ар.
саван;
бекеринен кепин табылса, өлмөк керек погов. если попался даровой саван, нужно умирать;
кепиниңди жегир! или кепиниңди жалмагыр! или кепин буюрбай өл! чтоб тебе ни дна, ни покрышки! (букв. сгори твой саван!).
зат. Өлгөн адамды ороочу материал. Дарыкер чалды ак кепинге салып, жакшылап ороп көмдү («Жомоктор»).
кепин (кемин эмес), ке пинге
кепиниңди жегир!
Каза болгон адамдын сөөгүн мүрзөгө алып чыгарда орой турган ак мата кездеме. Бекерден кепин табылса, өлмөк керек (лакап). Күн эрте бешим кезде кепинге алып, табытка салып он чакты, адам Дарыяхандын сөөгүн көтөрүп жөнөп калышты (Жантөшев).
этиш. Өлгөн адамды кепинге ороо, кепинге салуу. Ажалым жетип мен өлсөм, ак кепиндеп көмгүлө (Үсөнбаев). Энемди өзү жууп, ак кепиндеди (Жантөшев).
одеть в саван, надеть саван (на покойника);
ал этти кепиндеп жейт шутл. мясо он ест с тестом (заворачивая кусочки варёного мяса в варёные лепёшки; выражение это сохранилось от тех времён, когда продукты земледелия ещё были слабо распространены среди киргизов).
Каза болгон адамдын сөөгүн кепинге ороо, кепинге салуу. Ак кепиндеп, аруу жууп, Көмөр кишим болсочу («Курманбек»). Ажалым жетип мен өлсөм, Ак кепиндеп көмгүлө (Үсөнбаев).
кепинде этишинин туюк мамилеси.
кепинде этишинин аркылуу мамилеси.
кепинде этишинин аркылуу мамилеси.
взаимн. от кепинде-
помогать завёртывать (покойника) в саван.
кепинде этишинин кыймыл атоочу.
кепинде этишинин кыймыл атоочу.
Калп айтпа, жалган сүйлөбө, жаныңды жебе деген сыяктуу (көбүнчө наалат айтуу, нараазы болуу) кагуу иретинде колдонулат. Кепиниңди жебе, кудай аткыр, минтсең ишиң оңолбойт («Чалкан»).
Калп айтпа, жалган сүйлөбө, жанынды жебе деген сыяктуу (көбүнчө наалат айтуу, нааразы болуу) кагуу иретинде колдонулат. Кепиниңди жебе, кудай аткыр, минтсең ишиң оңолбойт («Чалкан»).
Өлгөнүндө да жакшылык көрбөгүр деген ой менен (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат). Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой үйүңдө адал өл (Жоошбаев).
Өлгөнүңдө да жакшылык көрбөгүр (көбүнчө улгайган адамдарга карата каргоо, наалат айтуу маанисинде колдонулат). Кепиниңди жегир, ит-кушка жем болбой үйүңдө адал өл (Жоошбаев). В.: Кепиниңди жалмагыр! Кепиниңди жалмагыр, көзүмө көрүнбөй жогол! («Ала-Тоо»). Кепиниң өрттөнгүр! Кепиниң өрттөнгүр! Кантип кара санады?! («Ала-Тоо»). Кепиниң күйгүр! Кепиниң күйгүр! Карыганда буга эмне жетпейт?! («Ала-Тоо»).
к.
КЕПИНИҢДИ ЖЕГИР
Кепиниң күйгүр! Карыганда буга эмне жетпейт?! («Ала-Тоо»).
без савана;
кепинсиз ташта- бросить без погребения (букв. без савана).