Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Отту үйлө деген учурдагы үйлө сөзү үй+ лө бөлүктөрүнөн турат. Анын үй уңгусу – үф! деп отту үйлөгөндө чыккан тууранды сөздүн ф тыбышы й тыбышына өткөн түрү. Түркмөн тилинде үфлө (ТРС, 674) болуп айтылган сөз кыргыз тилинде үйлө болуп айтылышы жогоркудай пикирди айтууга негиз боло алат. Көпчүлүк түрк тилдеринде үр сөзү «үйлө» маанисинде айтылат. Ал тилдерде ит үрдү деген учурда үр этиши айтылып, экөө омонимдик катарды түзөт.