун үйүн үч көтөрүүдө (Бейшеналиев). Эртең менен эрте туруп үй ичин үч көтөрө сапырып чыктым. В.: Үйдү үч көтөрүү. Жентек жейбиз деген аялдар үйдү үч көтөрүп жатышты («Чалкан»). Балдар да уркурап-чуркурап үйдү үч көтөрүп жиберишти («Кыргызстан маданияты»). Ажарды бузган силерсиңер деп, өткөн түндө Итике үйүн үч көтөрүптүр (Жантөшев). В.: Үйдү түп көтөрүү. Атырылган жолборсторум, үйүн түп көтөрүүдө (Бейшеналиев).