ҮЙДҮН ИЧИН ҮЧ КӨТӨРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Опур-топур болуп, кайра-кайра, үстү-үстүнө келе берүү, үйгө толо кирип-чыга берүү же ызы-чуу, баш аламан, иретсиз абалда болуу. «Келинди келгенде көр, кемпирди өлгөндө көр» дегендер үйдүн ичин үч көтөрүүдө (Жантөшев). Эл Эсен менен Эшенкулдун үйүн үч көтөрүүдө (Бейшеналиев). Эртең менен эрте туруп үй ичин үч көтөрө сапырып чыктым («Советтик Кыргызстан»).