кеп I ир. 1. слово, разговор; кеп сал- или кеп айт- или кеп ур- говорить, заговорить; жип кессең, - узун кес, кеп салсаң,- кыска сал погов. нитку (верёвку) режешь - режь длинно, речь говоришь - говори коротко; кеп айтканда деп айтты или кеп салганда деп салды фольк. (стереотипное выражение в эпосе) когда взговорил, он так сказал; кеп уруш- разговаривать, беседовать, калякать; кеп урушуп олтурдук мы сидели и разговаривали; албан түрдүү кеп айтып, булбул чечен сайрады фольк. говоря на разные лады, пел красноречивый соловей; кептен кеп чыгып слово за слово; бардык кеп ушу, башка сөз жок вот это и всё, больше говорить не о чем; келер-кетер кеп разговор о том о сём; жан кеп душевное слово; эл оозуна кеп болду он стал предметом разговоров; о нём заговорил народ; экинчи бир кептин башын чыгарды он намекнул ещё и на другой вопрос; айткан кептин учуна чык- выполнить своё обещание; кеп же- быть послушным; относиться с уважением к словам другого; кеп жебей эле айтыша берет он спорит и спорит, совершенно не обращая внимания на то, что ему говорят; кеп жебес неслух; несговорчивый; кеп жебес кежир упрямый неслух; кепке кел- соглашаться; соглашаться на уговоры; быть податливым; кепке-сөзгө келбестен: - отур! - деди без всяких разговоров он сказал "садись!"; али кепке келе элек он пока ещё не согласился; кепке да, эпке да келбеди на него ни уговоры, ни доводы не подействовали; 2. суть дела; серьёзный разговор; шылдыңды коюп, кебиңди айт брось шутки, говори серьёзно; кеп жалгыз анда эмес суть не только в том; ооз менен айтуу кеп эмес, кеп кол менен бирдей иштөөчүлүктө говорить (об этом) легко, суть в том, чтобы выполнить (это); душманымды күлдүрдүн, ошонуң жакшы кеп беле? фольк. моего врага ты насмешил (т.е. доставил врагу удовольствие), разве это хорошо? кеп ойло- обдумать, поразмыслить; анда Манас муну ойлоп, албан түрдүү кеп ойлоп фольк. тогда Манас вот это подумав, о многом-многом поразмыслив; оозунан кеби түшкөн (с перепуга) он речи лишился; мында бир кеп бар здесь что-то кроется, это неспроста; мында бир аз кеп бар здесь есть маленькое "но"; кеп мына ошондо в том-то и дело; кеп ошондо экен го! так вот в чём дело-то!; мал кеппи! не в скоте дело!; кеп эмес! чепуха!; жуз жаш да кеп эмес и сто лет (возраст) - не предел; эч кеп эмес ничего особенного, пустяки; мунусу кеп эмес это он зря говорит; болбогон кеп ерунда, чепуха; кепте или кепте-сөздө или кеп-кеңеште жок или кеп-келечте жок (о человеке) он вышел в тираж; никчёмный, никудышный; кеп-кеңештен чыгып кет- или кеп-кеңештен кал- потерять всякий авторитет; ал кепте-сөздө бар с ним считаются; он пользуется авторитетом; кеп айт- или кеп айттыр- склонять (женщину) к сожительству; керүүдөгү талдайсың, кеп айттырсам, кандайсың? кебиме "макул" деп коюп, кечинде барсам, алдайсың фольк. ты подобна иве на склоне горы, ну как тебе моё предложение? на моё предложение ты соглашаешься, а когда я прихожу вечером, ты обманываешь; кеп алып бер- быть посредницей в тайных любовных связях. кеп II 1. форма; одежда; маска; үйдүн кеби жакшы форма юрты хороша; кеби кеткен чөнтөгүнө кол салды он сунул руку в рваный карман; кеп жыгач сапожная колодка; кеп куйгандай келише калды пришлось впору или к лицу; бүркүт кеп или кеп баштык войлочная сумка для пойманной хищной птицы; кеп чач нижняя часть алечек'а (см.; кладётся непосредственно на голову); чач кеп или баш кеп южн. небольшой женский головной платок; кеп сой- снять шкуру чулком; эчкини кеп союп, терисин чанач кылды он снял с козы шкуру чулком и сделал бурдюк; кеп сойдур- понуд. откеп сой-; каралуу кебин кийиптир фольк. она оделась в траурную одежду; кеп дөңгөч пренебр. чурбак, одетый под человека; кеп топу или кеп такыя см.топу, такыя; 2. чучело; жаныбарлардын жана канаттуулардын кептери чучела животных и птиц; бүркүттүн кеби чучело беркута. кеп III усиление к словам, начинающимся на ке; кепкең широкий-широкий; кепкенен просторный-просторный; кепкенедей маленький-маленький, малюсенький; кеңиптир, кепкең жолуңуз фольк. ещё шире стала ваша широкая-широкая дорога. кеп- IV (деепричастие кээп) редко подсохнуть, подвялиться.
Iзат.1. Сөз, сүйлөшүлгөн сөз, айтылган сөз. Кеп көтөрбөй жакшы болбойт, тер көтөрбөй күлүк болбойт (макал).
2. өт. Мандем, себеп, иш. — Баса, мунун иреңинин азып кеткенинде кеп бар (Каимов).
¨ Кепке-сөзгөкелүү — жөнгө келүү; сүйлөшүүгө келүү. Кепке-сөзгө келбестен, Жакып хан чырды баштады («Семетей).
кылуу — ушактоо. Кепсалууже кепуруу — сүйлөө, аңгемелешүү. [Эрке кыз].. жылмайган калыбынан жазбай кеп салды (Байтемиров). Кеп урушуп отурдук.Кепугуу — тил угуу, жеме угуу. Кепэмес — сөз эмес, эч нерсе эмес, арзырлык эмес. Кепжебөө — түшүнбөө, сөзгө, жүйөгө келбөө. Кеп жебеген неме болсо, тыйтактап айтыша берет (Таштемиров).
IIзат.1. Сырткы кебете, калып, форма. Үйдүн кеби жакшы. 2. Кийим, маска. Ак куу кебин кийип алып учат экен ал кызыңыз (Сыдыкбеков). Кайырчы кебин кийген эме, Магазаны сынай карады («САЖИ»).
¨ Кепжыгач — бут кийимдин калыбы. Кептон — таанытпас үчүн башкача кебете берүүчү кийим, форма. Каныкей берген кеп тонду Саралага кийгизди («Манас»). Коңурбайдын кеп тонун Алмамбет алып кийинип («Манас»). Кептакыяк.такыя.
кеп (сөз) кеби суу кечпөө кеби суук кебин эки кылуу кеп же- кеп жебес кепке жыгуу кепке кемтик болуу кеп-келеч кеп-кеңеш кеп-кеңешке алуу кепке сараң кеп-сөз кеп-сөзгө келүү кеп ук- кеп ур- кеп эмес
1. Сөз аркылуу берилген ой-пикир, адамдардын бири-бирине айткан, сүйлөгөн сөздөрү Жарайт, калган кепти өзүм таап айтам (Жантөшев). Так калтырбай алып кал, Таңшыган ширин кебимди (Токтогул). 2. Кимдир бирөөнүн жүрүм-туруму, кылыгы, айыбы ж. б. жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн, белгилүү болгон ой-пикир же ар кандай ушак сөздөр. Элге кеп болгудай эмне айыбым бар эле? («Ала-Тоо»). Мен жөнүндө далай кептер айтыла баштаган экен да! («Чалкан»). Жашоодосуң дейли шаарда бул кезде, Сен тууралуу, маселен, бир кеп кетсе (Сахгами). 3. Элге жаңыдан угулган, оозго алына баштаган кабар, ар кандай жаңылык, имиш-имиш сөздөр. Айыл-апада эмне кеп бар? Ушундай деген кеп бар деңизчи. 4. Иштин, белгилүү бир маселенин ж. б. негизи, түйүнү, өзгөчө көңүл бура турган жөнү, маңызы, себеби. Кеп Мамбеткулдун ордуна башка бирөөнү жылдыра коюуда эмес. Аны менен эле иш бүтө калбайт («Ала-Тоо»). Сугатты бүтөрүн бүттүк, кеп анда эмес. Эмки иштин жөнү эмне болмокчу? («Ала-Тоо»). 5. Мандем, анча белгилүү боло бербеген сыр, себеп. Баса, мунун иреңинин азып кеткенинде кеп бар! (Каимов). 6. Үйлөнүү же көңүл жакын болуу максатында бирөөгө (аялга, кызга) билдирилген сунуш, ой-пикир. «Кыздарга кеп айткыдай боло элек, уулубуз али жаш» деп жүрүп, бир күнү келинчек ала качып келе калганда эмне кылар экенсиң? («Ала-Тоо»). Көрүүдөгү талдайсың, Кеп айттырсам кандайсың? (Барпы). 7. «Кыйын деле эмес», «кыйынчылыгы жок», «оңой эле», «ит бекер» деген мааниде айтылат. Жүз сом сен үчүн кеппи! Бир келген конокко кой союп сыйлап коюш кеп бекен. Эч кандай кыйынчылык кеп эмес.
1. Бир нерсенин сырткы кебетеси, калыбы, түзүлүш формасы. Үйдүн кеби жакшы. Кебин сыйрып алды эле, Кер муруту келишкен, Жигит боло калды эле. 2. Башка бир кебетеде болуу, ошого окшошуу, түспөлдөшүү үчүн кийиле турган бет кап, кийим же ошонун сырт кебетесин билдирген нерсе. Көк серкенин терисин кеп кийип алган Эмил сакалын экчей үңкүрдөн чыга берди (Сыдыкбеков). Кудай бардыр, куу Кыяз, Дуба окуп сен үчүн, Ак куу кебин кийбесем («Сейтек»). 3. Кармалган куштарды салуу үчүн кийизден жасалган баштыкча. Кеп баштык. Бүркүттүн кеби. 4. Канаттуулардын, жаныбарлардын туюк сыйрылып алынган терисинен тирүү кезиндегисине окшотуп жасалган кебете. Улардын кеби. Илбирстин кеби.
шалаш, избушка; там кепе или жер кепе землянка; чөп кепе шалаш из травы, из сена; ат кепе конюшня; уй кепе хлев, коровник; тоок кепе курятник; кепе-сепе шалашик; избёнка.
зат. 1. Кичине, жапыз жаман там, үй. Баштагы кепе азыр жок, Заңкайган тамдар турганы (Осмонкул).
2. Сарай, малкана. Кепеде турган уйга саман таштап коюп, басып кетти (Убукеев). Ат кепе.
1. Адам жашоо үчүн салынган кичинекей, жапыз үй, жер там. Жер кепе. Там кепе. Карапайым кишилер өздөрүнө ылайыктуу жаман-жуман кепелерди өз күчү менен эле куруп алышчу (Абдукаримов). Марфа жеңенин кепесинде Сүлүктүдөгү большевиктер тобунун заседаниеси да өтүп жатты. (Сасыкбаев). Кыштактын четинде жер кепеге окшоп бир үй турат (Баялинов). 2. Мал же үй канаттууларын киргизе турган кичинекей там. Уй кепе. Ат кепе. Тоок кепе.
кеперет I, кеперетип разг. то же, чтокооператив. кеперет II ар.редко искупление, воздаяние; кеперетин чыгарып фольк. уплатив с лихвой, уплатив с надбавкой.
КЕПЕРЕТ (арабча акталуу, төлөп кутулуу) — ислам дининин шарты боюнча орозо кармабай калгандыгы үчүн, ошондой эле жана башкалар күнөөлөрдөн арылуу өтөлгөсүн берүү. Эпосто :
Ааламдын баарын жыйдырып,
Шарыятка сыйдырып.
Кетте кичик ыйгарып
Кеперетин чыгарып (Сагымбай Орозбаков, 3. 54),— деп айтылат.
К. азабын тартуу, кыйноосун көрүү деген маанини да билдирет.
1. Ислам дининде: орозо кармабай калгандык үчүн өтөлгөсүн берүү. 30 күн орозо кармабаса, бир кул азат кылышы керек. 2. Акталуу, төлөп кутулуу. Сүйлөгөн сөзүң алтындай, Кепереттин кантындай («Эл адабияты»). 3. өт. Азабын тартуу, кыйноосун көрүү. Ох, башым сынып калыптыр тим эле. Кечээ ашыкча кетип жиберген экенбиз Бийбаланын үйүндө, аттиң ай, минтип кеперетин тартып каларды да унутуп деп, каракушун сыйпалап, оозун ачып эстенип койду (Касымбеков). Кеперетин чыгарып, Эки жүз миң кой айдап («Манас»).
Кептин жөн-жайын түшүнбөгөн, түшүнгүсү да келбей кежирлик кылган. Кеп жебес кежир неме экен («Ала-Тоо»). Кеп жебеген неме болсо, тыйтактап айтышып берет (Таштемиров). Кеп жебеген адамдын, Жети атасы каапыр деп («Сейтек»). Кеп жебеген кишиге эмне деш керек? (Егиналиев).
Эч бир сөз таасир этпөө, айткан, дегенге макул болбоо, сөзгө түшүнбөө, жүйөөгө келбөө, кежирленип өз билгенин туура дей берүү. Кеп жебеген адамдын, Жети атасы капыр деп («Сейтек»). Кеп жебеген неме болсо керек («Ала-Тоо»). Ал жажалап, кеп жемек түгүл, көз ымдай коюп жатты (Ашымбаев). В.: Сөз жебөө. – Ой, Сарала, сакалыңдай удургубай сөз жесең кантет? – дешсе, Сарала аларга оңой менен моюн берчү эмес (Сыдыкбеков).
Эч бир сөз таасир этпөө, айткан, дегенге макул болбоо, сөзгө түшүнбөө, жүйөөгө келбөө, кежирленип өз билгенин туура дей берүү. Кеп жебеген неме болсо керек («Ала-Тоо»). Кеп жебеген Байгазиевдин чуулгандуу арызын текшерүүгө нечен-нечен кымбат баалуу убакыттар кетти («Советтик Кыргызстан»). Ал жажалап, кеп жемек түгүл, көз ымдай коюп жатты (Ашымбаев).
Кете, нөкөрү, көкжеке, кепич, өтүк, маасы жана башка бут кийимдерин ултарууда кеп катары колдонулуучу үлгү. Чеберлер аны арчадан, кара жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө жасашат. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша ар кандай өлчөмдө жонулат. Азыр өтүк, маасыдан башкаларды ултаруу аракеттери калып баратат, элдик форма катары бут кийимдердин түркүмүн көбөйтүү үчүн жогорудагыдай үлгүлөрдү кайрадан жаныртып кармоо чеберлердин асыл милдети болуп саналат.
Бут кийим (кепич, өтүк, маасы) ултаарыганда кеп катары колдонулуучу арчадан кара жыгачтан, кайыңдан ж.б катуу жыгачтардан бут түспөлүндө жасалган калып. Жакында кеп жыгач колума тиет (Касымбеков).
ар. 1. ручательство, порука; кепил ал- или кепилге ал- брать на поруки; анын кепилин алам я за него ручаюсь; ителги салба, кепил алба погов. не охоться с балабаном, не бери на поруки; 2. поручитель; кепил бол- поручиться, стать поручителем; дооң жок болсо, кепил бол погов. порука - вперёд наука (букв. если у тебя нет тяжбы, так поручись); кепилдин кепини күйөт погов. поручителю добра не видать (букв. у ручателя саван сгорит); 3. прокладка между сшиваемыми полосами (кожи).
Iзат. Бирөөнүн милдетин алуучулук, танып же убадасын бузуп кетсе, ошол киши үчүн жооп берүүчү киши. Жаман кепил жанынан тартат (макал). Ителги салба, кепил алба (макал). Токтогул качпайт, биз кепилге алалы (Бөкөнбаев). Дооң жок болсо, кепил бол (макал).
КЕПИЛIIзат.1. Беттештирип тигиле турган тигиштин ортосуна коюлуучу тилке.
2. Кошумча, улама, жалгама нерсе. Бетине кызыл боёк жаап, мурдунун үстүнө кепил койгон.. маскарапоз куудулданып сүйлөп жатты (Таштемиров).
КЕПИЛ – кепилдик берүүчү; кандайдыр бир нерсеге кепилдик берген мамлекет, мекеме же жак. Кепилдик берүү келишими боюнча, К. башка бирөөнүн өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарышы тууралуу карызкор менен бирдикте кредитордун алдында жоопкерчилигин алат. К-дин кепилдик милдеттенмеси менен камсыз болгон карызкор өз милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, эгер кепилдик келишиминде К-дин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаган болсо, К. менен карызкор кредитор алдында бирдей жоопкерчилик тартат.
Бирөөнүн милдетин алуучу, убадасын бузган, танган киши үчүн жооп берүүчү. Култайдын колунан келбестигине мына бу отурган ак сакалдар кепил боло алышат (Абдукаримов). Кепил болуп теминген, Улардан козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Дооң жок болсо, кепил бол (макал).
1. Беттештирип тигилүүчү тигиштин ортосуна коюлуучу ичке тилке. 2. Улама, жалгама, үстүнө жабыштырып, жалгап коюлган нерсе. Мурдунун үстүнө кепил койгон маскарапоз куудулданып сүйлөп жатат (Таштемиров).
КЕПИЛДИК – милдеттенмени камсыз кылуу ыкмаларынын бири. К. келишими боюнча кепил башка жактын кредиторунун алдында анын милдеттенмесин (толук же бир бөлүгүндө) аткаруусу үчүн жооп берет. КР жарандык мыйзамына ылайык К. келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек. Карызкордун камсыз болунган К. милдеттенмесин аткарбай же талаптагыдай эмес аткарган учурда ал жана анын кепили, эгер мыйзамда же К. келишиминде кепилдин биргелешкен жоопкерчилиги каралбаса, кредитордун алдында ортоктошуп жооп беришет. Эгер К. келишиминде башка жагдай каралбаса, кепил кредиторго пайыздарды, сот чыгымдарын, карызды өндүрүп алуу боюнча кредитор тарткан башка чыгымдарды төлөөнү кошуп алганда карызкордой эле көлөмдө жооп берет; биргелешип К. берген жактар кредитордун алдында ортоктош жоопкерчилик тартышат. Кепил, эгер К. келишиминде башка жагдай каралбаса, карызкор билдириши мүмкүн болгон далилдерди кредитордун талаптарына каршы келтирүүгө акылуу. Карызкор бул далилдерден баш тарткан же карызын мойнуна алган учурда деле кепил аларды келтирүү укугун жоготпойт. Кредитордун ушул милдеттенме боюнча жана күрөө кармоого байланышкан укуктары милдеттенмени аткарган кепилге өтөт.
КЕПИЛДИК – 1) жарандык укукта карызкордун кредитор алдындагы милдеттенмесин толук же талаптагыдай аткаруусуна кайсы бир адамдын жоопкерчилиги (толук же жарым-жартылай) тууралуу мыйзамда же келишимде каралган милдеттенме (кара: м.: Банк кепилдиги); 2) кандайдыр бир мөөнөткө чейин колдонуу максатына төп болуу үчүн товардын материалдык кемчиликтерине сатуучунун мыйзамда каралган милдеттенмеси. Товардын сапат К-и анын баардык бөлүгүнө (куралуучу буюм) бирдей тийешелүү (кара:Кепилдик мөөнөт).
КЕПИЛДИК ВЕКСЕЛЬ – анда көрсөтүлгөн сумманы вексель берүүчү вексель кармоочудан албай туруп эле, чарбачылык бүтүмдөрүн камсыз кылуу үчүн берилген вексель. Эгер вексель берүүчү алардын ортосундагы башка милдеттенмелерди жарытып аткарбаган учурда гана, биринчи вексель алуучу К. в-дин негизинде өндүрүп алууга акылуу.
КЕПИЛДИК МӨӨНӨТ – жарандык укуктагы соодалашуу келишими боюнча товар сапаты талапка жооп бере турган, ал эми аткаруу жана тейлөө иштеринде жарамдуулук касиетин жоготпой турган мезгил аралыгы. К. м. кардарга товарды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) берген учурдан башталат жана ал узак мөөнөткө колдонулуучу же сакталуучу товарларга коюлат. К. м-түн өтүшү менен, товардын, жумуштун, тейлөөнүн кемчил жактарын табуу, товардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) кемчил жактарын толтуруп берүү талаптарын орундоо боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдеттенмелери (жалпы эреже боюнча) токтотулат.
КЕПИЛДИК ТӨЛӨМ – КР эмгек мыйзамдары боюнча жумушчулар өз жумушунан мыйзамда каралган себептер менен убактылуу ажыратылган учурларда өз жумушчуларына ишкана тарабынан төлөнүп бериле турган каражат: мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарганда; ар жылдагы өргүүлөр; милдеттүү медициналык текшерүү; кан тапшыруу милдетин аткарганда; бала багуу үчүн кошумча танапис; ойлоп табуу жана сарамжал сунуштарын киргизгенде; жумушчуга байланыштуу болбогон иш токтоолору. Ошондой эле, К. т-гө бошонуу жөлөкпулу менен ишке аргасыз чыкпаган күндөр үчүн төлөмдөр да кирет.
КЕПИЛДИК ФОНД – 1) эсептик палата мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлө турган биржа фонду. К. ф-дун өлчөмү уюмдардын саны менен аткарымдардын көлөмүнө жараша болот. К. ф. банкта сакталат жана эсептик палата директорлорунун атайын улуксатысыз алынбайт; 2) жеке жана юридикалык жактарды зыянга учуратуучу аракеттердин натыйжасында тарткан зыян ордун толтуруу үчүн милдеттүү түрдө түзүлгөн фонд.
КЕПИЛДИК ШЕРТПУЛ – ар жолку биржа келишимин түзүүдө кардардын каржы милдеттенмелеринин кепилдиги түрүндө эсептик палатага биржа мүчөлөрү тарабынан төгүлүүчү биржадагы акча өлчөмү. Ал баштапкы (депозит ) жана өзгөрүлмө (маржа) К. ш-у болуп өзара бөлүнөт.
КЕПИЛКАТ – жарандык укукта кепил (кепилдикке өтүүчү) кандайдыр бир милдеттенме алган документ. Ал милдеттенмелер К-та эскертилген шартта аткарылууга тийиш.
ар. саван; бекеринен кепин табылса, өлмөк керек погов. если попался даровой саван, нужно умирать; кепиниңди жегир! или кепиниңди жалмагыр! или кепин буюрбай өл! чтоб тебе ни дна, ни покрышки! (букв. сгори твой саван!).
Каза болгон адамдын сөөгүн мүрзөгө алып чыгарда орой турган ак мата кездеме. Бекерден кепин табылса, өлмөк керек (лакап). Күн эрте бешим кезде кепинге алып, табытка салып он чакты, адам Дарыяхандын сөөгүн көтөрүп жөнөп калышты (Жантөшев).
одеть в саван, надеть саван (на покойника); ал этти кепиндеп жейт шутл. мясо он ест с тестом (заворачивая кусочки варёного мяса в варёные лепёшки; выражение это сохранилось от тех времён, когда продукты земледелия ещё были слабо распространены среди киргизов).
Каза болгон адамдын сөөгүн кепинге ороо, кепинге салуу. Ак кепиндеп, аруу жууп, Көмөр кишим болсочу («Курманбек»). Ажалым жетип мен өлсөм, Ак кепиндеп көмгүлө (Үсөнбаев).
Калп айтпа, жалган сүйлөбө, жаныңды жебе деген сыяктуу (көбүнчө наалат айтуу, нараазы болуу) кагуу иретинде колдонулат. Кепиниңди жебе, кудай аткыр, минтсең ишиң оңолбойт («Чалкан»).
Калп айтпа, жалган сүйлөбө, жанынды жебе деген сыяктуу (көбүнчө наалат айтуу, нааразы болуу) кагуу иретинде колдонулат. Кепиниңди жебе, кудай аткыр, минтсең ишиң оңолбойт («Чалкан»).
Өлгөнүндө да жакшылык көрбөгүр деген ой менен (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат). Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой үйүңдө адал өл (Жоошбаев).
Өлгөнүңдө да жакшылык көрбөгүр (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат). Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой үйүңдө адал өл (Жоошбаев). В.: Кепиниңди жалмагыр! Кепиниңди жалмагыр, көзүмө көрүнбөй жогол! («Ала-Тоо»). Кепиниң өрттөнгүр! Кепиниң өрттөнгүр! Кантип кара санады?! («Ала-Тоо»). Кепиниң күйгүр! Кепиниң күйгүр! Карыганда буга эмне жетпейт?! («Ала-Тоо»).
зат. Булгаарыдан колго ултарылган галош сыяктуу бут кийим. Анархан кепичин коңултак кийип сыртка чыкты (Жантөшев).Эне босогодогу кепичин бутуна илди да, каалганы ачты («Ала-Тоо»).
кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы кургагандан кийин эки жыгачтын ортосуна салып, жанчып жумшартат да, бирдей таралып, тигилүүчү буюмга жараша жоон же ичке чыйратыла эшилет. Кээде буюмду тигүүдө тарамышка төөнүн чуудасы кошулат. Кийимдин апкыты катуу болсун үчүн арасына жука жыгач салынат. Таманы анча бийик эмес өкчөсү жыгач мык менен ич таманга бекитилет. Өтүкчүлөр кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып да ултарышкан. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кепичтери шири жана көн буюмдары сыяктуу ар кандай оюм-чийим менен кооздолгон. Кепич өтө бышык бут кийим болуп саналат.
Маңдайында калканычы бар баш кийим. Миргүл да кепкасын өйдө көтөрүп коюп, кепке аралашты («Агым»). Те-тигинде бир чал турат. Кара драп кепкасы колунда (Байтемиров).
Каяша айтуу, айтыша кетүү, жооп берүү, сөзгө аралашуу. Ал эч качан кеп кайрып көргөн жан эмес экен. Мен сизге биринчи жолу кеп кайрыдым («Фрунзе шамы»).
Каяша айтуу, айтыша кетүү, жооп берүү, сөзгө аралашуу. Уланбек ата-энесинин көңүлүн оорутуп, эч качан кеп кайрыбады («Адабий Ала-Тоо»). В.: Сөз кайруу. Улуу адамдарга сөз кайрыган болбойт.
Сөзгө калтыруу, уят кылуу, жаман абалга жеткирүү. Бирин-бири кепке жыгууга, кийинки муундарга кулкү кылууга өтүшөт (Осмоналиев). Манаттын кытмыр жоругун ачуу менен, баамдай албаган шордуу мергенчи Адыкени жүйөөлүү кепке жыгам менен чечен тилге салып маселдете берди (Сыдыкбеков).
Сөзгө калтыруу, уят кылуу, жаман абалга жеткирүү. Бирин-бири кепке жыгууга, кийинки муундарга күлкү кылууга өтүшөт (Осмоналиев). Манаттын кытмыр жоругун ачуу менен, баамдай албаган шордуу мергенчи Адыкени жүйөөлүү кепке жыгам менен... чечен тилге салып маселдете берди (Сыдыкбеков).
Сөзгө сынуу, абдан уят болуу, сөз кайыра албай жаман абалда калуу. Меймандын атын сойгон да болмок беле Таке? Кепке кемтик болуп калабыз, Таке..., - деп ийгермекчи болду (Касымбеков).
Сөзгө сынуу, абдан уят болуу, сөз кайыра албай жаман абалда калуу. Меймандын атын сойгон да болмок беле Таке? Кепке кемтик болуп калабыз, Таке..., – деп ийгермекчи болду (Касымбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуу. Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Алыбаев).
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласың («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылуу. Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов). В.: Кепке сындыруу. Батыйна өзүн кордогон кызды кепке сындыргысы келет (Сыдыкбеков). Аны айыл аксакалдары кепке сындырып, бир чети ага өкүмдүк көрсөтүп, тентекти теске салып коюшмак (Сыдыкбеков).
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласын. («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков).
к. КЕПКЕ КЕМТИК БОЛУУ
Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Мидин Алыбаев).
к. КЕПКЕ КЕМТИК КЫЛУУ
Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов).
Жөнгө келүү, жөн-жайды угуу, шаштырбоо, аламандатпоо. Кепке-сөзгө келбеген. Кежир болду жанбакты (Тоголок Молдо). Кепке-сөзгө келбестен, Жакып кан чырды баштады («Манас»). В.: Кепке келүү. Анын кепке келчү түрү жок, жадаганда кете бердик («Ленинчил жаш»).
к. КЕПКЕ КЕМТИК КЫЛУУ
Батыйна өзүн кордогон кызды кепке сындыргысы келет (Сыдыкбеков). Аны айыл аксакалдары кепке сындырып, бир чети ага өкүмдүк көрсөтүп, тентекти теске салып коюшмак (Сыдыкбеков).
ир. 1. ист. вознаграждение местной администрации зерном с тока (своеобразный вид поборов); 2. этн. подарок зерном с тока (во время молотьбы к току мог подойти каждый и попросить немного зерна; отказывать было не принято).
эск. Кырманчылар тарабынан сураган кишилерге берилген эгин. Сурап кепсен алам деп, Кызыкпа кедей тегинге («Жазгыч акындар»). «Аккула» деп кепсенди, Арбын берген мол кылып (Тоголок Молдо).
«Калем тарткан сыядай, Кашынды бирпас ырдайын, Кеп такыя жарашкан, Башыңды бирпас ырдайын» (Эл ыры). Бул — ургаачылардын баш кийими. Ал башка ылайыкталып, элечектин четинен этеги чыгып калбагыдай бийиктикте ак жердиктен шырылып жасалат. Аялдар мойну талыганда элечегин алып, жеңил-желпи кеп такыясы менен жүрө берет. Ал элечекти алууну жана кайра аны кийүүнү жеңилдетет. Элечекти терден сактап, шырылган ак болотнай чыккан терди сиңирип алат. Ошондо элечек сарала болбойт, бат-бат жуулбайт, өңү өчпөйт. Кеп такыяны кийүүдө аймактык айырмачылыктар бар. Күйөөгө аттанаарда кызга кийгизүүчү кеп такыянын эки жагындагы кызыл жердикке сайма көчөттөрү айрыкча «терс кайык» саймасы менен так жана өтө майда берилет. Анын ажарын «ала мончоктолушу» ачып турат. Түштүк Кыргызстандын Алай, Совет, Ноокат тарабында жашаган уздардын жасаган кептакыялары баш кийимдин даана үлгүсүн түзөт. Мында кептакыянын жаак учтарындагы тор чачыктарына шуру, каухар жана башка асыл таштардан «акак мончоктолот», «коңгуроо» дечү кулакчындын учтарынын жээктерине зер тартылат жана берметтелет. Кийимдин маңдайы сөзсүз «кыргакталат» да, кийимдин «куйрулчулугуна» (чач жапкычына) өзүнчө «жээк» түшөт. Анын учтары тор чачыкталат жана шуруланат. Кийим жердиги, ага түшүрүлгөн көркөм көчөттөрүнүн түрлөрү, боегу жер бөтөнчөлүктөрүнө карабай, бири-бирине айкашып жана үндөшүп турат. Мындан эки кулакчындан төмөн карай эки жаакта 16— 18 тал түрдүү шурулар төгүлүп, мунун төрт-беш жеринен төрт бурчтуу жалпак тактачаларга күмүш тоголокчолор илиштирилип, шурулар менен бириктирилип турат. Ал зер тактачаларга «чапкылоо» («иш түшүрүү»), «сыялоо» (зооткерлөө) жана «сирке төгүү» (таруулатуу) өңдүү көркөм зергерчиликтин бүтүндөй ыкмалары колдонулат. Анын чокторунун сабактары дүйүн гүлдөр байчечек сыяктанып өтө кылдат кармалат. Жаак мончокторунун учуна жарым тегерекче муунактуу-муунактуу күбөктөр биригип, андан барпайган төкмө чачылар чыгат. Ал эми кептакыянын тор чачыланган саймалуу куйрулчугунун учундагы «чаян түйүшкө» сүйрү жана жарым тоголок күбөктөр «төкмө чачылана» түшөт. Кептакыянын шөкөттөрү менен саймалары ар кыл, түрдүү түстө майда болот. Зер менен кездемеге түшкөн көркөмдүктөр ич ара ширелишип, буюм шаңдуулукту жана асемдүүлүктү тартуулап турат. Кептакыя кулакчындарынан кудум уштуктай шуруланган, зери бар төрт-үч бурчтуу үч канат төгүлүп чыгат. Алардын аралары бөлөк зер шөкөттөрү менен кооздолот да, учтары тегерек, сүйрү зер же кол чачыктары төгүлөт. Кептакыянын куйрулчугу сайма аркылуу өтө кооз болот. Анын чачыктарына күмүш зымчалар оролот да, «карга тырмак», «байчечек» өңдүү көркөм көчөттөр «илме сайма» менен сайылат. Мында кызыл өң үстөмдүк кылат. Албетте, сайма өнөрүндө бир көчөт көңүлдүн борборуна алынат да, калган кооздуктар ага жардамчы көчөттүк милдетти аткарат.
1. Бир нерсенин сыртына керип-чоюп каптоо, каптап кийгизүү. Кемпирдин бутунда кийиз байпак, анысына тумшугу бырышкан айрык кепичти кептеп алыптыр (Касымбеков). 2. Шыкап, тыгындап коюу, шыкап бекитүү. Ийиндин оозуна кийиз кептеп коюп, төрүнө жакын жерин кетмендеп казып кирдик («Ала-Тоо»).
возвр.-страд. откепте- напяливаться; быть втиснутым, втиснуться; быть стиснутым, стиснуться; эшикке кептелип калды он втиснулся в дверь (и застрял); тамагына катуу бир нерсе кептелип калгансып как будто в горле у него застряло что-то твёрдое; жүрөгү алкымына кептелди (от страха) у него душа в пятки ушла (букв. сердце в горле застряло).
1. кепте этишинин туюк мамилеси. 2. Туш келүү, кабылуу, кутулууга мүмкүн болбой калуу. Кайдагы балакет немеге кептелип калдым эле! («Чалкан»). Бул ишке кептелериңди билсең, мурдатан эле бир айласын таап коёр элең го, билбей калып шоруң каткан тура («Ала-Тоо»).
кептеш I горная ложбина (то же, чтосалаа, но глубже и с отвесными берегами, заканчивающаяся тупиком); кептешке барып такалды он зашёл в горную ложбину и упёрся (дальше хода нет). кептеш- II взаимн. откепте- тискать друг друга; совместно протискиваться (напр. в узкую дверь). кептеш- III разговаривать, беседовать.
Iзат. Эки тарабы кууш, тар кокту, колот. Тиги кептештеги жалгыз аяк жаман жолунан башка эч кандай жол жок (Жантөшев). Тушамдагы кептеш эки тарабы абдан кууш (Жантөшев).
КЕПТЕШIIэтиш. Сүйлөшүү.
КЕПТЕШ — топоним. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келатып, Иле суунун боюнда көч токтотуп, жети күн жатып эл жыйнап, үч күнү жыйын куруп, кепти ортого салып кеңеш кылып, алышар душман көп, кароолду катуу коюп, жоону бирге жоолойлу: «Ордолу шайык көк жөкөр, Орчун Кокон, Маргалаң. Аягы Кептеш, Самаркан, Күн чыгыш жагы Алты-Шаар, Өзүңдү күтүп келет деп» (Курама варианты, 1. 107),— Кошойдун айткан сөзүндө айтылат.
Эки жагы кууш, аскалуу тар кокту, колот. Чоң-Кеминдин кептеши, Эки тоонун беттеши («Жазгыч акындар»). Тиги кептештеги жалгыз аяк жаман жолунан башка эч кандай жол жок (Жантөшев).
Сүйлөшүү, кеп салышуу. Ээ, кокуй, кыздын өзү менен кептешкен жок белең («Ала-Тоо»). Жылдыз окуусун чет өлкөдө улантуусун ата-энеси менен кептешип чечти («Эркин Тоо»).
Тамак оорусунун бир түрү. Үндөрү кардыкканча, кептөөрү кармаганча кыйкырышат (Бөлөкбаев). «КДС» вакцинасы көк жөтөлдөн, кептөөрдөн сактайт («Ден соолук»).
кептүү I стройный, хорошего сложения; хорошей формы; кептүү кийим платье хорошего покроя и впору; кызыл түлкүдөн кептүү тигилген тебетей аккуратно сшитая шапка из меха красной лисицы; кептүү тартылып чоң оролгон элечек аккуратно стянутый большой тюрбан (см.элечек); кептүү күлүк стройный скакун. кептүү II речистый; бал кептүү медоточивый, сладкоречивый.
сын. Жарашыктуу, чак, жакшы, келишимдүү, сымбаттуу (жакшы тигилген кийим жөнүндө). Жумушчулар.. кооз., бышык жана кептүү бут кийимдер иштеп чыгарууга милдеттеништи (Сасыкбаев).
Жарашыктуу, келишимдүү, кеби менен, бойго чак. Өзүңүзгө өлчөп тигилгендей, тим эле кептүү («Ала-Тоо»). Кыздын башында кырбуусу орто жазылыкта кептүү тигилген кундуз тебетей (Сыдыкбеков).
1. жевать жвачку; 2. перен. говорить одно и то же, повторяться, переливать из пустого в порожнее; адатынча кепшей баштады он начал свою обычную говорильню.
Бул сөз кеп+ше бөлүктөрүнөн турат. Анын кеп уңгусу байыркы түрк тилинде кеб түрүндө келип, «кепше» маанисин берген (ДТС, 304). Байыркы түрк тилинде кеп сөзү синкретизмдик формада болуп, «кепшеле турган нерсе» маанисин бериши да мүмкүн. Байыркы түрк тилинде этиштен этиш жасоочу -ша мүчөсү болгону белгисиз, андай мүчө зат атоочтон этиш жасайт. Алсак, какша этиши как+ша бөлүктөрүнөн турат, анын как дегени – атооч сөз. Ошондуктан кеп сөзүнө -ша мүчөсү жалганып, кепше этиши келип чыгышы ыктымал.
1. Жуткан чөбүн кулгуп, кайра майдалап чайноо (кепшөөчү жаныбарларга карата). Эки үйдүн аралыгында кепшеп үч улактуу эчки жатат (Жантөшев). Чоң тойгон койлордун кепшегени болбосо, айлана жымжырт (Убукеев). 2. өт. Обу жок көп сүйлөө, маңыздануу. Эмнени айтып кепшеп отурасың? (Турусбеков).
(кепшердөө) — «Курама темир курч болот» (Макал). Бул — чорт сынган темир буюмдарын карматуу. Усталар кепшер жасоодо бири-биринен ич ара айырмалары болот. Алсак, болжолдоо, күмүштөн эки эсе, ыроодон (цинктен) бир эсе, же анын ордуна жезден кошуп, өгөөлөп аларды аралаштырып, уютуп алат. Аны пайдаланаарда четинен кетип, кайра өгөөлөп майдалап, ага ак данакерди (бураны) кошуп, оттун табына кармайт. Муну менен тең бөлүнгөн темир-тезектер жиксиз ширетилет. Металл башка жеринен чорт кетсе да экинчи жолу ал жеринен түк сынган эмес.
кепшир I ир.сев. непонятливый, бестолковый; кеп түшунбөгөн кепшир неме он какой-то бестолковый, не понимает того, что ему говорят. кепшир II то же, чтокешпир II; кебете-кепширин көрсөтсүн пусть нам покажут его самого.