КЕПИН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каза болгон адамдын сөөгүн мүрзөгө алып чыгарда орой турган ак мата кездеме. Бекерден кепин табылса, өлмөк керек (лакап). Күн эрте бешим кезде кепинге алып, табытка салып он чакты, адам Дарыяхандын сөөгүн көтөрүп жөнөп калышты (Жантөшев).