ҮЙРӨН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени (мис, ишти, техниканы ж.б.) билүү, өздөштүрүү, ага машыгуу, көнүгүү. Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Оку, иште, өнөр үйрөн, көптү бил, Ошону күт, эмгек менен таалай тап (Нуркамал). 2. Үйүр болуу, көнүп калуу, таанышып, аралашып кетүү. Канчалык кооз жерлерде жүрбөйүн, чоң шаарларды аралабайын, айлыма келсем өзүм үйрөнгөн жер, үйрөнгөн эл көзүнө ысык, көңүлүмө жакын көрүндү («Ала-Тоо»).