Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласың («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылуу. Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов). В.: Кепке сындыруу. Батыйна өзүн кордогон кызды кепке сындыргысы келет (Сыдыкбеков). Аны айыл аксакалдары кепке сындырып, бир чети ага өкүмдүк көрсөтүп, тентекти теске салып коюшмак (Сыдыкбеков).