КЕПЕРЕТ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КЕПЕРЕТ (арабча акталуу, төлөп кутулуу) — ислам дининин шарты боюнча орозо кармабай калгандыгы үчүн, ошондой эле жана башкалар күнөөлөрдөн арылуу өтөлгөсүн берүү. Эпосто :
Ааламдын баарын жыйдырып,
Шарыятка сыйдырып.
Кетте кичик ыйгарып
Кеперетин чыгарып (Сагымбай Орозбаков, 3. 54),— деп айтылат.
К. азабын тартуу, кыйноосун көрүү деген маанини да билдирет.
Ааламдын баарын жыйдырып,
Шарыятка сыйдырып.
Кетте кичик ыйгарып
Кеперетин чыгарып (Сагымбай Орозбаков, 3. 54),— деп айтылат.
К. азабын тартуу, кыйноосун көрүү деген маанини да билдирет.