Киргизско-русский словарь Юдахина
үйлө I
южн.
то же, что үлө;
Жунушаалынын уулун үйлөдүк, эми анын бизде үйлөсү калган жок сына Джунушалы мы женили, теперь с нас ему ничего не причитается (он свою долю получил).
үйлө- II
дуть, выдыхать;
үйлөп ич- пить, предварительно подув;
оозу күйгөн үйлөп ичет погов. у кого рот обожжён, тот пьёт подув; обжёгшись на молоке, станешь дуть и на воду;
от үйлө- раздувать огонь;
үйлөп койгон канаттай, үнгө келбей сулады фольк. он беззвучно свалился, будто пёрышко, на которое подули;
көөрүк уйлө- вздувать горн;
мен аны үйлөп жиберем стоит мне только дунуть на него (и он слетит);
көөкөр үйлө- (в народной медицине) вдувать ртом воздух в лёгкие больного.
үйлө- III
южн., сев. редко
женить;
уулуң үйлө, келин ал жени сына своего, возьми сноху;
көрөм десең урматын, уул үйлөп, кыз чыгар фольк. если хочешь быть у них в почёте (букв. видеть от них почёт), жени сына, выдай дочь.
үйлө- IV
үй үйлө- обзаводиться семьёй и домашним очагом;
жеңил үйлөп с лёгкой юртой;
жеңил үйлөп, көчө келген он прикочевал налегке (с лёгкими юртами).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Ооздон аба агымын сыртка катуу күч менен чыгаруу. Уйкананын каалгасы сынып калыптыр — деди Шабыраалы үшүгөн колун үйлөй берип (Байтемиров). От үйлө.
2. Ичине толтуруу. Музоолору чандаят, Үйлөп койгон тулуптай (Үмөталиев). Үйлөгөн шардай.
ҮЙЛӨ II этиш. Турмуш курдуруу, аял алып берүү. Көрөм десең урматын, Уул үйлөп, кыз чыгар! (Токтогул).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Отту үйлө деген учурдагы үйлө сөзү үй+ лө бөлүктөрүнөн турат. Анын үй уңгусу – үф! деп отту үйлөгөндө чыккан тууранды сөздүн ф тыбышы й тыбышына өткөн түрү. Түркмөн тилинде үфлө (ТРС, 674) болуп айтылган сөз кыргыз тилинде үйлө болуп айтылышы жогоркудай пикирди айтууга негиз боло алат. Көпчүлүк түрк тилдеринде үр сөзү «үйлө» маанисинде айтылат. Ал тилдерде ит үрдү деген учурда үр этиши айтылып, экөө омонимдик катарды түзөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооздон аба агымын сыртка катуу күч менен чыгаруу. Уйкананын каалгасы сынып калыптыр, – деди Шабыраалы үшүгөн колун үйлөй берип (Байтемиров). От үйлө. Үйлөбөңүз сезимимдин жарыгын, Үзгүм келбейт махабаттын тамырын (Акматалиев). 2. Ичине толтуруу. Музоолору чандаят, Үйлөп койгон тулуптай (Үмөталиев). Үйлөгөн шардай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от үйлөн-
1. женить;
2. выдать замуж;
3. поженить;
бой жетип чоңойгондо ата-энелери экөөнү үйлөнтүп коюшту когда (девушка и парень) достигли совершеннолетия, родители их поженили.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
адаб. Эки жаштын баш кошуу, кызды узатуу, тосуп алуу салтына байланышкан элдик ырлар. Кыз узатуу кезинде жеңесинин ыры: Ичигим чечип кийишкен, Ичтейим ачып сүйлөшкөн. Көйнөгүм ачып кийишкен, Көңүлүм ачып сүйлөшкөн. Көйнөгүң калды иргеде, Көңүлүм жаман бирге эле... (Элдик ырдан).