ҮЙ БЕТИН КӨРБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Үйгө жолобоо, үйүндө болбоо, көбүнчө үйдөн сырткары жакта болуу. Күн-түн үй бетин көрбөй ат үстүндө чапкылап жүрөт (Укаев). Басмачылардын артынан сая түшкөн атасы үй бетин чанда көрчү (Өмүрбаев). Ал күндүр-түндүр үй бетин көрбөйт (Саатов). В.: Үй бетине жолобоо. Үй бетине жолобой шаардан шаар кыдырып, о далай жыл өттү (Борбиев).