КЕПТЕШ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КЕПТЕШ — топоним. Кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келатып, Иле суунун боюнда көч токтотуп, жети күн жатып эл жыйнап, үч күнү жыйын куруп, кепти ортого салып кеңеш кылып, алышар душман көп, кароолду катуу коюп, жоону бирге жоолойлу: «Ордолу шайык көк жөкөр, Орчун Кокон, Маргалаң. Аягы Кептеш, Самаркан, Күн чыгыш жагы Алты-Шаар, Өзүңдү күтүп келет деп» (Курама варианты, 1. 107),— Кошойдун айткан сөзүндө айтылат.