Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч бир сөз таасир этпөө, айткан, дегенге макул болбоо, сөзгө түшүнбөө, жүйөөгө келбөө, кежирленип өз билгенин туура дей берүү. Кеп жебеген адамдын, Жети атасы капыр деп («Сейтек»). Кеп жебеген неме болсо керек («Ала-Тоо»). Ал жажалап, кеп жемек түгүл, көз ымдай коюп жатты (Ашымбаев). В.: Сөз жебөө. – Ой, Сарала, сакалыңдай удургубай сөз жесең кантет? – дешсе, Сарала аларга оңой менен моюн берчү эмес (Сыдыкбеков).